Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

8-ноябрда Бишкектин түштүгүндөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилди.

Иш чараны өңчөй жаштардан куралган "Алаш-Ордо" улуттук партиясы уюштуруп, бул тарыхый окуядан сабак алуу зарылдыгын белгилешти.

Тарыхтын барагын ачкан секелек

Дене-бойду үшүткөн чыкыроон суукка карабай 200дөй студент, кыз-жигит "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскеришти.

Тарыхый документтерде 1938-жылы 5-ноябрда жана 8-ноябрда кыргыздын алгачкы интеллигенттери, ошол кездеги партиялык жана башка кызматтардын жетекчилери улутчул, панисламчыл, совет өкмөтүнүн душмандары катары айыпталып, атылып кеткен.

Буга байланыштуу 8-ноябрь Кыргызстанда Репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары кабыл алынган.

Бул тарыхый, кайгылуу окуянын жападан жалгыз күбөсү, 1938-жылы секелек кыз болгон Бүбүра Кыдыралиева ошол кездеги окуяны мындайча эскерди:

- 1938-жылы 5-ноябрдан 10-ноябрга чейин Кашка-Суу айылындагы аяш атамдын үйүнө "эс алып келгиле" деп жиберди. Ал жакка келсек биз жашынмак ойноп жүрчү кыш завод бузулуп калган экен. "Завод эмне болгон" деп атамдан сурасам, "ээ, кызым, катуу борон-чапкын болуп, чатырын алып кетиптир" деп койду. Башка эч нерсе сураган жокмун. Анан бир-эки аптадан кийин эле кыш заводдун түндүк-түштүк тарабынан жаман жыт чыга баштады.

Бүбүра Кыдыралиева атасынын керээзи менен бул сырды ичине катып жүрүп, 1990-жылы гана ачыкка чыгарган. Анткен менен бул тарыхый чындыкты айтып, башкаларды ага ишендирүү оңой болгон эмес экен.

- Биз эки кыз, эки эркек - төрт бир тууган болчубуз. 1973-жылы атам абдан катуу ооруп, көзү жумуларын билгенден кийин баарыбызды чакырып алып, керээзин айтты. "Кызым, баягы шейиттер жаткан жерди билесиң. Ошолордун бала-бакыралары аталарынын кайсы жерде жатканын билишпейт. Жакшы заман келсе, айтасың, менин мойнума жүк болбосун" деди. Атама макулдугумду бердим.

Атам 1973-жылы каза болду. Төрт айдан кийин сиңдим, 8 айдан кийин жолдошум каза болду. Кимге айтаарымды билбей кыйналып жүрдүм. Репрессия тууралуу гезитке чыккан материалдардын ээлерине барып, окуяны айтсам, "эшикти жаап кой, далдыраба, кайдагы бир кемпир эмнени айтып жатат" дешти. Абдан жаман сөздөрдү уктум. Ошентип бул окуяны ичиме катып, 53 жыл кыйналдым.


Репрессия империянын саясаты болгон

Бейкүнөө атылып кеткендердин катарында кыргыздын туңгуч интеллигенттери Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев жана башкалар бар эле. Ал жерден жалпысынан 19 улуттун өкүлүнөн турган 138 адамдын сөөгү табылган.

1991-жылы 30-августта Кыргызстан эгемендигин жарыялардан бир күн мурда мамлекеттик деңгээлде алардын сөөгү аздектелип, кайра жерге берилген болчу. Андагы казуу иштерин уюштуруп, репрессия курмандыктарын даректүү фактылар менен ырастаган ошол кездеги КГБнын капитаны Болот Абдрахманов болгон.

Бишкектеги эл аралык "Ата-Түрк Алатоо" университетинин окутуучусу Кынатай Эдилованын пикиринде, репрессия Орусиянын империялык саясатынан улам чыккан.

- Бул репрессиянын эч кимге деле зарылчылыгы жок болчу. Мында жеке гана кызыкчылык болгон. Үркүндөн кийин алсырап турган элди андан бетер алсыратып, Орусия мамлекети кыргыз элин бир топ куугунтуктаган.

Аталган иш-чараны өңчөй жаштардан турган "Алаш Ордо" улуттук партиясы уюштурду. Анын лидери Ринат Самудинов бул тарыхый окуядан сабак алуу керек деп эсептейт.
Бир-эки аптадан кийин эле кыш заводдун түндүк-түштүк тарабынан жаман жыт чыга баштады.

- Иш-чаранын биринчи максаты - репрессиядан, тарыхый окуялардан сабак алуу. Себеби мамлекетти түптөөдө тарых барактарын карап, изилдешибиз керек. Экинчиден, репрессия боюнча коомдук пикирди жаратуу аракети. Анткени жаштар репрессия эмне экенин, ал кандайча болгонун билбейт. Тарыхты билбегендиктен бизде көп көйгөйлөр, туура эмес иштер болуп жатат.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, мындан тышкары, 7-апрелде каза болгондордун сөөгү "Ата-Бейитке" коюлган болчу.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG