Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Баткендин Бүргөндүсүндөгү үч тилке Өзбекстандын пайдасына картага чийилгени айтылууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров бул окуяны мамлекеттик чыккынчылык катары баалап, ага тиешеси бар ошол кездеги өкмөттүк чиновниктерди жоопко тартуу талабын койду:

- Биз жактан чийилип, талкууга жөнөтүлгөн ошол карта Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет. Ал карта буга чейинки талаштуу документтердин бирине да дал келбейт. Анда мына ошону чийгендер кайсыга таянып, анан ошол картаны сунуштап жөнөтүшкөн? Мына ошол алмаштыруу картасы жана ошого кошумча биз жактан жөнөтүлгөн каттар бар экен. Мунун бардыгы эми ачыкка чыгып жатпайбы. Ошондуктан буга катышы болгон ошол кездеги өкмөттүк аткаминерлерди жоопко тартуу керек. Анткени бул мамлекетке жасалган чыккынчылык!

Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламанов аталган маселеде Кыргызстандын кызыкчылыгына доо кетпегенин айтып, ал айыптоону курулай жалаа катары сыпаттады.

Баткен облусунун Бүргөндү аймагындагы үч чек ара тилкеси Өзбекстандын карамагына өтө тургандай шартта картага чийилген. Жалпысынан он жети чарчы километр аянтты түзгөн ал тилке Кыргызстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясы тарабынан даярдалган. Буга таянып алган ырасмий Ташкен учурда талаштуу делген 55 чек ара тилкесинен үчөөнү өзүнүн пайдасы үчүн талаштуу участоктордун тизмесинен чыгарууну талап кылууда.


Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын газ ишканасы. Бүргөндү өрөөнү.

Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын газ ишканасы. Бүргөндү өрөөнү.

Газ жана мунай кендери бар Бүргөндү аймагын совет мезгилинен бери Өзбекстан пайдаланып келген. Бирок ал аймак союз таркагандан кийин деле анын карамагында кала берген. 1924-жылкы карта боюнча Өзбекстанга таандык деген жүйө менен расмий Бишкектин аталган чек ара тилкелерин кайтарып берүү өтүнүчүн кошуна мамлекет четке кагып келген.

Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн учурдагы жетекчиси Курбанбай Искандаров чек араны тактоо боюнча алмашуу картасы укуктук күчкө ээ эмес деген жүйөнү келтирип, комиссиянын жаңы курамы аны жокко чыгарууну талап кылаарын айтты:

- Бүргөндү Кыргызстандын тарыхый жери болуп келген. Аны Өзбекстан мунай иштетип, газ топтоп сактоо үчүн пайдаланып келген. Муну ошол совет доорундагы документтер жана кат алышуулар да тастыктап турат. Алар жерди сурап турушкан. Ал кезде биз бир союздук мамлекет болгондуктан пайдаланып турууга макул болгон экенбиз. Биз мунун бардыгын далилдеп бердик. Алмаштыруу картасы 2000-жылдары чийилип даярдалган экен. Бул эми ошондон келип чыккан маселе.

Аламанов: Мен - сага, сен - мага

Бүргөндүдөгү аталган талаш участоктордун Өзбекстандын пайдасы үчүн картага чийилгенин ошол кездеги өкмөттүк комиссиянын төрагасы Саламат Аламанов жокко чыгарбайт. Ошол эле кезде ал муну Өзбекстандын Сох анклавына коридор ачууну талап кылган дооматтарына каршы колдонулган дипломатиялык мунаса катары баалады.
Саламат Аламанов чийилген картада Бүргөндүдөгү талаш участоктордун ордуна Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн Аксыдагы чек ара тилкелери алмаштырылып алынган деген жүйөнү келтирди:

- Өзбекстан тарап "Сохко коридор бербесеңер биз анын айланасындагы чек ара тилкелерин алабыз" дешти. Биз болсо чек ара сызыгын мына ошол Сох суусунан түз алып өтүп, Сохту анклав абалында сактап калышыбыз керек деген биздин позицияны сактап калууга жетишкенбиз. Эгерде Сохко коридор берсек, андагы бүтүндөй Баткен облусу анклав абалына кептелмек. Ошондуктан биз макул дедик, алар мына ошол Бүргөндү аймагындагы талаштуу он сегиз чарчы километрге жакын жерди алышты. Биз болсо Аксынын аймагындагы талаштуу делген отуз чарчы километрден ашуун тилкени өткөрүп алып, картага чийгенбиз. Биз бул жерде утулган эмеспиз. Бул - дипломатиялык талаштын жыйынтыгы. Аны тетири кылып айтып жаткандар уят болуп калышат. Анткени биздин иштин тууралыгын тастыктаган документтер бар.

Депутат Кочкоров бул чечимдин негизинде чийилген картаны Кыргызстандын азыркы бийлиги да тааныгандай ишарат кылып жаткандыгын байкаган:

- Мына ошол тилкелерге жол куруу үчүн же электр зымдарын өткөрүү үчүн өзүбүздүн жерибизге өзүбүз учурда Ташкенден уруксат сурап жатабыз. Бул боюнча кийинки эле убакта Өзбекстанга каттарды жолдогон аткаминерлер бар экен. Бул эмне дегендик? Мамлекеттик кызыкчылык каякта калды? Бул мына ошол алмаштыруу картасын тааныгандык эмеспи. Биз буга тиешеси бар жагдайлардын бардыгын иликтеп, ага катышы бар чиновниктерди жазалашыбыз керек.

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков чек араларды тактоо комиссиясынын буга чейинки ишмердүүлүгүн тактоо сунушу менен чыкты. Ошол эле кезде ал Өзбекстандан талаштуу участоктор боюнча мурдагы макулдашууларды сактоону талап кылуу зарылдыгын белгиледи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG