Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Кыргызстан - АКШ: шайлоодон кийин


АКШдагы кыргыздар Нью-Йорктогу түрк элдеринин парадында. 19-май, 2012.
АКШдагы кыргыздар Нью-Йорктогу түрк элдеринин парадында. 19-май, 2012.

АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы алдыдагы төрт жылда Кыргызстан - АКШ алакасына кандай таасир этет?

АКШдагы Шайлоонун жыйынтыгына кыргызстандык талдоочулар да баа бере баштады. Серепчилер кыргыз-америка алакасында кескин бурулуштар күтүлбөй турганын айтышууда.

“Достук” улана берет

Жогорку Кеңештин депутаты, АКШда бир топ жыл жашап келген Равшан Жээнбеков буларга токтолду.

- АКШда демократиялык жана мамлекеттик институттар күчтүү. Андыктан ким гана президент болуп келбесин, мамлекеттин саясатын кескин буруп, өзгөртүп жибербейт. Обама кайрадан президент болуп калды, демек мурдагы эле саясат уланат. Ал эми Кыргызстан менен кошмо штаттардын ортосундагы мамиле да мурдагыдай эле туруктуу бойдон кала берет. Эч кандай чоң өзгөрүүлөр болуп кетпейт.

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, шайлоо жыйынтыгына карабастан, кыргыз-америка алакасы жемиштүү улана берет деп ишендирди:

- Кыргызстанга байланыштуу айтсам, Америка Кыргызстан менен дос бойдон кала берет. Биз Кыргызстан менен жыйырма жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жатабыз жана бул улана берет деп үмүттөнөм.

Cаясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, кыргыз-америка алакасы көбүнчө Кыргызстандын өзүнөн көз каранды. Ал адам укугу, демократия жаатындагы кызматташтыктарды атады:

- Кандай багытта өнүгөт деген маселе биринчиден, биздин өзүбүздөн көз каранды. Адам укуктары тебеленбесе, сөз эркиндиги болуп турса, демократия жолуна түшкөн мамлекеттерге жардам берүү боюнча атайын программалар каралган.

Ооганстан аркылуу кызматташтык

АКШ 2014-жылы НАТО башындагы көп улуттуу аскер күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетүүгө камынууда. Ага катар кыргыз бийлиги да 2014-жылы “Манастагы” транзиттик жүк ташуучу борбордун келишими аяктарын, ал узартылбасын туруктуу билдирип келатат. Бирок анын ордуна бир канча өлкө биргелешип, базаны жарандык имаратка айлантышы мүмкүн экени да айтылган.

Орозбек Молдалиев Ооганстан, аймактагы коопсуздук боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы уланышын белгиледи:

- 2014-жылы аскерлерди алып чыгып кеткенден кийин Ооганстанга колдоо көрсөтүү жана копсуздугун камсыздоо боюнча Ооганстан менен АКШнын ортосунда келишим түзүлгөн. Ооганстанга жардам берүү программасынын алкагында жүктөр келип, ташылып турушу мүмкүн. Ошол программага жараша кызматташсак болот. Анткени Ооганстанда тынчтык болгонуна биз да абдан кызыктарбыз. Ал жакта тынчтык болбосо, террористтер келип, маңзат ташыган каналдар арбып кетиши мүмкүн.

Башка бир талдоочу Аскарбек Мамбеталиев болсо, АКШдагы эки партия-демократтар менен республикачылардын жана алардын талапкерлеринин айырмачылыктарына токтоло кетти.

- Ромни деген улутчулурак да, американын улутчулу. Ал талапкер болгон республикачылардын көз карашы да демократтардан айырмаланат. Демократтар социалисттер сыяктуу, байлардан алып, кедейлерге бериш керек дегендей саясат кылышат. А республикалчылар болсо, капиталисттерди жакташат.

АКШ Кыргызстандын эгемендигин алгачкылардан болуп тааныган өлкө. Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамиле1991-жылдын декабрында түзүлгөн.

Вашингтондо добуш берүү аяктагандан эки саат өтпөй, Барак Обаманын жеңгендиги жарыяланды. АКШдагы эң ири AFL-CIO кесиптик кошуунунун штаб-квартирасында шайлоочулардын кубанычын Жаңыл Жусупжан видеого түшүрүп алды.

XS
SM
MD
LG