Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Баткен: Чек арадагы чектөөлөр кыйнады


Сох анклавына кире бериштеги кыргыз чек ара бекети.
Сох анклавына кире бериштеги кыргыз чек ара бекети.

Оштогу коогалаң башталаары менен эле Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен аймактарында күчөтүлгөн тартип киргизип, чек араларын катуу кайтарууга алуу менен бир катар чектөөлөрдү койгон.

Ошол күндөрү Баткен облусунун аймагында жайгашкан Өзбекстанын Сох анклавында эки тарап сүйлөшүп, эрте мененки саат сегизден кечки сегизге чейин жол каттамга уруксат берилип, чек арадан кирип чыгууга чектөө коюлган. Облустук бийликтегилер чек арадагы чектөөлөр өлкөдө туруктуу абал толук орносо гана алынат дешет.

Сох анклавына кире бериштеги Кыргызстандын Боз-Адыр чек ара бекетиндеги көрүнүш кечки саат сегиздин алдында дайыма ушундай ызы-чуу. Адамдар саат сегизге чейин чек ара постунан өтүп кеткенге шашылышат, анткени түнкүсүн чек арадагы жол жабык.

Июнь айында эки өлкөнүн чек ара кызматтары сүйлөшүп өлкөдө абал туруктуу болбой жаткандыктан ушундай кылып Өзбекстандын Сох анклавынан жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө күндүзү эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин гана уруксат берилген. Эрте же кеч баргандарды Сох анклавына Кыргызстандын чек арачылары киргизбей турушат. Ал жерде турган чек арачылар жогорту жактын буйругун гана аткарабыз деп түшүндүрүшөт.

Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев мындай чектөө эки тараптуу макулдашуунун негизинде киргизилгенин белгилейт:

- Ош окуясынан кийин биз өзбек чек арачылары менен бирге сүйлөшүп, убактылуу ошол жердеги өтүү эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин деп макулдашылган. Өзбек жарандары Фергана облусуна бара тургандар да ушул убакта катташат. Кайра эле анча-мынча окуялар болуп атат. Ошондуктан азырынча ушул убакытта гана өтүүлөр болсун деген сунуштарын айтышкан. Фергана облусунун чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүү болот. Ошондон кийин гана жолдор толугу менен ачылат.

Баткен-Ош багытында маршруттук каттамда жүргүнчү ташыган Султан Сапаров болсо чек арадан өтүүдө эреже өзгөргөндөн кийин текшерүү бир күчөдү, мурдакыдай анча-мынча паспоту жок атуулдарды такыр өткөрбөй коюшту, бирок кыйноо болуп түйшүк болгон жок дейт:

- Паспортту, жүктөрдү текшеришет да жөнөтө берет. Мурда паспортсуз өтчүбүз. Азыр паспортту алып барсак да өткөрбөйт.

Баткен районунун өйдөңкү аймагында жашаган он чакты айылдын тургундарынын күндөлүк турмуштары район борборуна келип-кетүү менен өтөт. Бул багытта айдоочулук кылган Нышанбай Улукбеков зарыл учурда да өткөрбөй коюшарын белгилеп, чектөөнүн убактысын бир аз кыскартып коюшса болмок дейт:

- Бизди эртең менен эрте өткөрбөйт. Сегизден кийин барганыбызда кечигип калабыз. Баткенге кээде кеч кайтып калабыз, ошондо да кичине кыйынчылыктар болот.

Минтип анклавтан транзиттик каттамда өтүүгө чектөөлөрдүн киргизилиши аймактын базар баасына, же ишкерлердин аракетине терс таасирин берген жок, бирок жөнөкөй атуулдар нааразы, кошуналар жөнөкөй атуулдардын каттоосуна шартты жеңилдетиши керек дейт облустук ишкерлер кеңешинин төрагасы Авазбек Чоотбаев:

- Кечинде өтүшкө мажбур болот эл. Мисалы бирөө каза болсо, же төрөт үйүнө бирөө жарым жөнөп калса жана башка ушундай орчундуу себептер менен эл Баткенге өтө албай бир аз кыйынчылык болуп атат. Ошондуктан түнкү чектөөнү алып салып, мурдагыдай эле жакшы жашаганга бизде толук шарт бар. Ишкерлер бүгүнкү күндө жүктөрүн айланып өтүүчү жол менен ташып атат. Ушу тапта Баткен облусунун аймагында базарларда баа туруктуу.

Облустук бийликке чек арадан өтүүдө мындай чектөөлөрдүн ыңгайсыздык жаратып жатышы тууралуу арыз-даттануулар көп болуп жатат, ошондуктан зарылчылыкка жараша кийлигишип, сүйлөшүп маселени чечип жатабыз, дейт облустук акимчиликтин укук тартип иштерин көзөмөлгө алган Таштемир Эшалиев:

- Арыз-даттануулар абдан эле көп. Эртең менен эрте Бишкекке, Ошко жөнөгөндөр дайыма эле арыздар менен кайрылышат. Биз өзүбүздүн линия боюнча тиешелүү адамдар менен сүйлөшүп, аларды өз убагында өткөрүп, катыш болуп турабыз.

XS
SM
MD
LG