Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Блейк: Кыргызстандагы демократияны колдоо – АКШнын артыкчылыктуу багыты


Роберт Блейк Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 15-апрели.

Роберт Блейк Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 15-апрели.

Бишкекте ачылган Борбор Азия жана Ооганстандагы аялдардын экономикалык симпозиумуна катышып жаткан АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстандагы былтыркы парламенттик шайлоонун ачык жана адилет өтүшүнө Кошмо Штаттар кандай колдоо көрсөтсө, быйылкы президенттик шайлоонун да ошондой өтүшүнө кызыкдар экенин билдирди.

“Азаттык”: Бишкекте өтүп жаткан “Ийгилик стратегиясы” аттуу эл аралык аялдар симпозиумунун башкы максаты эмнеде?
Кыргызстан – бизнес жана башка тармактарда аялдар көп ийгиликке жетишкен мамлекет катары белгилүү. Ушундай бир катар себептерден улам бул эл аралык жыйын дал Кыргызстанда өтүп жатканына кубанычтабыз.


Роберт Блейк: Эң башкысы – бул жыйын Борбор Азия жана Ооганстандан келген аялдардын башын кошуп, алардын өз ара тажрыйба алмашуусун ишке ашыруу максатын көздөйт. Ошондой эле Бишкекте чогулган аял-лидерлер Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Азиялык өнүгүү банкы, Эл аралык финансы кызматташтыгы, Улуттар уюмунун аялдар мекемеси өңдүү эл аралык институттардын топтогон тажрыйбасын үйрөнүп, бири-бири менен таанышып, келечекте орток бир кызматташтык түйүнүн түзүп, менчик сектордон, өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардан алынган маалыматты салыштырып анализдөөнү үйрөнгөнү да абдан маанилүү.

Бул жыйын Кыргызстанда өтүп жатканына абдан курсантпыз. Анткени бул өлкөдө аялдар маселесинде чоң жылыштар жасалган. Кыргыз парламентинде 120 депутаттын 23ү аялдар, албетте, өлкөнүн президенти көпчүлүккө таанымал Роза Отунбаева, андан сырткары Кыргызстан – бизнес жана башка тармактарда аялдар көп ийгиликке жетишкен мамлекет катары белгилүү. Ушундай бир катар себептерден улам бул эл аралык жыйын дал Кыргызстанда өтүп жатканына кубанычтабыз.

“Азаттык”: Жакында АКШ Ооганстандагы аскерлерин акырындап чыгара баштаарын жарыялады. Ушундан улам ал жактагы америкалык аскерлер чыгарылса, Манас транзиттик борбору да жабылабы деген суроо пайда болууда.

Роберт Блейк: Биз башынан эле Кыргызстандагы транзиттик борбор – убактылуу жай экенин ачык айтып келатабыз. Бул жакта узак мөөнөттүү бир база ачуу дымагыбыз жок. Азыркы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Дал ошол убакка чейин НАТО менен макулдашылгандай, Ооганстандагы коопсуздукту коргоо милдети ооган аскерлерине өткөрүлүп берилиши керек. Манас транзиттик борборунун келечеги туурасында азыр андай-мындай деп жоромол айткым келбейт. Анын баары Ооганстанда коопсуздукту коргоону өткөрүп берүү, араздашкан тараптарды элдештирүү кандай жүрөт – ошого жараша болот.
Биз башынан эле Кыргызстандагы транзиттик борбор – убактылуу жай экенин ачык айтып келатабыз. Бул жакта узак мөөнөттүү бир база ачуу дымагыбыз жок. Азыркы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт.


Биз Кыргызстан өкмөтү Манас транзиттик борборун жайгаштырууга шарт түзүп бергенин абдан жогору баалайбыз. Албетте, андан Кыргызстан өзү да пайда тапты десек туура болор. Транзиттик борбор ар кандай жолдор аркылуу кыргыз экономикасына оор учурда 130 миллион доллар кошумча салды. Ал жерде Кыргызстандын 700дөй жараны иштеп атат. Борбор жергиликтүү коомчулук менен жакшы мамиледе болуш үчүн бир катар гуманитардык акция, жардам уюштуруп келатат. Баарынан башкысы – кыргыз өкмөтү бул борбордун иштешине шарт түзүп бергенине абдан ыраазыбыз.

“Азаттык”: Октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөнү жатат. Шайлоо алдында сырткы күчтөрдүн таасири көбүрөөк сезилет мурдагы шайлоо көргөзгөндөй. Коопсуздук мселеси элдин тынчын алып турган чак. Ушундай шартта Кыргызстандагы демократиялуу, ачык коом түзүү аракеттерине АКШ кандай жардам көргөзө алат?

Роберт Блейк: Бул абдан маанилүү суроо. Кыргызстанда бутак алган демократиялык өнүгүүнү колдоо – биздин Борбор Азиядагы баарынан артыкчылыктуу багытыбыз. Былтыр парламенттик шайлоого абдан кызуу колдоо көргөздүк. Быйылкы шайлоодо да ошондой эле маанилүү ролду аркалоого даярданып жатабыз. Былтыркыдай эле жер-жерлерде шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча тренингдерди өткөрөбүз, президенттикке талапкерлер арасында ачык теледебаттарга демөөрчүлүк кылабыз. Андан сырткары полиция күчтөрүнө кандайдыр коомдук башаламан окуяларды жөнгө салуу боюнча машыгуу өткөрөбүз. Кандай чырлуу окуялар болсо да, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбей турган ыкмаларды колдонуу жагынан окутабыз. Коопсуздукту бекемдөө жагынан кыргыз өкмөтүнө бир топ жардам көргөзүп жатабыз. Анткени бул баарыбыз үчүн абдан маанилүү маселе.
Кыргызстандагы демократиялык аракеттерди колдоо максатында 140 миллион долларлык жардам көргөздүк. Колдоо көрсөтүүнүн ар түркүн багыттарында иштеп жатабыз.


Маалым болгондой, террорчулар, уюшкан кылмыштуу топтор, маңзат аткезчилери Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда жортуп жүрүшөт. Ошон үчүн биз Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнө чек арасын кайтаруу ишин бекемдеп, Ооганстандан баш алып андан ары Тажикстан, Кыргызстан, Казакстанды аралап өтүп Орусияга барып аткан маңзат транзитин токтотуу жолдорун талкуулап жатабыз. Наркотранзитти токтотсок, ал террорчулардын, алдыдагы шайлоо маалында чагым салышы ыктымал болгон уюшкан кылмыштуу топтордун укуругун басууга жардам болмок.

“Азаттык”: Кыргызстандык эксперттер кээде кыргыз коомчулугу демократия, эркиндикке болгон умтулуусун кыйла көргөзүп жатса да, негедир Кыргызстан Грузиядагыдай АКШнын кызуу колдоосуна ээ боло алган жок деп айтып калышат. Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Роберт Блейк: Мен негизи бир өлкөнү экинчисине салыштырууну жактыра бербейм. Ошентсе да, АКШ Кыргызстандын эң ири демөөрчүлөрүнүн бири экенин сыймыктануу менен айта алам. Кыргызстандагы демократиялык аракеттерди колдоо максатында 140 миллион долларлык жардам көргөздүк. Андан башка жаштарды иш менен камсыздоо жагынан, түштүктө эки элди жараштыруу ишин колдоп келатабыз. Бул жардамдар мындан ары да уланат. Манас транзиттик борбору аркылуу кыргыз өкмөтүнүн кызматташтыкка дилгирлигин көргөзгөнү үчүн жылына 60 миллион доллар бөлүп келатабыз. Колдоо көрсөтүүнүн ар түркүн багыттарында иштеп жатабыз. Ошол эле маалда Кыргыз өкмөтүн Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүп, эл аралык тажрыйбада боло жүргөндөй, кыйын кырдаалда жардам көргөзчү ушул мекемелер менен тыгыз кызматташууга үндөп жатабыз.

“Азаттык”: Сиз былтыр июндагы кагылышуулардан кийин Кыргызстандын түштүгүнө, Өзбекстанга да барып келдиңиз. Ал жердеги кырдаалды билесиз. Толугу менен баары тынчып, турукташып калды деп айтуу эртелик кылат. Эки эл бири-биринен чочулабай, бейпил жашоого өтүшү үчүн кыргыз өкмөтү кандай аракеттерди жасашы керек деп ойлойсуз?

Роберт Блейк: Бул абдан татаал суроо. Биринчиден, мен Килюнен мырза жетектеген эл аралык комиссиянын калыс, дыкат иликтөө жүргүзүшүнө уруксат берген кыргыз өкмөтүнүн бул кадамын жогору баалайм. Бул абдан сейрек көрүнүш. Эл аралык комиссиянын кайсы бир өлкөгө барып иликтөө жүргүзүп, кийин айрым жерлери талаш-тартыштуу отчету ошол өлкөдө жарыяланашына жол берген учур чанда кездешет. Бул дагы Кыргызстандагы демократиянын күчүн көргөзөт. Эң ириде окуялар эмнеден келип чыкканын терең иликтеп, эл аралык комиссиянын сунуштарын ишке ашырууга саясий эрк талап кылынат.

Анан албетте, борбордук жана жергиликтүү бийликтердин үнү бардык адамдарга, алардын ичинде өзбек коомчулугуна да жетип, өзбек тилдүү маалымат каражаттарын кайрадан жандантып, баарынан башкысы – сот калыстыгын шардана кылуу абзел. Анткени өзбек коомчулугу арасында жабыр тарткандардын көпчүлүгү өзбек улутундагылар болсо да, сот жообуна тартылгандардын басымдуу бөлүгү өзбектер деген нааразы пикир бар. Ошондуктан сот калыстыгын, бардык адамдар үчүн мыйзам бирдей экенин кепилдөө зарыл. Азимжан Аскаровдун сотунун тегерегинде тынчсыздануу күчтүү. Кыргыз өкмөтү былтыркы коогалаң үчүн жооптуу, кыянат иштерге катышкан адамдарды сот жообуна тартып, тергөө жана сот иштери ачык-айкын жүргүзүлсө, жалпы жагдайды жөнгө салууга чоң өбөлгө болмок. Буга чейин да өкмөт бир топ иштерди жасады, эки элди элдештирүү аракети дагы да уланат деп ишенем.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG