Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Өзбекстан такталбаган жерге жол салуудабы?


Жергиликтүүлөр өзбек чек арачылары ушундай жазуу калтырганын айтууда. Чоң-Сай, Ала-Бука. 2016

Жергиликтүүлөр өзбек чек арачылары ушундай жазуу калтырганын айтууда. Чоң-Сай, Ала-Бука. 2016

Өзбекстан Ала-Бука районундагы тактала элек аймакка жол салуусун кайрадан жандантканы айтылууда.

Бийликтер муну четке какканы менен жергиликтүү эл коңшу өлкөнүн аскерлери көбүнчө түнкүсүн иштеп жатканын айтышат. Алар эгер жолду Чоң-Сай кыштагына чейин куруп келишсе, Кыргызстандын бул айылы Өзбекстандын ичинде анклав болуп калышы мүмкүн. Ташкенттин мындай аракетин адистер “пансионаттарга карата жооп” катары баалашууда.

Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Өзбекстан менен такталбаган Чоң-Сай же Арап деп аталган тилкесине өзбек тарап жол куруп жатканы 5-апрель күнү маалымдалган. Аны Көк-Таш айылдык кеңештин депутаттары кабарлап, бийликтерди буга тез арада чара көрүүгө чакырган эле.

Бирок жергиликтүү бийликтер аймакка барып жагдай менен таанышкандан кийин, Өзбекстандын аскерлери тактала элек тилкеге жол салып жатканын четке каккан.

Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев “Азаттыкка” буларды айтты:

Чоң-Сай аймагы, Ала-Бука

Чоң-Сай аймагы, Ала-Бука

- Өзбекстандыктар Чоң-Сай айылына чейин жол салып жатат деп кабар тарагандан кийин эле кечээ ал жерди барып көрдүк. Ал аймакта өзбек чек арачылары көрүнбөйт. Эч ким эч жерде, эч кандай жол салган жок. Барганыбызда элди чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Айылдыктарга такталбаган жерге мал кайтарууга болбосун жана ал жерлерге жакын барбоосун түшүндүрдүк.

Мамлекеттик чек ара кызматы да Ала-Букадагы чек ара отряды кадимки режимде иштеп жатканын айтып, өзбек тарап такталбаган тилкеге жол куруп жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Бирок Чоң-Сай айылынын тургундары Өзбекстандын аскерлери жол куруу иштерин түнкүсүн жүргүзгөндүктөн тактала элек аймакты басып өтүп, Кыргызстандын аймагына чейин кирип келгенин айтууда. Чоң-Сай айылынын тургуну Ашыралы Каримов мындай деди:

- Бийликтер калп айтып жатат. Алар жол салганын ушу күндөрү да улантууда. Биздин аскерлер келгенде токтоп калышат, кайра эле жол салууну уланта беришет. Көбүнчө түнкүсүн иштешет. Акырча деген бел бар, ошондон бери сайды, биз тарапты көздөй жол жасап келе жатышат. Айылыбызга болгону 300-400 метр калды. Кол менен таштарды талкалап, машине жүргөнгө ылайыкташтырууда. Анын баарын биздин жоокерлерге айтсак, “алар сайдан бери өтпөйт, кыжаалат болбогула” деп кайра кетишет. Эмне кылышты түшүнбөй калдык, бул жерден жашоодон деле кооптонуп атабыз. Сабыр кылгыла дейт, сабыр кылалы десек, өзбек тарап акыркы эки-үч жылдан бери эзип бүттү. Балдарыбыз мал карап жүрсө сабап, карыларды өздөрүнө алып кирип кетишет. Аялдарыбыз болсо кармалап, ар нерсе кылып мыскылдап ойношот. Кааласа атып салышат. Мына ушул жыл башынан бери эле биз айылдан үч адамды кармап кетип, кайра араң куткарып чыктык.

Өзбекстан эптеп Ташкентте өтө турган саммитке чейин унчукпай турат да, андан кийин башка кадамдарга өтөт. Ошол себептүү биздин бийликтер аларды күтүп эле отура бербей, өзү да аларды тынбай жолугушууга чакырышы керек.

Бул аракет улана берсе, өзбек тарап аз күндө Чоң-Сай айылын район борбору менен туташтырган жолду да жаап салышы мүмкүн. Анда бул кыштак Өзбекстандын ичинде анклав болуп калуу коркунучу бар:

- Кечээ бийликтер келгенде райондук бийликтерге кайра-кайра эскертип айтканбыз. Тезирээк бир чара көргүлө дегенбиз. Бирок алардан эч кандай аракет жок. Ал эми Өзбекстан болсо күнү-түнү жол казып, бизге жакындап келатат. Азыр айылга 300 метр калса, бизди Көк-Таш, Ала-Бука менен туташтырып турган жолго алар 100 эле метр калышты. Так ошол жерде сайда бир чоң көпүрө бар, ошону көздөй жылып келатышат. Эгер ал көпүрөнү бууп сала турган болсо, биздин башка каттай турган жолубуз жок, Өзбекстандын ичинде анклав болуп калабыз. Алар көпүрөнү бир сааттан кийинби же бүгүн, эртең тосот, - дейт Ашыралы Каримов.

Көк-Таштан 18 чакырым алыс жайгашкан Чоң-Сай (Арап) айылында 150гө жакын түтүн жашайт. Ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 19 миң гектардан ашык такталбаган жер бар.

Чоңсайлыктардын дагы бири Алимбек Абдуллаев айылдын жогору жагына 7-апрелде өзбекстандыктар таш менен “Т” деп жазып, аны ак кылып сырдап кетишкенин айтууда:

- Таш менен “Т” деп жазып кетишкени алар ошондон өйдө жагы Өзбекстандыкы деген мааниде экен, “токто” дегенди түшүндүрөт окшойт. Ал биздин айылдын эң жогорку үйүнөн бир 100 эле метр жогору жерде болуп атат. Ал жерлерде биздин жашоочулардын үлүш жери, жайыттар бар. Канча жылдан бери эле биз ал жакта биз ээн-эркин жүрчүбүз. Эми мына акыркы үч-төрт күндөн бери өзбекстандыктар бир тарабы жол аркылуу, бир тарабы биздин айылдын үстү аркылуу жакындап келатат. Буларга биздин бийлик эч нерсе дебесе, алар Чоң-Сай айылын деле алып коюшат. Эгер келип биздин айылдын жолуна пост коюп койсо, болду биз эч жакка өтө албай калабыз. Эң коркунучтуусу, бул жерде телефон иштебейт, "Мегаком" да, "Билайн" да антенна койбой коюшкан. Эгер алар бизди басып алса, биз эч кимге кабардар кыла албай эле отуруп калабыз.

Мурда Өзбекстандын чек ара тозоту Чоң-Сай айылынан беш-алты чакырым алыста жайгашчу. Аталган аймак тактала электигине карабай, коңшу мамлекеттин аскерлери жыл сайын акырындан жылып келатып, ортодо бир сыйра сүйлөшүүлөрдөн кийин токтоп калган. Бирок акыркы күндөрү бул аракетин кескин жанданткан.

Бул аракетти айрымдар Кыргызстан Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионатын тартып алганына “жооп” катары баалашууда. Экономика жана чек аралар боюнча эксперт Эркин Абдразаков буларга токтолду:

- Мунун баары өткөндө Аксыда уланган Чаласарт участкасына аскерлерин киргизип алган процесстин эле уландысы. Болгону Кыргызстандын жасап жаткан акыркы кадамдарына карата пикирин дагы жаңылап койду. Тоготпогондугунун, өзүнүн күчтүү мамлекет экендигин билдиргиси келип, улам бир жагынан чабуул коюп жатат. Өзбекстан эптеп Ташкентте өтө турган саммитке чейин унчукпай турат да, андан кийин башка кадамдарга өтөт. Ошол себептүү биздин бийликтер аларды күтүп эле отура бербей, өзү да аларды тынбай жолугушууга чакырышы керек. Президент, өкмөт баш болуп ачуу сын айтып отура берүүдөн маселе чечилбейт. Кыргызстан өз ичиндеги эле жерлерди менчикке өткөрүп алдык дегенге сыймыктанбай, талаш, такталбаган аймактарды тезирээк чечиши керек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында тактала элек 58 участок бар. Анын 22си Жалал-Абад облусунун аймагында.

Ала-Бука районунун Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешкен аймагы 202 чакырымга созулуп жатат. Райондогу 41 айылдын 19у чек ара аймактарында жайгашкан.

18-мартта Аксыдагы тактала элек Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келиши кыргыз тараптын нааразылыгын жаратып, чек арадагы абал курчуп кеткен. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын койгон. Өзбек аскерлери кыргызстандыктарды ал жерден паспортун текшерип өткөрө баштаган. Кийин чек ара кызматтарынын сүйлөшүүсүнөн кийин өзбек тарап аскерлерин кайра чыгарып кеткен.

Былтыр да Ала-Буканын Баймак айылынын тургундары мал жайып жүргөн жайытына чыга албай жатканын айтышкан. Буга Өзбекстандын чек арачылары таш тизип, эч кимди өткөрбөй жатканы себеп болгон. Натыйжада, айылдыктардын 320 гектар жайыты кошуна өлкөнүн чек арачыларынын көзөмөлүндө калып кеткен.

Ушундай келишпестиктердин алдын алуу үчүн Ала-Бука жана Аксы районунун талаштуу аймактарында жашаган жергиликтүү эл кыргыз-өзбек чек арасын эртерээк тактап, белгилерди коюп берүүсүн өкмөттөн суранууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG