Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Өзбек тилинде тестирлөөнү жоюудан ким утат?


Өткөн жумада жаңылыктарды карап отурсам бардык маалыматтык сайттар “Жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тилинин алынышы” тууралуу кабарды оң баалап, позитивдүү өңүт менен жазышкандай. Бирок бул кабар мени кубандырган жок. Аталган чечимден кийин мен сыяктуу эле Кыргызстанда туулуп, суусун ичип, тузун татып чоңойгон өзбек бир туугандарыбыздын ордуна өзүмдү коюп көрдүм. Оор экен.

Өзбек тилин ЖРТдан алуунун максаты эмне экенин көп ойлонуп, түшүнө албай турам. Мунун пайдасынан зыяны көбүрөөк болуп калбайбы деген чочулоо да жок эмес менде.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тилин алуунун чыныгы максаты эмне? Мисалы, каражат үнөмдөөбү? Антейин десек, ЖРТны мамлекет өзү эмес, башка булактардан каржыланган уюм өткөрөт. Каражат кетсе, ошол уюмдун капчыгына зыян келмек, өлкө бюджетине анын ысык-суугу болбойт эле. Ашыкча акча кетет деген күндө деле, ал канча болушу мүмкүн? Кыргыз-өзбек достугу, ынтымагы менен ал каражатты таразаласак, арзыбаган тыйын болоор.

Же мунун максаты кыргыз тилин өнүктүрүүбү? Эгер мунун артында ушундай максат болсо, анда демилгечилер пайда келтиребиз деп, бирок зыян кылып жатышкан жокпу? Анткени өзбек туугандарга эне тилине байланыштуу чектөө киргизип, ыңгайсыздык, тоскоолдуктарды жаратуу менен аларды кыргыз тилин үйрөнүүгө эч качан шыктандыра албайбыз.

Мейли, муну кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаждык жаратуу аракети дейли. Бирок бул максат да ишке ашаары күмөн. Себеби, алар тестирлөөнү тапшыруу үчүн ойлонбой туруп орус тилин тандап алышат. Эгер эле кыргыз тилине муктаждык жаратуу керек болсо, анда тестирлөөдөн орус тилин да алып салуу керек болот го.

Билим берүү министрлиги тестирлөөнү өзбек тилинде тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөрдүн саны өтө аз, ошондуктан өзбек тилинде тапшыруу алынып салынды деген мааниде түшүндүрмө бериптир. Бирок бул өз эне тилинде сынак тапшырууну каалаган өзбек мекендештерибиз жок дегенди билдирбейт да. Өзбек тилинде тапшырууну каалаган бир киши болсо да анын укугу корголушу керек го. Миң кишиникиндей эле бир кишинин да укугу бар эмеспи.

Түйшөлгөнүм, мунун артынан мен биримдикке, толеранттуулукка, диалогго эмес, бөлүнүүгө алып бара турган бүдөмүк жолдун учун көрүп турам. Адатта бир туура эмес кадамдын артынан экинчиси да ташталары шексиз. Башталышында байкалбаганы менен, жаңыдан гана мектепти аяктап, чоң турмушка зор үмүттөр менен кадам таштап жаткан өзбек тектүү кыргыз жарандарынын аң-сезими ошол “айры” жолго багытталып калышы мүмкүн.

Көп улуттуу Кыргызстан калкына биримдик, ынтымак аба менен суудай керек. Андыктан колдон келишинче биримдик менен ынтымактын жолун издесек деген ойдомун. Өлкөдөгү улуттардын ынтымагын ширетип, бириктире турган миңдеген жолдор бар. Маселен, динибиз бир, тилибиз бир (кыргыз, өзбек тилдери түрк тилдеринин катарына кирет), үйүбүз бир (Кыргызстан), максатыбыз бир (тынчтык жана ынтымак), келечегибиз бир…Мындай нерселерди тизмектеп отуруп, санын миңге жеткирсек болот.

Ушул жерден мен өзүм күбө болгон толерантуулуктун мыкты үлгүсүн бөлүшкүм келип турат. Сингапурда коомдук жайларда, транспорттордо, көчөлөрдө баардык нерсе англис, кытай, малай, анан хинди тили болуп, төрт тилде жазылып турат экен. Жергиликтүү калк кытайлар менен малайлар, англис тили – эл аралык тил, анын жазылышы да түшүнүктүү. Мени таң калтырганы - хинди тили болду. Сингапурда туруктуу жашаган индустар дээрлик жокко эсе. Бирок жумуш издеп Сингапурга барган индиялык эмгек мигранттары бар, бирок алар калктын болгону 3%ын гана түзөт. Карасаңыз, акча табуу үчүн барган убактылуу мигранттарды сыйлап, алдыдагы тагдырын чече турган мамлекеттик сынак бул жакта турсун, жөнөкөй эле күнүмдүк турмушка керектүү маалыматтарды, кулактандыруу, эскертүүлөрдү алардын өз эне тилинде жазып беришүүдө. Мына, толеранттуулук, диалогду бекемдөө аракети. Чындыгында суктанаарлык көрүнүш. Ал эми Кыргызстандын өзбек тилдүү жарандары жалпы калктын 15%ын түзөт.

Сөзүмдүн аягында айтаарым, чечим кабыл алынып калды, эми жок дегенде жалпы республикалык тестирлөөнү кыргыз тилинде тапшырган өзбек тилдүүлөр үчүн ЖОЖго тапшырууда жеңилдиктер, артыкчылыктар каралса жакшы болмок.

Нурайым Ысмайыл кызы, убактылуу Абу-Даби шаарында жашайт

XS
SM
MD
LG