Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Университет имараты кайрадан талашка түштү


Борбор Азиядагы Америка университети.
Борбор Азиядагы Америка университети.

Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин имараты башка жакка көчүрүлгөнү жатат. Өкмөт бошогон имаратка Жогорку Сотту жайгаштырууну пландоодо.

Ал эми аталган университеттин жетекчилиги бийлик чет өлкөлүк окуу жайларга бирдей мамиле кылбайт деп нааразылыгын билдирүүдө.

Борбор Азиядагы Америка университети өкмөт үйүнүн жанындагы имараттан башка жакка көчүрүлөрү өткөн аптада белгилүү болгон эле. Бул тууралуу Бишкектеги сот реформасы боюнча кеңеш жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирип, аталган имаратка Жогорку Сотту көчүрүү пландалып жатканын кабарлаган. Өлкө башчынын бул сөзүнөн соң Борбор Азиядагы Америка университети имараттан көчүүгө даярдана баштады. Окуу жайдын президенти Эндрю Вахтел жергиликтүү маалымат каражаттарына сүйлөп жатып, кыргыз өкмөтүнүн бул университетке кылган мамилесине нааразылыгын билдирген:

- Бул жерде маселе бизге болгон мамиледе. Эгер сен бул жерде кимдир бирөөнү чакырсаң, өз эркиң менен макул болгонсуң. Бирок азыр өз пикириңди өзгөртсөң,“жигиттер кечирип койгула, мурун башка президент, башка учур болчу, азыр абал өзгөрдү, келгиле, силерди башка жакка көчүрүүнү ойлонолу. Силерге кандай вариант жеңил" деп бир ооз сураса болмок. Бирок өкмөт андай кылган жок.

Эндрю Вахтел
Эндрю Вахтел

Эндрю Вахтелдин айтымында, окуу жай буга чейин Бишкектин түштүк райондорунда студенттер үчүн кампус куруп баштаган. Анын курулушу 2015-жылдын жаз айларында бүтсө, окуу жайды көчүрүү мерчемделип жаткан. Бирок мамлекет кампусту курууга көмөктөшкөн эмес. Окуу жай жер тилкени 49 жылга ижарага алып, 1 миллион 300 миң доллардан ашык акы төлөгөн. Ошол эле учурда окуу жайдын жетекчиси өлкөдө жайгашкан эл аралык университеттерге бир катар жеңилдиктер каралганына көңүл буруп, буга студенттик шаарча куруу үчүн акысыз бир нече гектар жер берилген Кыргыз-түрк “Манас” университетин мисал келтирген.

Ал эми өкмөт алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон аталган имарат мамлекет менчиги экенин билдирип, мурунку бийликтер аны окуу жайга туура эмес берилгенин билдиришти. Фонддун төрагасы Дүйшөн Ирсалиевдин айтымында, учурда бул имарат фонддун балансынан президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди:

- Бул имарат мамлекетке караштуу. Болгондо да борборубуздун ортосунда жайгашкан. Эми Аскар Акаевдин убагында 30 жылдык мөөнөткө ижарага берилип кетиптир. Азыр бул маселе чечилип жатат. Биз аны өзүбүздүн балансыбызга алып, президент жана өкмөттүн иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Ал эми Америка университети өзүнө имарат куруп жатыптыр, аны кийинки жылдын жазында бүтүрсө бошотуп берет деп үмүттөнөбүз.

Бул имараттын айланасындагы алгачкы талкуу эмес. 2012-жылы өкмөт окуу жайдан имарат үчүн ижара акысын төлөөнү талап кылган. Анда университет жетекчилиги учурунда кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, окуу жай мындай төлөмдөн бошотулганын жана бул келишим дагы эле күчүндө экенин билдирген. Андан мурун Америка университетинин тарыхый мааниси бар имаратка жайгашуусу ар кандай сын-пикирлерди жараткан. Айрым депутаттар кыргыз мамлекетинин символу болгон бул имаратта окуу жайдын орун алышы орунсуз деп айтып чыгышкан.

Билим берүү жаатындагы адис Кеңешбек Сайназаровдун көз карашында университетке карата жасалып жаткан мамиле туура эмес. Сапаттуу билим берип, жакшы адистерди даярдап жаткан университетке өкмөт бардык шартты түзүп берүүгө аракет кылышы керек. Орусия менен бирге Славян, Түркия менен бирге “Манас” университетине шаардын борборундагы имараттар берилгенин эске салган Сайназаров өкмөттөн уруксат алып, бул имаратка жайгашып, орун алып калганда аны кетирүү туура эмес экенин айтты:

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

- Негизи аталган университет имарат салып жаткан. Анын үстүнө университет эски аянтта жайгашкандыктан ар кыл митинг, саясий акциялар өткөн учурда окуу процессине жолтоо кылган учурлар болгон. Университет аны да карап жаткан. Бирок мен өкмөттү эл аралык бардык университеттерге бирдей мамиле кылышы керек деген пикирге кошулам. Маселен, ошол эле Кыргыз-орус Славян университети, Кыргыз-түрк “Манас” университетине башка мамиле болуп жатпайбы.

Бишкекте жайгашкан Америка университети 1998-жылы ачылган. Учурда анда 360 киши иштейт. Университетте окуган миңден ашуун студенттин 81 пайызын жергиликтүү жаштар түзөт. Окуу жай өлкөдөгү алдыңкы университеттердин бири катары таанылган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG