Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Казакстан: ачкачылык кармаган мунайчылар жоопко тартылууда


Казак мунайчыларынын соту.
Казак мунайчыларынын соту.

Казакстанда 5-январдан бери ачкачылык жарыялап жаткан мунайчылар жоопко тартылууда. Жергиликтүү сот алардын акциясын мыйзамсыз деп тапкандын бери Маңгыстау аймагындагы кенчилер сот машакатына кириптер болуп жатат.

Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясын жабууга каршы ачкачылыкка чыккан кенчилердин саны 400дү чамалаган. Соттун чечиминен кийин алар 21-январда ачкачылык акциясын токтотушкан.

Мунай курулуш компаниясынын 15 жумушчусуна тынч жыйындар мыйзамын бузду деген айып тагылып, 135-340 доллар айыппул салынды. Алардын ичинен сегизине жана дагы 20 кишиге курулуш компаниясына 9 миң долларга зыян келтирди деген айып коюлуп, ал боюнча соттук териштирүү 23-январда Актау шаарында башталды.

Дагы 14 жумушчу Шетпе шаарында сотко чакырылганын “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясынын лидерлери Амин Елеусинов жана Нурбек Кушкакбаев 21-январда камакка алынган. Кушкакбаев мыйзамсыз ачкачылык акциясын уюштурду деп күнөөлөнсө, Елеусинов мыйзамсыз чыгымдар боюнча айыпталууда.

XS
SM
MD
LG