Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Кыргыз-өзбек темир жолу жабылды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы темир жол бекети, Кара-Суу району, 23-январь, 2013.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы темир жол бекети, Кара-Суу району, 23-январь, 2013.

Өзбекстан Кыргызстан менен эми темир жол өткөрмөлөрүн да жаап салды. Аз күн мурда кара жол да жабылган болчу.

Учурда чек арада эки тарапта тең жүздөгөн вагондор жол карап отурушканы кабарланууда. Чек аралаш аймакта жашаган туугандар да ары-бери каттай албай азапка түшүүдө.

Кара-Суу шаарынын жака белиндеги Өзбекстан менен чектешкан 11-кварталдагы темир жол түз эле коңшу өлкөгө кирип барат. Чек ара зымдарынын жанында түркүкчөдө бир жагында “Узбекистон темир йуллари”, а бир тарабында “Киргизская железная дорога” деген жазуулар турат. Андан арыракта эле өзбек чек арачысы автомат кармап, Кыргызстан жакты тиктеп турат. Поезд өтчү жолдо эч кандай зым, же атайын шлагбаум да жок. Бирок темир жолдун үстүн кар басып турганынан эле мында бир канча күндөн бери кыймыл жок экенин билүүгө болот.

Кара-Суудагы темир жол бекети, 23-январь, 2013.
Кара-Суудагы темир жол бекети, 23-январь, 2013.
Бир эле темир жол эмес, башка өтмө жайлардан өтүү да мүмкүн болбой турганын кварталдын комитет башчысы Акбаржан Арипжанов айтып берди:

- Темир жолдун чек арасы мобу биздин көрүстөндөн кийинки жер. Ошондон ары жагы Өзбекстанга карайт. Темир жолдун бул жак капталы дагы коңшу өлкөгө тиешелүү жер. Кечээ 2-3 күндөн бери поюздар такыр өтпөй калды. Жөнөкөй адамдарды өткөрүү пункттары деле жабык бойдон турат. Тууган-урук, келин-кесек менен эч эле катыша албай калдык. Чынын айтсак, өлгүдөй кыйналып жатабыз. Бул жактан эч кимди, ары да, бери да өткөзбөйт. Наркы бетинде Өзбекстандын аскерлери, биз тарапта Кыргызстандын жоокерлери. Бирок өзбек аскерлери эч кимди өткөзбөйт деп биздин жоокерлер бул жакты көп деле кайтарбайт.

Кара-Суунун дагы бир жашоочусу Калилжан азыр “Достук” өтмө бекетинен да адамдар ары бери каттай албай жатканын айтат:

Кара-Суу темир жол бекети, 23-январь, 2013.
Кара-Суу темир жол бекети, 23-январь, 2013.
- Мурдараак “Достук” бекети аркылуу ары-бери каттап аткан элек. Эми 15-январдан бери эч жакка каттай албай убарабыз. Кээде өтүп баратып эки өлкөгө тең тиешелүү эмес, нейтралдуу жерде, ортодо бир-эки күндөп калып калган учурлар болуп атат. Мобу кышкы суукта, ошол жерде калып жатышты. Өзбекстанга өтсөң мөөнөтү 3 күн гана. Үч күндун ичинде каттоого турушуң керек, же чыгып кетишиң керек. Чыкканга үлгүрбөй калсаң, айып салат. А алар Кыргызстанга өтсө 5 күнгө чейин эркин жүрө берет.

Аңгыча эле чек ара тилкесинде Өзбекстандын аскерлери көбөйүп бизди, атып жиберчүдөй акмалай башташты. Бизге кооптуу сезилген менен, жергиликтүүлөр мындайга көнүп деле калышкандай.

Кыргыз-өзбек темир жолунан негизинен курулуш материалдары, көмүр-отун, күйүүчү майлоочу майлар, тиричилик буюмдары, буудай жана башка азык-түлүктөр ары-бери ташылып турчу. Учурда Кара-Сууда 120дай, Ош шаарында 100дөй вагон чек аранын ачылышын күтүп турат. Алар Кыргызстанга, Өзбекстанга, Кытайга жана Казакстанга тиешелүү жүктөр. Өзбекстан тарапта да ушундай эле вагондор жолдун ачылаарын күтүп турушканы жөнүндө маалымат бар.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Кара-Суу бекетинин башчысы Алижан Сайгазиев буларды айтат:

- 21-январда эмес, 17-январдан бери эле бизде каттоо жок. Өзбекстандын вагон ташып кете турган локомотиви бузулуп калыптыр деп жатышат. Негизи биздеги вагондордун баарын ошолордун Локомотиви тартып кетет. Ортодогу келишим боюнча ушундай болуш керек. Биз жүктөрдүн баарын Кыргызстандын башка жактарынан ушул жерге чейин ташып келебиз, алар бул жерден ары сүйрөп кетишет. Бул шылтоо эле болуп жаткандай. Анткени Кара-Суу ушинтип жабылып жатса, калган темир жолдор эмнеге иштебей турат. Муну аныкташ үчүн алар менен байланышсак жооп бербей жатышат.

Кара-Суудагы темир жол бекети, 23-январь.
Кара-Суудагы темир жол бекети, 23-январь.
Кыргызстан жана Өзбекстан темир жолдорунун жабылышы чек ара чатактарынын эле уландысы экенин серепчилер белгилешүүдө. Оштук байкоочу Эркин Абдыразаков “Азаттыкка” мындай деди:

- Бул Кыргызстандагы Сох анклавында эле болгон окуялардын уландысы. Бул биринчиден. Экинчиден, Өзбекстан өзүнүн амбициясын дагы көрсөтүп коёюн деп жатат. Булар Борбор Азиядагы биринчи, же таасирлүү, күчтүү мамлекет экенин сездирип коюш үчүн, саясатты мына биз аныктайбыз дегендей кылып аткандагысы. Алар ансыз деле ЖККУдан дагы, ШКУдан дагы, КМШдан дагы чыгабыз деп келаткан болчу да. Бирок эми өкмөтүбүз тез аранын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өзбекстанга мамлекеттик келишимдердеги милдеттерин эскертип коюшу керек. Маселени чечишпесе аймакта дагы нааразылыктар күчөп, дагы конфликттер чыгышы мүмкүн.


Кара-Суудагы кыргыз-өзбек чек арасы, 23-январь.
Кара-Суудагы кыргыз-өзбек чек арасы, 23-январь.
Серепчи темир жолдордун иштебей калышы эки тарапка тең экономикалык зыян алып келээрин кошумчалады:

- Эл аралык деңгээлдеги транзит жүктү кошуна мамлекетке алдын ала эскертип, себептерин айтып, макулдашып туруп, анан кийин гана жабыш керек эле. Бул албетте өзбекстандыктардын өздөрүнүн эрки. Ошентсе да аларда өндүрүлгөн азык-түлүктөр бышканда кайра эле бизге күнү түшөт.

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактагы Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Жалал-Абад жана Шамалды-Сай темир жол өткөрмө бекеттерин Өзбекстан 21-январда өзү жагынан жаап койду деп кыргыз чек ара кызматтары кабарлаган. Кара-Суудагы бекет техникалык себептен улам жабылганы, ал эми калгандары боюнча өзбек тарап так маалымат бербегени айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG