Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Каракалпак камагындагы кыргыз жарандары


Аксы районунун тургундары Асан Акматов, ошондой эле ага-ини Салижан жана Талибжан Зиядов Нүкүс шаарына жүк жеткирип барганда кармалган. (иллюстративдик сүрөт)
Аксы районунун тургундары Асан Акматов, ошондой эле ага-ини Салижан жана Талибжан Зиядов Нүкүс шаарына жүк жеткирип барганда кармалган. (иллюстративдик сүрөт)

Аксы районунун үч жараны эки жүк ташуучу КаМАЗдары менен бирге декабрь айынан бери Каракалпакстанда камакта жатат.

Аларды бошотуп алуу үчүн туугандары Ташкендеги кыргыз элчилигине жана Тышкы иштер министрлигине жардам сурап кайрылган. Бирок азырынча эч кандай майнап чыккан эмес. Ташкендеги кыргыз элчилигинен бул иш көзөмөлдө экендигин билдирди.

Нүкүскө жүк алып барышкан


Аксы районунун тургундары Асан Акматов, ошондой эле ага-ини Салижан жана Талибжан Зиядовдор Орусиядан Кыргызстанга КаМАЗ унаасы менен жүк ташып иштеп жүрүшкөн. Былтыр декабрда Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасынын борбору Нүкүс шаарына жүк жеткирип, артка кайтып бараткан учурда күч органдары тарабынан камакка алынган. Каракалпакстанда камакта жаткандардын бири - Асан Акматовдун жубайы Уулбү Акматова “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Нүкүскө булар Москвадан келе жатып кирген. Былтыр декабрь айынын жыйырмалары болчу. Булар Москвадан Аксыга жүк алышкан, ошондо Өзбекстанга да бир азыраак жүк алышкан окшойт. Ошол жүктү таштап чыгабыз деп кирип, анан кармалып калышкан.

Акматованын айтымында, туугандары бир канча ирет Нүкүскө чейин барып, бирок камактагыларга жолуга алган эмес. Алар Ташкендеги кыргыз элчилигине жана Тышкы иштер министрлигине жардам сурап кайрылган. Бирок азырынча тыңгылыктуу жооп жок.

- Баары мыйзам чегинде жүрүп жатат, күткүлө деп жатышат. Сот болсо эле же нары, же бери болуп чечилет деп айтышкан. Бирок күтө берип чарчадык. Жаңы кармалганда соту үч айда, болжолу март айында болот деп айтышкан болчу. Анда болбой калды деп, майга жылдырышкан, эми дагы болбой калды деп, июнга жылдырышты. Булар жалпы 4 киши кармалган. Бирөө Өзбекстандын жараны болгон. Жолдошумдун жанындагы эки шериги болсо аксылыктар.

Адвокат: баары сотто чечилет

Нүкүстө камакта жаткан кыргыз жарандарынын ошол жактагы адвокаты Убайхан Тажибаев менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал сот чечимине чейин эч нерсе айта албасын билдирди. Ошондой эле ал туугандары менен кабарлашып, аларга бардык маалыматты бергенин жүйө келтирип, кыргыз жарандары кандай себеп менен кармалганын жана аларга кандай айып коюлганын айтуудан баш тартты.

- Али сот боло элек, ошондуктан эч кандай чечим жок. Сот эми болот. Анын качан болорун кабарлайм деп мен туугандарына айткан болчумун. Мен кармалгандардын туугандары менен сүйлөшүп турам. Эмне себептен кармалганын ошолорго айткам.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, бул маселе министрликтин жана Ташкендеги элчиликтин тыкыр көзөмөлүндө. Өзбек тарап үч кыргыз жаранын декларациядан өтпөгөн жүк алып киргени үчүн кармашканын билдирди. Ал эми соттун кечигип жатышы боюнча өзбек тарап эч кандай түшүндүрмө бербей келе жатканын маалымдашты.

Кадамжайлык тургун да Ферганада камакта

Мындан бир ай мурда болсо Өзбекстан менен чектешкен Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1973-жылы туулган Кубанычбек Эралиев өзбек чек арачылары тарабынан кармалган болчу. Ал чек араны мыйзамсыз өткөн деген негиз менен бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстандын Фергана шаарында кармалып турат. Кадамжайдын акими Акрамжан Мадумаров анын ишин сот карай электигин айтууда.

- Азыр сот боло элек. Бирок биздин күч органдарына берилген маалыматтары боюнча, тергөө иштери аяктап, ишти сотко өткөзүп берген. Ага “чек араны мыйзамсыз бузду” деген жалгыз гана берене коюлуп жатат. Соттун чечими менен бир жыйынтык болот деген ойдобуз.

Булардан тышкары да, Өзбекстанда ондогон кыргыз жарандары соттолуп, абакта отурат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин айтышынча, апрель айындагы маалымат боюнча Өзбекстандын абактарында жазасын өтөп жаткан 81 кыргызстандык бар.

XS
SM
MD
LG