Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Мындан жыйырма жыл илгери 27-августта президенттер Назарбаев, Акаев жана Ельцин Москвада Михаил Горбачев менен жолушкан.

Мындан жыйырма жыл илгери 27-августта президенттер Назарбаев, Акаев жана Ельцин Москвада Михаил Горбачев менен жолугушуп, Союздук келишим жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ошол кездеги тарыхый окуялардын күбөсү болгондор Советтер Союзун таркатпай, аны башка бир түзүлүштө сактап калуунун жолдору изделгенин эскеришүүдө.


Жаңы келишим түзүү амалы


1991-жылы 27-августта Москвада Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын президенттери Аскар Акаев, Нурсултан Назарбаев жана Борис Ельцин СССР президенти Михаил Горбачев менен Москвада жолугушкан. Мында четинен ыдырап бараткан Советтер Союзун федерация түрүндө сактап калуу тууралуу ойлор айтылган.

Ошол учурдагы Кыргызстандын маалымат министри Абдыганы Эркебаев СССРди реформалап, сактап калуу аракеттери болгондугун эскерүүдө.

- Дээрлик эки жыл бою СССРди жаңылап, реформалап, жаңы келишим түзөлү деген аракеттер болгон. Бул Жогорку Кеңеште бир топ талкууланган. Бул боюнча Кыргызстан өзүнүн делегациясын түзүп, сүйлөшүүлөргө да жөнөткөн.

Ошол кездеги Кыргызстан демократиялык кыймылынын теңтөрагасы Казат Акматов Ельцин, Назарбаев жана Акаевдин Горбачев менен болгон жолугушуусун мындайча эскерет.

- Анда булар федерация түзөбүз дешкен. Мурда СССР бир мамлекет эмес беле. Бир мамлекет боло албай, ыдырап баратканынын сезип Горбачев федерация түзөбүз деген. 15 мамлекет баары кирген эркин мамлекеттердин союзу болмок. Бирок аны да Ельцин менен Украинанын, Беларустун президенттери кулатышпадыбы. Алар СССР жоюлсун, ар бир мамлекет өзүнчө кетсин, тарасын деген чечимге келишкен.


Эркиндикке умтулуу маанайы күч болду


Абдыганы Эркебаев Казакстан менен Кыргызстандын президенттери Назарбаев менен Акаев ал учурда союздун биротоло ыдырашына кызыкдар болушкан эмес деп эсептейт. Анын айтымында, бул жараянды айрыкча славян мамлекеттери тездетишкен. Айткандай эле, ГКЧП окуясынан кийин биринен сала бири: Украина, Белорусия, Молдова өлкөлөрүнүн Жогорку Кеңештери кезексиз сесияларында өз мамлекеттеринин көз карандысыздыгын жарыялашкан. Бул күндөрү Кыргызстанда да Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча талаптар айтылып жаткан эле.

Бул тууралуу Абдыганы Эркебаев мындай дейт.

- Орусиянын ошол кездеги консерватор күчтөрү СССРди калыбына келтирүү аракетин көрүштү. Бирок эркиндикке умтулалы деген маанай үстөмдүк кылган. Биз да ошондой маанайды бел тутуп, Жогорку Кеңештин сессиясын чакыруу аракеттери көрүлө баштаган.

26-27-август күндөрү ошондой эле Москвада СССРдин Жогорку Кеңеши кезексиз жыйынына чогулуп, өлкөдөгү кырдаалды талкууга алышкан эле.

1991-жылдын 27-августунда Кыргызстандын эгемендик жарыялашына болгону 4 гана күн калган...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG