Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

23-cентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ГЭСтерди куруу маселесин көтөрүп, Батыровго аянтча болгону үчүн ЕККУнун ишин сындады. Ал ошондой эле 2017-жылы өтө турган Кыргызстандагы президенттик шайлоону колдоого БУУ жана өнөктөш өлкөлөрдү чакырып өттү.

Тышкы иштер министринин Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясындагы билдирүүсү боюнча көз карандысыз эксперт Чынара Эсенгул "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык”: Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердин катарына киргендиктен чек арадан товарларды алып чыгууга жеңилдиктер болушу керектигин айтты. Мындайча айтканда, Кыргызстан экономикалык тосотто калып, БУУ тарабынан иштелип чыккан “Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттер тууралуу” декларация иштебей жатканын айтты. Эрлан Абдылдаев мында эмнени камтыгысы келди жана БУУ канчалык бул сунушка маани берет дейсиз?

Ч. Эсенгул: Негизинен Кыргызстан БУУнун сессиясына барганда абдан кызыктуу ойлорду айтып жатат. Бир гана Кыргызстан эмес башка дагы Борбор Азия өлкөлөрү да жакшы идеяларды айтышууда. Мисалы, Түркмөнстан дагы жаратылыш-климаттагы болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көтөрдү. Ошентсе да Кыргызстан инновациялык ойлорду киргизип жатканы үчүн башкалардан өзгөчөлөнүп калды. Ошол эле Көчмөндөр оюндарын колдоп бергиле деген сунуш башка өлкөлөрдөн айырмаланып калды.

ЕККУнун адам укугу боюнча башкармалыгы бардык тарапка сөз берет. Себеби мамлекеттик органдар өздөрү гана өлкөдөгү адам укугу боюнча маалыматтарды айта берсе, көпчүлүк фактылар жашырылып калышы мүмкүн.

Ал эми чек аралар боюнча маселени көтөргөнү дагы маанилүү болчу. Кыргызстан деңиз жана океанга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкө болгондон кийин атайын ушундай өлкөлөр үчүн декларация иштелип чыккан. Декларация Кыргызстанга окшогон өлкөлөр товарларын чыгарууда чек арада тоскоолдукка кабылбай, тескерисинче жеңилдиктерге ээ болушу керек. Бирок Кыргызстан глобалдык аренада кичинекей өлкө экенине карабай күтүлбөгөн маселени көтөрдү. Эми БУУнун аренасы бул платформа. Анда жакшы ойлор айтылат, анын аркасында көп жыл иштегенден кийин, конкреттүү түрдө бир резолюциялар кабыл алынышы мүмкүн.

“Азаттык”: Ошол эле Кадыржан Батыровдун маселесине келгенде ЕККУ ага сүйлөөгө аянтча түзүп берип, атайын чагымчылдыкка барып жатат деп, мындай боло берсе бара-бара кылмыш жоопкерчилигинен качкандар, атүгүл террористтер да эл аралык абройлуу уюмдун атынан сүйлөй башташы мүмкүндүгү айтылды. Сиз мындай пикирге кошуласызбы?

Ч. Эсенгул: Менин жеке оюмда, министр Абдылдаев кичине аша чаап кетти. ЕККУнун адам укугу боюнча башкармалыгы бардык тарапка сөз берет. Себеби мамлекеттик органдар өздөрү гана өлкөдөгү адам укугу боюнча маалыматтарды айта берсе, көпчүлүк фактылар жашырылып калышы мүмкүн. Ошондуктан ЕККУ көз карандысыз укук коргоочуларга да эркин микрофон берет.

Бирок ЕККУ биздин мамлекет менен келишим түзгөндүктөн мамлекеттин дагы айтып жатканы туура. Менимче, биз 1990-жылдан бери эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешип жатып, адам укуктарынын стандарттарын абдан жогору коюп алдык. Алсак, биздин коңшуларда адам укугуна мынчалык эркиндик берилген эмес. Кантсе да ЕККУ ар тараптын оюн уга берет, андыктан биздин мамлекеттик органдар андайга таарынбай эле коюшу керек.

Кантсе да Өзбекстанда азыр жаңы бийлик келип жатканын билебиз. Балким Кыргызстан жаңы жетекчилик сунушту угуп калар деген үмүттө маселени кайра көтөрүп жатса керек.

“Азаттык”: ГЭСтерди куруу боюнча маселени Кыргызстан бул ирет кайра көтөрүп жатат. Бул маселе боюнча коңшу Өзбекстан дайыма каршы чыгып келет. Ал эми Кыргызстан БУУну ортого түшүп кошуналарды ГЭСтерди салууга көндүрүп бергиле деп айтып жатабы же башка дагы маселелер барбы?

Ч. Эсенгул: БУУ – бул глобалдык платформа. Аны ар кайсы мамлекет өз кызыкчылыгына жараша маселелерди көтөрүү үчүн колдонушат. Албетте, Кыргызстан менен Тажикстан суунун башында тургандыктан өз демилгесин көтөрүп жатышат. Союз маалында бардык өлкө үчүн Москва чечип келсе, азыр коңшу өлкөлөрдү бириктирип маселени тараптарга жеткире турган механизм болбой жатат. Мөңгүлөр азайса, суу ресурсттары азайат. Жыйынтыгында бул Кыргызстандын эле эмес, башка өлкөнүн дагы маселеси болот. Мунун бардыгы бир байланышта болгону менен Борбор Азияны бир столго отургузган механизм жок болуп атат.

Бирок акыркы жыйырма жыл ичинде карама-каршылык жана таарынычтар коңшу Өзбекстан менен көбөйүп кетти. Азыр бул маселени кайрадан козгогондо деле кандайдыр бир чечимге келүү кыйыныраак болуп калат.

Кантсе да Өзбекстанда азыр жаңы бийлик келип жатканын билебиз. Балким Кыргызстан жаңы жетекчилик сунушту угуп калар деген үмүттө маселени кайра көтөрүп жатса керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG