Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Өзбек бекеттер жабылып, баткендиктерди жүдөттү


Өзбекстан “Дивайрам” өтмө бекетин жаап салгандан бери Баткендеги Апкан менен Бөжөй айылдарында жол каттам кыйындады.

Өзбек тарап сууну да бууп, бул айылдарда күрүч эгилген талаалар какшыганы калды. Буга нааразы айыл тургундары жол тосууга барды.

Өзбек тарап “Дивайрам” өтмө бекетин 1-августтан тарта жаап салыптыр. Баткен облусунун губернаторунун орун басары Сайитжан Эратов бул эки өлкөнүн чек арачыларынын айынан болду деп “Азаттыкка” айтып берди:

- “Дивайрам” жабылды деген бул - Апкан, Бөжөй деген айылдарыбыздын Сохтун ичиндеги транзит менен жолу узарды деген сөз. Жолдун убактысы 30 мүнөткө узарды. Баткенге келе турган болсо 40 чакырымга жол узарды. Эл буга кыжырланып, муну бийликке өз убагында жеткирген. "Өтмө бекет ачылбаса, жолду жаап койобуз" деп айткан. 3-августта айткандай эле эл жолду жапты. Элдин жол тосушун мен туура деп эсептейм. Анткени биздин чек арага жооп бере турган бийлик да өзүнүн жумушун жасашы керек. Апкан айылы чек ара тилкесине кирет. Мындай тилкеде чек арачылар гана иш алып барышы керек.

Эратов учурда жол кайра ачылганын, өтмө бекеттин жабылышына байланыштуу тополоңдорду алдын алуу үчүн эки элдин аксакалдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгиледи:

- Биздин өкүлдөр такай ошол жерде болуп жатышат.

Элге түшүндүрдүк. Андай-мындай тополоң чыкпайт. Коомдук тартипти милиция камсыз кылып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин ошол жерди кайтарууну чек арачылар күчөткөн жок. Чек араны да милиция кайтарып жатат. Эки элдин аксакалдары жолугушуп, эки эл бири-бири менен тынчтыкта жашап жатат.

Бул жерде бутту тушаган Өзбекстандын чек арачылары болуп жатат. Азыркы учурда сууну да бууп коюшкан. Ал жерде бир-эки күндөн кийин күрүч эгилет. Күрүчтөр куруп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн бул маселелерди чек арачылар сүйлөшүү менен чечиши керек.


Өзбекстан “Дивайрамды” Кыргызстан “Газпром” өтмө бекетин жапкандан кийин бүтөгөн экен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Март-апрель айларында ошол “Газпромдун” тегерегинде жашаган биздин жарандар өзбек чек арачылары өздөрүнүн эле жарандарын өткөрүп жатат, бизди өткөрбөйт деп нааразычылыктарын билдиришкен. Анан кийин биз да жарандарыбызды өткөргүлө деп суранган болчубуз. Бирок өзбек тарап биздин өтүнүчүбүзгө жакшы көңүл бурбай койгон. Анан биз 20-майдан баштап “Газпромду” жаап койгонбуз. Өзбек тарап “Дивайрамды” 1-августтан баштап жаап салды. Ушундан улам биз элдин талабын, өзбек тараптын талабын өзүбүздүн бийликке жеткирдик. Азыр бул маселе каралып жатат. Бирок чечим чыга элек.

Өзбек тарап былтыр Кыргызстандагы коогалуу окуялардан кийин чек араларын бир тараптуу жаап салган. Баткендик серепчи Базарбай Маасейитов кыргыз өкмөтү чек ара маселелерин чечүүдө чабал болуп жатканын айтты:

- Жогорку деңгээлде гана чек ара маселелерин чечиш керек деп айтылып келатат. Ал эми жергиликтүү деңгээлде эч кандай иш деле жүрө элек. Чек ара бекеттердин, аскерлердин саны көбөйүп жатат. Бирок маселе чынында чечилбей, ошол бойдон эле калып жатат. Биздин социалдык-экономикалык, саясий жактан деңгээлибиз акыркы убакта төмөндөп кетпедиби. Ошондуктан өзбек тарап бизди тоотпогондой мамиле жасап жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери өтмө бекеттер тууралуу соңку жолу былтыр сентябрь айында жолугушуп, жабылган өтмө бекеттерди кайра ачуу тууралуу макулдашкан болчу. Алардын арасында “Дивайрам” менен “Газпром” да бар эле. Эми мындай сүйлөшүүлөр качан жүргүзүп, жабылган өтмө бекеттер качан кайра ачылары белгисиз.
XS
SM
MD
LG