Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Абдразаков: Жабык чек арадан ортомчулар туйтунууда


Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда жашылча-жемиштерди алыш-бериш 60-70 пайызга чейин кыскарды. Адистердин айтымында, товарлар жалаң аткезчилик жол менен өтүп жатат. Бул багытта "Азаттыктын" суроолоруна экономист Эркин Абдразаков жооп берди.

Эркин Абдразаков: “Кошунаңа жакшы мамиле кылсаң өзүңүн да жаның тынч, элиңе да жакшы пайда болот” деген илгертен бери айтылган сөз бар. Бирок биз ушул маселени чечпей келатабыз. Менимче, сөзсүз түрдө мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүгө барыш керек. Экинчиден, Ош коогалаңына баа берилбегендиги, мамлекеттик деңгээлде маселени кардиналдуу чечпей жаткандыгы дагы кошуналарды кооптондуруп, ишеним жок болуп турат. Андан сырткары быйыл жаратылыш шарттарына байланыштуу биз кыйналып турган чакта кошуналардын чек араны ачпай, терс мамиле кылышы өкүндүрөт.

Эки-үч жыл мурда эле Өзбекстан, Тажикстан менен биргелешип, чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактарда чек ара соодасын ишке ашырууга аракеттер болгон. Бирок акыркы убакта Кыргызстандагы саясий кырдаалга жана жалпы Борбор Азиядагы окуяларга байланыштуу Өзбекстан өзүнүн чек арасын аябай чыңдап жатат. Азыр Кыргызстан жана Тажикстан менен чек арасын абдан катуу кайтарууга алууда.

“Азаттык”: Чек аралар жабык турган менен жашылча-жемиштер аткезчилик жол менен ташылып, баалар былтыркыга салыштырмалуу 30% кымбат болуп жаткан экен. Чек аралардын жабык турушу Кыргызстанга эле эмес, Өзбекстанга деле терс таасирин тийгизип атканы айтылып атат. Мындан чыгуунун кандай айласы бар?

Эркин Абдразаков: Бул жерде чындыгында ортомчулар эле пайда таап жатышат. Элдин кызыкчылыгын ойлогон деле эч ким жок. Менимче, жергиликтүү бийликтердин өтө эле чабалдыгы, алсыздыгы болууда. Ал эми борбордук бийлик митинг, оппозиция, портфел бөлүшүү менен эле алек болуп калышты. Азыр эки баскычтуу бюджетке өттүк, бирок ушул кезге чейин азык-түлүк менен камсыз кылуу маселесине көңүл бурулган жок. Өзүбүздө өндүрүлгөн арзан нерселерди өткөрө албай, кыйналып дыйкандар оор акыбалда калды. Мамлекеттик чарбачыл чиновниктер болсо муну чечип койсо болмок.

“Азаттык”: Чек аралар жабык турган менен көмүскө экономика кыйла өскөнү айтылган. Муну кантип жөнгө салуу керек?

Эркин Абдразаков: Мурда көмүскө экономикасын каржы полициясы жана башка фискалдык органдар катуу карап аракет кылып баштаган. Азыр бул уюмду жоюп койгондон бери дегеле буга көңүл буруп иштеген жери жок. Ушул кезге чейин эле кызматкерлерди толук ала элек, толук кандуу кызмат түзүлө элек. Экинчиден, бийликтегилер дагы эртеңки күндө эмне болобуз деген акыбалда эле турушат.

XS
SM
MD
LG