Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Бишкекте иш сапар менен жүргөн АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк 1-апрелде “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: Кыргызстанга кош келиптирсиз, урматтуу Блейк мырза. Сиз көп жолу келип жүрөсүз, бул жолу эмне максат менен келдиңиз, расмий өкүлдөргө жолугасызбы? Анда негизги маселелер кайсылар болушу мүмкүн?

Роберт Блейк: Биринчиден, мен Кыргызстанга келгениме кубанычтамын. Мен жагымдуу Бишкек шаарына келгенди дайыма жактырам жана президент Атамбаев менен жана анын өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө дайыма ыраазымын.
Транзиттик жүк ташуу борбору биздин эки тараптык мамилелерибизде эң маанилүү маселе эмес. Эң маанилүү маселе – бул Кыргызстандын өкмөтү менен болгон кызматташтыкты кеңири тармак боюнча өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү улантуу.


Биз үчүн Кыргызстандын өкмөтү менен болгон карым-катнаштар аябай чоң мааниге ээ. Анткени, силердин өкмөтүңөр демократия жолунда маанилүү ийгиликтерге жетишти. Ошондой эле Ооганстандагы стабилдүүлүктү орнотууда жана анын өткөөл мезгилдеги ийгилигине Кыргызстан чоң салым кошууда. Ошондой эле биз Кыргызстан болушунча стабилдүүлүккө жетүү максатында силерди экономикалык жактан күчтөндүрүү үчүн жардам бергибиз келет.

«Азаттык»: Расмий жолугушуулар болобу?

Роберт Блейк: Президент Атамбаев менен жолугушуу болот.

Роберт Блейк "Азаттыктын" кабарчысы Бурулкан Сарыгулованын суроолоруна жооп берүүдө, 1-апрель, 2012.

Роберт Блейк "Азаттыктын" кабарчысы Бурулкан Сарыгулованын суроолоруна жооп берүүдө, 1-апрель, 2012.


«Азаттык»: Албетте, буга чейинки сиздин айткандарыңызга караганда, транзиттик борбор жөнүндө сүйлөшүү - бул башкы маселелердин бири болот окшойт. Кыргыз бийлиги болсо азыр борборду 2014-жылдан кийин улантууну каалаган жери жок. Эгерде улантууга караманча-каршы болуп, айтканына кайтпай туруп алса, андан ары АКШ кандай чараларды көрүшү мүмкүн?

Роберт Блейк: Биринчиден, АКШнын көз карашы боюнча Транзиттик жүк ташуу борбору биздин эки тараптык мамилелерибизде эң маанилүү маселе эмес. Эң маанилүү маселе – бул Кыргызстандын өкмөтү менен болгон кызматташтыкты кеңири тармак боюнча өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү улантуу. Президент Атамбаевдин жана анын өкмөтүнүн иштеп жаткан ушу таптагы келишимди анын мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталышына колдоосун көргөзгөнүнө биз, албетте, ыраазыбыз жана Транзиттик жүк ташуучу борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры жөнүндө боло турган талкууга биз даярбыз.

Ошол эле учурда, биз бул жерде болуп жаткан демократия жаатындагы алдыга карай болгон жылыштарга да байкоо жүргүзгөнүбүздү өзгөчө белгилеп кетмекчимин. Биз Ооганстандан келиши мүмкүн болгон банги заттын ташылышы жана терроризм сыяктуу Кыргызстандын ички маселелерин чечүүдө да жардам көргөзүүдөбүз. Ошондой эле, кайталап кетчү нерсе, биз Кыргызстандын өнүгүүсү менен регионалдык интеграцияны жана Кыргызстанга өнүгүү алып келүүчү чөлкөмдөгү соода-сатыкты колдойбуз.
Транзиттик борбор Ооганстанга же, башка эч бир мамлекетке каршы аскерий чабуул кылууну көздөбөйт деп Кыргызстанды ишендирип кетмекчимин.


«Азаттык»: Транзиттик борборго каршы чыккандар, кокустан Иран менен Американын ортосунда жаңжал чыгып кетсе, Кыргызстан, кошуна өлкөлөр, жалпы эле мусулман өлкөлөрдүн арасында жаман көрүнүп калат деген аргументти карманып атышат. Иран менен кокустан жаңжал чыгып кетсе, Транзиттик борбордун ролу кандай болот? Ал жерден аскерий техникалар колдонулбайт деген кепилдик барбы?

Роберт Блейк: Иран кризисин дипломатиялык жол менен чечүү үчүн АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңшинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия (P5+1) тобу менен иштөө боюнча турумун карманууда. Бирок президент Обама менен мамкатчы Клинтон бир нече ирээт айтып кетишкендей, маселени дипломатиялык жол менен чечүү үчүн убакыт тар. Ошондуктан Ирандын жакшы маанайда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү жана Эл аралык Атом энергетикасы боюнча агенттигинин өкүлдөрү Иран ядролук чабуул куралдарын чыгаруу программасын көздөбөйт деп дүйнөлүк коомчулукту ишендириш үчүн, Иран аларга өзүнүн атомду байытуу ишканаларына кирип, изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүүсү өтө маанилүү.

Биз Кыргыз өкмөтү менен макулдашылган келишимге жараша жүк ташуучу борбордун иштөөсүн камтыган беренелеринин алкагында гана иш жүргүзүү боюнча турумубузду карманабыз. Ошол келишимде мындай делген: 1) Биз Транзиттик жүк ташуу борборду жоокерлерди Ооганстанга жеткизүү үчүн колдонобуз. Ооганстанга жөнөтүлүп жаткан куралдуу күчтөрдүн дээрлик бардыгы аталган борбор аркылуу жеткизилет. 2) Ошондой эле бул борбор аркылуу күйүүчү майлар жана башка керектелүүчү жабдыктар да жеткизилип турат. Ошол эле учурда аталган мекеме Ооганстанга же, башка эч бир мамлекетке каршы аскерий чабуул кылууну көздөбөйт деп Кыргызстанды ишендирип кетмекчимин.

«Азаттык»: Дагы бир суроо бергенге мажбурмун. Бул албетте, коомчулуктун дагы суроосу. Өткөндө акцияга чыккандар элчиликтин алдына барып да ушуну айтышты. Буга чейин Атамбаев дагы айткан, Орусиянын, Ирандын өкүлдөрү дагы Иран менен АКШ ортосунда кокус жаңжал чыгып кетсе, «Манастагы» транзиттик борборго коркунуч келип калышы мүмкүн деп атышат. Ушундай коркунуч келбейт деген кепилдикти айта алабы АКШ?

Роберт Блейк: Эми мен, Иран өкмөтүнүн атынан кандай кадамдар жасалат деп айта албайм. Иран боюнча биздин бардыгыбыздын тынчсыздануубуздун бир себеби – Иран эмне кылаары алдын ала белгисиз. Бирок албетте, биз Иранды Кыргызстан жана башка достош мамлекеттерди кандайдыр бир дестабилизациялоо аракеттеринен баш тартуусуна ыктайбыз. Кайра эле АКШнын көз карашына токтолсок, биз Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин алкагында гана иш жүргүзүүнү көздөйбүз жана ал келишимде Транзиттик жүк ташуучу борборду башка бир мамлекеттерге каршы болгон аскерий чабуулдарга колдонулушу камтылган эмес.

«Азаттык»: Ооганстандан чыгарыла турган жүктөрдү ташуучу транзиттик аба тилкеси Орусиянын Ульяновск шаарында ачылат деген кеп канчалык негиздүү? Кыргыз бийликтери транзиттик борборду чыгаруу демилгесин көтөрө баштагандан бери эле Орусия транзиттик борборду өзүнө алуу кызыкчылыгы бар деген сөздөр айтыла баштады.

Роберт Блейк: Ооганстанга киргизилип жана чыгарылып жаткан жүктөр боюнча Кыргызстандын көмөктөшүп жатканына биз ыраазыбыз. Бирок биз жүк ташуу үчүн ар кыл жолдорду дайыма издөөдөбүз. Мындан ары Ооганстандан аскерлердин жана аны менен бирге алардын жабдыктары чыгарылышына байланыштуу биз ташуу жолдордун болушунча көбүрөөк болушуна кызыкдарбыз. Ошондуктан албетте, биз Орусия менен болгон кызматташтык мүмкүнчүлүгүн жылуу кабыл алабыз. Биз Орусия менен Ооганстан боюнча жакшы кызматташууну жүргүзүп жатабыз.

«Азаттык»: Дүйшөмбү шаарында (эл аралык конференцияда –ред) АКШ Иран ядролук программа боюнча эл аралык нормалардын чегинде өзүн иретке келтирмейинче Иран менен кызматташууну, же келишимдерди түзүүнү коё турууну сунуш кылбадыбы. Талдоочулар айтып атат, Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын таасиринде турган кезде бул сунуш колдоого алынышы мүмкүн эмес деп. Борбор Азия өлкөлөрү ушул сунушту кабыл алаарына ишенеби?

Роберт Блейк: Иран менен болгон маселени дипломатиялык жол менен чечүү үчүн дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн Иранды жакшы маанайда сүйлөшүү жүргүзүүгө ынандыруу өтө маанилүү. Бирок президент Обама жана мамкатчы Клинтон бир нече ирээт айткандай, дипломатиялык чечимге келиш үчүн убакыт да, мүмкүнчүлүк да чектелген. Ошондуктан ушу чөлкөмдө жайгашкан биздин бардык досторубуз, берилген мүмкүнчүлүктү колдонуп, Иранды достук маанайда сүйлөшүүлөргө кайтып келүүгө ынандырышы өтө маанилүү. Биздин жана БУУнун санкцияларынын эң башкы максаты мына ушунда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG