Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Баткен бийлиги Өзбекстанга карыз доосун күчөттү


Өзбекстандын Баткендин аймагындагы газ камоочу ишканасы, Бүргөндү өрөөнү.
Өзбекстандын Баткендин аймагындагы газ камоочу ишканасы, Бүргөндү өрөөнү.

Облус бийлиги Өзбекстан пайдаланып келген мунай, газ чыккан жерлер үчүн салык карызын өндүрүү аракетин көрүүдө.

Баткендин Өзбекстанга жакын Бүргөндү аймагында, чек арадан 20 чакырымдай ичкериде кошуналар 1270 гектар жерден мунайзат жана көгүлтүр отун тартып алып, иштетип келишет. Облус бийлигинин эсебинде, башкасын албаганда да жер салыгына эле өзбек тарап азырга чейин 758 млн. сом карыз. Карызды өндүрүү аракеттери натыйжа бербеген соң облус жетекчилиги эми ошол ишканалардын мүлкүн болсо да карызга сыныштырып алууну көздөөдө.

Кайтпаган карыз


Өзбекстан Баткен облусунун аймагынан 1000 гектардан ашык жерди тээ Совет заманынан бери эле мунай зат жана газ тартып алуу, аны камоо үчүн пайдаланып келет. Өлкөлөр эгемендик алгандан кийин деле бул жердеги кен байлыктарын кошуна өлкө мурдагыдай эле пайдаланып келди. Кыргыз тарап кен чыккан бул жерди өткөрүп алууга соңку жылдары гана аракет кыла баштады. Бирок андан азырынча майнап чыга элек.

Кошуна өлкө Кыргызстандан канча мунай, газ тартып алып жатканынын чынында так эсеби жок. Баткен облусунун бийлиги кен байлык эмес, ошол өзбек ишканалары турган жер үчүн салыгын төлөтө албай убара. Облус бийлигинин эсебинде, быйыл жыл башына карай Өзбекстандын жер салыгы үчүн карызы 750 млн. сомдон ашкан. Бирок эч кандай келишим же макулдашуу, ижарага алуу сыяктуу расмий документтер болбогондуктан кошуналар мындай карызды төлөө жөнүндө ойлонуп да койбогондой. Не дегенде, жергиликтүү бийлик бул карызды өндүрүү үчүн өзбек бийлигине, жерди иштетип жаткан “Фергана нефти” акционердик коомуна бир канча ирет расмий кайрылганы менен эч кандай жооп болгон эмес.

Облустук салык кызматынын башчысы Рахматбек Рустамов бул боюнча райондор аралык сотко кайрылуусу да кабыл алынбаганын айтат:

- Кошуналардын биздин аймакта жалпысынан 22 мекемеси бар. Анын ичинен 12 мекеменин карызын өндүрүү маселеси оор болуп жатат. Алардын иши боюнча райондор аралык сотко кайрылсак, кабыл албай коюшту. Өзбекстанга кайрылгыла дейт. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Анан да ишкананын башкы кеңселери кайсыл даректе экенин да билбейбиз.


Ишке ашпаган токтомдор...


Коомчулукта болсо Кыргызстан Өзбекстандан алган газ үчүн анча-мынча эле карыз болуп калса кошуналар газды өчүрүп салаарын, а Кыргызстан бул өлкө минтип жер астынан газ, мунайын тартып алып кетип жатса унчукпай карап турганына таң калгандар жок эмес. Бул маселе каралган жыйында облус жетекчиси Жеңиш Разаков да кошуналардын жок дегенде жер салыгын өндүрүп алуу маселесин козгоду:

- Учурда Кыргызстандын ар бир жараны колдонгон жер үчүн салыгын төлөп жатат. Анан эми чет өлкөлүк компания таап жаткан кирешесин айтпаганда да жер салыгын төлөбөй жатышын кандай түшүнсө болот? Бул маселе 1992-жылкы макулдашуу эле аткарылганда бүтүш керек болчу. (1992-жылкы макулдашууга ылайык, бул аймактагы мекемелер Кыргызстанга өтүшү керек эле)

Облус башчысы мындан улам тиешелүү кызматтарга кошуналар карызын төлөбөсө кыргыз жеринде турган алардын ишканаларындагы мүлкүн болсо да мыйзам негизинде карыз ордуна алуу тапшырмасын берди:

- Өзбекстанга билдирүү жөнөттүк деп эле карап отура берүү туура эмес да. Кошуналар мындай кызматтын билдирүүсү эмес, киши өлүмү тууралуу эл аралык талаптарга жооп бербей жатышат. Мындайда атайын мыйзамдар бар. Ошол мыйзамга ылайык, тартип менен алардын мүлкүн алууга болот да. Ошону жакын арада аткаргыла. Бул тапшырманын жыйынтыгын мен өзүм көзөмөлгө алам. Өз деңгээлибизде ишти алып барышыбыз керек.

Кошуналар Кыргызстан аймагынан мунай, газ өндүрүп жаткан аймакты Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси бир топ жылдан бери эле айтылып, бирок ишке ашпай келет.
2000-жылдары облустун биринчи губернатору Мамат Айбалаев маселени чечүүгө аракеттенип, а түгүл кыргыз жерин, кенин бекер пайдаланып келгени үчүн Өзбекстанды эл аралык сотторго берип, карыздарды өндүрүп алуу демилгесин да козгогон. Бирок ошо тушта облус бийлигинин мындай демилгеси расмий Бишкектен колдоо да тапкан эмес.

Канткен менен 2010-жылы өлкөдө бийлик алмашкан соң, бул иште бир аз жылыш байкалгандай болгон. Андагы президент Роза Отунбаева “Түндүк Сох” жана “Чоң-Кара-Галча” мунай бургулоочу жайларын Кыргызстанга өткөрүп алуу тууралуу буйрук чыгарган. Жогорку Кеңеш да 2011-жылы Бүргөндүдөгү кендерди кайрып алуу боюнча токтом кабыл алып, аны аткарууну өкмөткө табыштаган болчу. Бирок бул жайлар азыркыга чейин кайтарыла элек.

XS
SM
MD
LG