Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

“Достук” чек ара бекетиндеги азап


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара бекети. Ош, 26-октябрь, 2011.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара бекети. Ош, 26-октябрь, 2011.

Дээрлик үч жарым жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстанды Оштогу “Достук” өткөрмө бекети гана байланыштырып турат.

Бир суткада он саат гана иштеп жаткан бул бекетте күнүгө жүздөгөн адамдар кезек күтүшөт. Алар Ош жана Жалал-Абад облусунун түрдүү аймактарынан келген жарандар. Анткени башка чек ара бекеттеринен өтүү үчүн тигил же бул тараптан атайын чакыруу телеграммасы жөнөтүлүшү шарт. Нары-бери каттап жүргөндөр чек арадан өтүүнүн азабы жанга батканын айтып кейишет. Биз да “Достук” өткөрмө бекетине барып, ал жерден ары-бери каттап жаткандардын түйшүгүн жон терибиз менен сезип кайттык.





2010-жылдагы апрель жана июнь окуялары учурунда өзбек тарап бардык чек ара бекеттерин жаап, бир топтон соң Кара-Суу районундагы “Достук” өткөрмө бекетин гана ачкан. Ошондон бери эки өлкө жарандары ушул жерден гана ары-бери катташат. Калган бекеттер атайын чакыруу телеграммасы бар кишилерди гана өткөрөт.

“Достуктан” күн сайын аз эле дегенде 400-500дөй адам Өзбекстанга, дагы ошончо киши Кыргызстанга өтөт. Өткөрмө пункту саат сегизден кечки алтыга чейин иштейт. Таң атып-атпай эле эки жакта тең узун кезек пайда болот. Биринин колунда ымыркайы болсо, бири чоң себет көтөрүп алган. Эртерээк өтүп алабыз деген үмүттө балдарын түн уйкудан ойготуп, жетелеп келгендери толтура.

"Достук" чек ара бекети, 26-октябрь, 2011.

"Достук" чек ара бекети, 26-октябрь, 2011.

Көпчүлүгү Өзбекстандан Кыргызстанга келин болуп түшкөн айымдар жана туугандарынан кабар алганы бараткан улгайган кишилер. Алар кезеги келгенге чейин отуруп турайын десе жумшак отургучту кой, катуу дөңгөч да коюлган эмес.
Бардыгынын алаканында сыя менен жазылган номурлар бар. Бул алардын канчанчы кезекте экенин билдирип турат. Номурларды чек ара бекетинде акча алмаштырып отургандар жазып беришет. Адашып кетпөө үчүн эки нускада жазылат. Бири кагазга, бири алаканга...

Чек арадан эртерээк өтүп алууну көздөгөндөр бекеттин алдына таңкы саат төрт-бештерде эле келишет. Антпесе, кезектин аягына араң илинишиң мүмкүн. Таң аткандан соң келгендердин номуру үч жүзүнчүдөн нары болот.

Өткөрмө пункту таңкы саат сегизде ачылат. Бул убакыт кагазда гана көрсөтүлгөндөй. Иш жүзүндө чек арачылар жумушту айтылган убакыттан 20-30 мүнөткө кеч башташаарына күбө болдук. Ага чейин дарбазада чоң кулпу илинип турат. Бул арада кезек күткөндөр саргайып, темир тосмону тиктеп тура беришет. Баса, саат сегиз-сегиз жарым болмоюнча чек ара тосмосунун жанында аскерлер да көрүнбөйт.

Темир тосмого илинген кулпу ачылаары менен адамдар тобу алдыга жүткүнүшөт. Бирок баары бир майнап жок. Чек арачылар алгач ошол жердеги жүк машинелерин өткөрүп, андан соң гана адамдарга кезек келет. Бул убакытта жамгыр же кар жаайбы, ызгаар болобу, адамдар катарлашып тик турууга мажбур.

Кезекте тургандар орун талашып, урушуп кеткен учурлар да аз эмес. Бири-бирин жөөлөп атып, жыгылып түшкөндөрү да болот. Бир жагынан суукка же курсагы ачканына чыдабай балдар ыйлап жанды кейитет. Көптөн бери каттап жүргөндөр үйүнөн нан-чайын алып келет. Анткени күн көтөрүлгөнгө чейин бул жерде дүкөндөр иштебейт. Андан кабары жок келгендер курсагы ачканына кайыл болуп кезегин күтөт.

“Достук” чек ара бекети, 20-июль, 2012.

“Достук” чек ара бекети, 20-июль, 2012.

Айтмакчы, ажаткана да өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Санитардык талаптарга жооп бербеген ажаткана эки жакка каттоочулардын кызматында. Ал жерге кирип-чыгуу 15 сом турат.

Ошентип акыры чек ара ачылып, бир-бирден адамдар өтө баштайт. Кезек күтүүнү каалабагандар “коммерциялык” жол менен өтөт. Ал жерде аскерлер менен тил табыштырган эки-үч ортомчу бар. Аларга эки жүз сом берсеңиз, сизди башка дарбазадан өткөрүп коюшат.

Тосмодон өткөн менен түйшүк азайып калбайт. Паспортуңузга “Кыргызстандан чыкты” деген белгини бастыруу да өзүнчө көйгөй. Колуна мөөр кармап алган чек ара кызматкери ачык эле 100 сом сурайт. Мындай көрүнүшкө мен өз көзүм менен күбө болдум. Эгер укугуңузду талашып, мыйзамды оозансаңыз, паспортуңузду тартмасына салып коёт да, сизден кийинкилер менен сүйлөшө берет. Ал жерде сиздин укугуңуз жөнүндө жазылып коюлган эскертмелер жөн эле көргөзмө үчүн илингендей. Корс мамиле жасаган чек арачылардын үстүнөн арыздана турган ишеним телефондору жазып коюлганы менен, ага көңүл бурган киши жок. Тууган-уругуна каттаган, же той-маарекеге кетип жаткан кишилердин пулдун бир бөлүгү чек арачылардын чөнтөгүнө агып жатканы байкалат.

“Достук” чек ара бекети, 26-октябрь, 2011.

“Достук” чек ара бекети, 26-октябрь, 2011.

Ошентип отуруп, Өзбекстандын өткөрмө бекетине келесиз. Бул жердеги кезек андан бетер азабыңызды колго берет. Дагы башынан кезекке туруп, алаканыңызга номур жазасыз. Кыргызстандан өтүп жатканда эркек-аял дебей бир катарга тизилсеңиз, бул жакта аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө, балалуулар өзүнчө болуп турушу керек. Аскердин буйругу менен аялдардан экөө, эркектерден бирөө, балалуулардан үчөө кезектеп өтө баштайт. Кокус адашып эркектер аялдар жакка, же айымдар мырзалардын катарына өтүп калса, аскер жигит жазалоо иретинде 15 мүнөткө тосмону жаап коёт. Ачып коюшун сурансаңыз же бир аз катуу сүйлөп койсоңуз, балээге калганыңыз ошол. Кезегиңизди артыңыздагы он кишиге бошотууга мажбур болосуз.

Бул жерде бир аял вагондо тамак-аш бышырып сатат, анысы да кымбат. Бир пиала чайды 5 сомго сатып аласыз. Баса, чек ара бекетинин айланасы таштандыга толо. Кезеги келгенче бош турбайын дегендер вагондо соода кылган эжеден семичке алып чагат... Аны чек ара кызматкерлери тазалашы керекпи, же ошол жерде тамак-аш сатып, ажаткана иштетип акча таап жаткандар шыпырышы керекпи, белгисиз.

Түйшүк кошуна өлкөнүн бажы кызматкерлерине келгенде ого бетер оорлошот. Бажы декларациясын эки нускада толтуруш керек. Каттагандардын көбү улгайган кишилер болгондуктан, декларацияны ката толтуруп, бажы кызматкерлеринин жемесине кабылышат. Бажычылардын жанында да ашыкча сүйлөбөңүз кокуй. Эгер бирдемени байкабай балп эттирип алсаңыз, алар да жазалоо иретинде кезегиңизди беш кишиден нарыга жылдырып салышат. Көтөрүп кетип жаткан сумкаңызды компьютердик текшерүүдөн өткөргөн соң, ачып ичиндеги буюмдарды сыртка чыгарып, дагы бир жолу көз текшерүү кылышат.

“Достук” чек ара бекети, 20-июль, 2012.

“Достук” чек ара бекети, 20-июль, 2012.

Өткөрүү пунктунун кире беришине видеокамера, фотоаппарат жана телефон алып өтүүгө мүмкүн эмес деген белги илип коюлгандыктан, кокус кол телефонуңуз шыңгырап калса, аскерлерге же бажы кызматкерлерине жалыйна төлөшүңүзгө туура келет. Жалыйнанын суммасы так эмес. Алар айткан акчаны гана бересиз. Ал үчүн сизге эч кандай эсеп-дүмүрчөк берилбейт. Мына ушул себептен мен үн жазгычымды колдоно алган жокмун.

Ошентип чек ара бекетинен миң азап менен өтөсүз. Кокус кезегиңиз жеткенге чейин кеч кирип калса, эртеси күнү келүүгө мажбурсуз же ошол жерде үйүн ижарага бергендерге 200 сом төлөп жатып каласыз.

Өзбекстанга өтүп алып, кошуна өлкөнүн аймагында үч күндөн көп жүрө турган болсоңуз, тийиштүү кызматка барып, 5 доллар төлөп, каттоого турушуңуз шарт. Антпесеңиз, мыйзам бузду деген кине менен жоопко тартыласыз.

Кайра келатканда, башка аймактардагы чек ара бекеттеринен өтө берүүгө уруксат бар. Эгер артыңызга кайра “Достук” аркылуу кайтам десеңиз, кетип жатканда баштан кечирген түйшүктү дагы бир жолу көрүүгө туура келет... Тилекке каршы “Достукта” күн сайын ушундай

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG