Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Кыргыз бийлиги ачууга алдырдыбы?


АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жыл үчүн отчетунда Кыргызстандагы адам укугунун бузулушу көнүмүш мүнөзгө айланганын жарыялады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бул докладын өлкөнүн иштеп жаткан саясий системасына таасир көрсөтүү аракети катары баалады.

Кыргызстандагы адам укугу кандай корголуп жатат? Саясий куугунтуктар күчөдүбү, же Америка бул маселеде басым көрсөтүү саясатын жүргүзүп жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова жана коомдук ишмер Эдил Байсалов катышты.

“Азаттык”: АКШ акыркы 40 жылдан бери адам укугуна байланыштуу докладын жарыялап келет. Бул жолку докладына Кыргызстандын жообу ачуу-таттуу пикирлерди жаратууда. Бир тарабы Кыргызстан жалтактабай, бекем позициясын билдирди десе, экинчилери "көйгөйлөр бар, чычалабай чечиш керек" деп чыгышты. Сиздердин пикир кандай?

Айнура Арзыматова: Америка Борбор Азия, башка мамлекеттер жөнүндө ушундай отчетун жарыялады. Бул саам биздин мамлекет катуу реакциясын билдирди. Ошондуктан коомчулукта катуу талкуулар болууда.

Биздин эгемендүү мамлекет экендигибизди бекемдөө катары түшүнсөк болот. Америкага карата Акаевдин, Бакиевдин заманында деле жалтактап отуруп, көп маселелер ачык айтылчу эмес.

Алмазбек Атамбаевдин администрациясынын тышкы саясатынын жетишкендиги - Кыргызстандын досу жок калды.

Атамбаев башкарган биринчи үч жылында деле ачуу нерселер айтылбай келди. Биздин мамлекеттин биринчи реакциясы Азимжан Аскаровго сыйлык берип койгондо чыкпадыбы. Тышкы иштер министрлигинин бул билдирүүсү экинчи реакция болуп калды.

Эдил Байсалов: АКШ дүйнөдөгү 200 мамлекеттеги абал боюнча бирөөнү сындаш үчүн эмес, өздөрү үчүн ушундай отчетторду жазып келишет. Мындай отчеттор Акаев, Бакиев учурунда да жазылган, керек болсо азыркыдан да ачуу, катуу сындап келген. Албетте бизде адам укуктары боюнча көйгөйлөр көп, ошол эле кыйноолор, сот адилетсиздиги.

Бүгүн эле президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн мурдагы аппарат жетекчисинин сот иши боюнча катачылыктар бар экендигин моюнга алып, тапшырма берип отурат. Бизде башка жүздөгөн кыргызстандыктар түрмөлөрдө жылдап сотторду күтүп, “чирип жатат”, мындан башка сөз таба албайм.

Ооба, бизде көп маселелер бар, дагы талкууласак болот. Алар сындарды айта берет. Бирок мен ушундай орой сөздөр менен билдирүү тараткан дипломаттарыбызга таң калам. Тышкы иштер министрлиги өтө чоң ката кетирди. Андай сөздү башка бир жеке адамдар, коомдук ишмерлер, мүмкүн депутаттар айтса да жарашмак. Ошондуктан Атамбаевдин администрациясы, кыргыздар айтмакчы, “урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай” тургандай элес калтырууда.

Отчетто бизди сындабастан гана, мактап да жатат. Кыргызстандагы өткөн шайлоо Борбор Азияда боло элек, 2015-жылдагы парламенттик шайлоо эң мыкты өттү, Казакстандагы, Өзбекстандагы шайлоолор өтө ыплас өттү, аларды биз тааныбайбыз деп сындашты. Мындан ары байкоочуларыбызды жөнөтпөйбүз деп чыгышты. Ислам Каримов же Нурсултан Назарбаев чалкасынан кетип, жаңжал чыгардыбы? Унчугушкан жок.

“Азаттык”: АКШнын Мамлекеттик департаментинин отчетунда Кыргызстанда улуттук азчылыктардын укуктары көп бузулуп жатканы айтылат. Ошол эле учурда "Жогорку Кеңештеги депутаттардын 30 пайызын улуттук азчылыктардын өкүлдөрү түзгөн шарт кайсы мамлекетте бар экен?" деп жүйө келтиргендер да аз эмес...

Айнура Арзыматова: Улуттук азчылыктардын укуктары эч кандай бузулган жок, бузулса баарыныкы бузулууда. Кыргыздар Борбор Азиядагы өтө толеранттуу калк. Айталы, ошол эле чиновник кыргыздын укугун бузса эч нерсе болбогондой кабыл алабыз, ал эми дунган, уйгур же өзбек ошондой абалга кабылса, улуттук азчылыктардын укугу бузулуп жатат дешип чуу көтөрүшөт.

Америкага карата Акаевдин, Бакиевдин заманында деле жалтактап отуруп, көп маселелер ачык айтылчу эмес.

Эдил Байсалов: Американын өзүндө да толгон проблемалары бар, ошол эле расизм. Афроамерикалыктарды полициялар куралы барбы, жокпу - атып жатышат. Америка адам укугу боюнча ошондой көйгөй бар экендигин моюнга алып, кемчилигин көргөзүп, өз отчетуна жазып жатат.

Айнура Арзыматова: Америка ар жылы бардык мамлекеттер боюнча отчет даярдайт деп айтылып жатат. Бирок ошол отчеттор аркылуу ар бир мамлекетке мындай жаша, андай жаша деп үйрөтүп жатпайбы. Орусия, Кытай деле улуу державалар, алар башкаларга үйрөткөн жок. Ошондой болсо да Американын саясий, демократиялык тажрыйбасын тереңдеп окуп, үйрөнүшүбүз керек.

Эдил Байсалов: Биз бардык мамлекеттер менен дос болушубуз керек. Эгерде Кыргызстан кыйналса, бизге болуша турган, күйө турган досубуз барбы? Алмазбек Атамбаевдин администрациясынын тышкы саясатынын жетишкендиги - Кыргызстандын досу жок калды.

XS
SM
MD
LG