Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Кыргыз жазуучулары Өзбекстандын баатыры, өткөн жумада сөөгү жерге берилген акын Абдулла Ариповдун чыгармаларын жалпы чыгыш адабиятына тиешелүү өзгөчө көркөм мурас катары баалайт. Анткен менен акындын поэзиясы кыргыз окурмандарына кеңири жеткен эмес. Адистердин айтуусунда, буга улуттар аралык адабий байланыштардын солгун экени себепчи.

"Ыргыткын поэзияны!"

Өзбек адабиятынын классиги Абдулла Ариповдун поэзия түйшүгү тууралуу жазган саптарынан үзүндү:

Оюнчук ойногонсубай,

Ыргыткын поэзияны,

Кайгы менен ойноого болбойт...

Жалындаган бул оттор,

Өрттөп кетет жандүйнөңдү...

Акын Карбалас Бакиров студент кезинен бери Абдулла Ариповдун күйөрманы болуп келет:

- Абдулла Арипов Орто Азиядагы эң чоң акындардын бири. Ал 1962-жылдан кийин Андрей Вознесенский, Евгений Евтушенко, Белла Ахмадулина, Роберт Рождественский, Олжас Сулейменов, бизден Омор Султанов, Сүйүнбай Эралиев ж.б топ жарган таланттуу акындар менен чогуу келген.

Абдулла Арипов 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Алгачкы ыр жыйнагы 1965-жылы “Кичинекей жылдыздар” деген ат менен жарык көргөн. ​Университеттен журналистика факультетин бүткөндөн кийин ар кыл басылмаларда редактор болуп иштеген:

Күнүгө ар түрдүү кабарлар,

Бир жерде торнадо - суу баскан.

Каалагын, каалаба баары бир,

Угасың качсаң да нур жактан.

Шамал да кучактап жакшылык,

Көңүлдү көтөрөт көгүчкөн.

Телефон уктабайт, уктабайт,

Бардыгын сен менен бөлүшкөн.

Алыскы континент үндөрү,

Каткырган, кайгырган, ыйлаган,

Космостон, оо сансыз жылдыздан,

Кабарлар келишет туйлаган.

Кабардар жел сыңар жеңилдейт,

А бирок көрүнбөйт, көрүнбөйт...

Карбалас Бакиров Абдулла Ариповдун акындыктан сырткары котормочулук ишмердүүлүгүнө да токтоло кетти:

- Арипов Данте Алигьеринин "Ажайып дүйнө" ("Божественная комедия”) чыгармасын өзбек тилине которгон. Чындыгында бул чыгарманы кыргыз тилине которуу аябай оор. Биздин кыргыз акындары азырга чейин бул чыгарманы которо алган жок. Бул аябай чоң жоопкерчиликти талап кылат.

Чыгыш менен батыш поэзиясынын синтези

Адабиятчы Абдыкерим Муратов Абдулла Ариповду Өзбекстандын эле эмес, жалпы чыгыш адабиятынын залкар таланты катары баалайт:

- Советтик чыгыш адабиятында негизинен орус поэзиясын тууроо, батыштын адабиятына таасирленүү күчтүү. Ал эми Абдулла Арипов алардан өзгөчөлөнүп, өзбектердин атам замандан бери келаткан классикалык поэзиясынын жанрларын, ошолордун формаларын мыкты өздөштүрүп, аны батыш поэзиясы менен жуурулуштуруп иштеп чыккан.

Ариповдун көп ыр жыйнактары бир нече тилде жарык көрүп, адабиятчылар акындын “Бейишке карай жол”, “Дарыгер менен өлүм”, “Улуу Темир” аттуу поэмаларын дүйнөлүк поэзия үлгүсү катары караса болорун айтышат. Анткен менен Абдыкерим Муратов Ариповдун чыгармалары дээрлик кыргыз тилине которулбаганын кеп кылды:

- Өзбек адабиятында котормо бизге караганда өтө мыкты өнүккөн. Союз учурунда аларда көркөм котормо боюнча “Чет элдер адабияты” деген журнал чыгып турган. Басмада боордош элдердин адабияты боюнча иштеген атайын адистер болгон. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун кээ бир чыгармалары кыргыз тилинен мурда өзбек тилине которулуп чыгып калар эле. Кыргыз жазуучуларынын бир нече акын-жазуучулары өзбек адабиятына өтө көп чыкты. Алар кыргыз адабиятын аябай жакшы билишти. Бирок кыргыз адабиятында аларды которуу көп көңүлгө алынган жок. Алишер Навоинин айрым чыгармалары которулду. Бирок Навоини деле кыргыз окурмандарына толук жеткире алган жокпуз.

Муратов буга чейин кыргыз тилине өзбек адабиятынын саналуу гана өкүлдөрү которулганын айтты.

Абдулла Арипов чыгармачылыгы менен бирге журналисттик кесипти аркалап, анын ичинде Өзбекстан жазуучулар биримдигинин төрагасы катары да эмгектенген.1998-жылы Өзбекстандын баатыры деген наамга ээ болгон. Хамза жана Алишер Навои атындагы мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты. Өзбек Республикасынын гимнинин автору.

Абдулла Арипов 2016-жылы 5-ноябрда 75 жаш курагында дүйнө салды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG