Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Абактагы Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начар


Азимжан Аскаровдун портрети.
Азимжан Аскаровдун портрети.

Өмүрүнүн аягына чейин соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун туулган күнүнө карата 18-май күнү “Эгль” уюмунун жетекчиси Чолпон Өмүрканова жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын өкүлү Аида Байжуманова ал жаткан түрмөгө барып, абалынан кабар алышкан.

Ыраңы бозоруп, арыктап кеткен Аскаров алар менен ачык маанайда жолугуп, сүйлөшкүнүн “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунан кабарлашты. Бирок кышында 28 күн катуу ооруп, дээрлик бир ай 38 даражалуу ысытма менен жатканын айткан. Азыр тез-тез башы ооруп, айрым учурларда кайда экенин так эстей албай калып жатканын билдирген.

Укук коргоочулар Аскаров жаткан чакан бөлмөдө кийим-кече, азыктар, сүрөт тартуучу каражаттар, китептер жана англис, араб тилдерин үйрөнө турган колдонмолорду көрүшкөн.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогасы боюнча соттолгон. 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондо улут аралык чатакка жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өзү күнөөсүз экенин айтат. Эл аралык коомчулук да кыргыз бийлигин анын ишин кайра кароого чакырып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG