Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Уулун жоготкон эне элчилик алдына чыкты


Темиржан Тагаева
Темиржан Тагаева

17-июлда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында кезектеги нааразылык акция өттү.

20-июнда өзбек чек арачыларынын огунан мерт болгон баткендик Бакыт Тагаевдин апасы, жесири жана беш баласы адам өлтүргөн аскерди жазалап, маркумдун үй-бүлөсүнө кун төлөп берүүнү талап кылууда.

Өзбек элчилигинин алдына маркум Бакыт Тагаевдин ата-энеси, жесири 5 баласы менен, жакындары жана укук коргоочулар болуп 15тей адам чыкты. Алар Тагаевдин өлүмү үчүн күнөөлүүлөр жооп бериш керек деген маанидеги жазуулары бар кагаздарды колдоруна көтөрүп алышкан.

Бакыттын энеси Темиржан Тагаеванын айтымында, 1 айдан бери жыйынтык болбогон үчүн атайын Бишкекке келип, ушундай кадамга барууга мажбур болду:

- Эгерде менин балам чек араны бузуп, Өзбекстандын жерине бир карыш өтүп кетсе, анда эл-жерим менен “напсиңден көр” деп көмүп алат элем. Бирок мен коюларына эки саат калганда эле "акыйкат кошо көмүлөт" деп безилдегем. Ошол айтканым азыр секин орундалып, акыйкаттын изи сууп баратат.

Чыккандардын негизги талабы – чоочун аймакка кирип келип, ок аткандарды жазалоо жана беш баласына, жесирине кун төлөп берүү.

Кыргыз өкмөтү да, өзбек тарап да бул окуяда күнөөсү барларды таап, жазалоого тийиш деген талапты Тагаевдин жакындары менен кошо пикетке чыккан укук коргоочу Чыңгыз Абдымомунов билдирди.

- Бурмалап, күнөөнүн баарын баланын өзүнө оодарып, кылмышкер кылып коюшту. Ошондуктан эл аралык болобу, же мамлекеттик комиссия болобу изилдеп чыгыш керек. Өзбек чек арачысы башка мамлекеттин ичине кирип атып кеткени бул албетте чоң кылмыш.

Пикетчилерге Өзбек элчилигинен эч ким чыккан жок жана "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал эми Тагаевдин жакындары эгер жооп болбосо, эртең көбүрөөк адам катышкан митинг уюштураарын айтышууда.

20-июнга караган түнү Кадамжайдын кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан Сары-Алтын айылына өзбек чек арачылары кирип келип, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди үйүнүн короосунда атып кетишкен. Расмий маалыматтар боюнча, маркум Бакыт Тагаев чек аралаш аймакта өзүнүн жеңил автоунаасы менен бирөөлөрдүн жүгүн ташып, бала-чакасын бакчу экен.

Өзбек тарап кыргыз жарандары Өзбекстан чек арасын бузган деп билдирген. Бирок кыргыз тараптын расмий билдирүүлөрүндө Тагаев өз жеринде, чек арадан 500 метр ичкери аймакта өлтүрүлгөнү айтылып келет.
"Баламды аткандарды жазалап бергиле"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG