Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Жакында эле Араванда 400 гектарга жакын жер Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров "Азаттыкка" курган маегинде бул маалыматты четке какты.

"Азаттык": Курбанбай мырза, Араванда 400 гектар жер Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар канчалык чындыкка жакын?

Искандаров: Бул маалымат такыр чындыкка коошпойт, туура эмес маалымат. Себеби муну маалыматы жок адамдар айтып жатышат. Араван району Өзбекстан менен бардыгы болуп 131 км чектешет. Бүгүнкү күндө мунун 105 км такталып бүткөн, 25 километри калган. Учурда Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп, бул участок такталып жатат.

Бул маалымат Керкидан суу сактагычына байланыштуу чыгып жатса керек. Керкидан суу сактагычын куруу үчүн Кыргызстандын ошол кездеги өкмөтү 1041 гектар жерди бөлүп берүү тууралуу токтом кабыл алган. Ошонун негизинде бул суу сактагыч курулган.

1041 гектар жердин ичинен Өзбекстан 628 гектарын гана компенсация кылып берген, калган 413 гектарды бүгүнкү күнгө чейин компенсациялай элек. Сүйлөшүүлөрдө бул маселени дайыма көтөрүп келатабыз.

"Азаттык": Бул маселе канча жылдан бери чечилбей келатат?

Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргыз-өзбек чек арасы

Искандаров: Бул маселенин чечилбей жатканына 10 жылдан ашык убакыт өттү. Өзүңөргө маалым болгондой, Өзбекстан биз менен макулдашпастан бүгүнкү күндө 500 километрден ашык жерге аң казып, бетон устундарды орнотуп, тикенектүү зымдар менен тосуп алды. Такталбаган жерлерди да ушинтип тосуп алганы бар.

Бирок биз "ошол 413 гектарды компенсация кылып бергиле" деп катуу талап кылуудабыз. "Эгерде компенсациялабасаңар, анда биз 1041 гектар жерден чек араны өткөрүп алабыз" деп эскерттик.

Калк арасында ар кандай сөздөр жүрө берет экен. Учурда өкмөттөр аралык комиссия иштейт. Анын жетекчиси - вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, жумушчу топтор бар, делегация иштейт. Маалыматты өзүбүздөн алып тургула. Биздин эшик дайыма ачык, телефон аркылуу дайыма так маалыматты берүүгө даярбыз.

Он жылга созулган маселе

"Азаттык": Суу сактагычты Өзбекстан Кыргызстан менен макулдашпастан куруп алгандан кийин аны пайдаланып атпайбы. Бул маселе чечилгенге чейин ошентип пайдалана береби?

Искандаров: Туура айтасыз. Бул талашып жаткан участок жалгыз эмес да. Мындай жерлер дагы бар. Биз менен макулдашпастан Өзбекстан пайдаланып жатат.

Биз бул маселеде катуу турабыз, бир кулач жерди да бербейбиз.

Комиссиялар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө бул маселени биз дайыма кабыргасынан коюп келебиз. "Же компенсация төлөгүлө, же болбосо 1041 гектарды өзүбүздүн чек ара деп эсептейбиз" деп айтып жатабыз. Бирок алар “биз силерге компенсация кылып бергенбиз. Силердин токтомуңарда 628 гектар жөнүндө гана сөз жүрүп жатат. Силер талап кылган 413 гектарды компенсация кылсын деген сөз жок” деп айтып жатышат. Бирок биз буга макул эмеспиз. Кыргызстан бергенден кийин ал жерлердеги үйлөрдү көчүргөнбүз, биз бир топ чыгымга учураганбыз. Ошон үчүн 413 гектарды компенсация кылып бермейинче ал жерди өткөрүп бербей турганыбызды айтып жатабыз.

"Азаттык": Анда бул 400 гектар берилбей да калышы мүмкүнбү?

Искандаров: Жок, биз муну аягына чейин талап кылабыз.

"Азаттык": Бул маселе качан каралышы мүмкүн?

Искандаров: Бул өтө оор маселе. Өзбекстанды билесиңер, сүйлөшүүлөр бир аз солгундап калды. Себеби макулдашылган участоктор боюнча келишимдин долбоорун даярдайлы, ошону бекитип коёлу деп сүйлөшкөнбүз.

Чек арачылар

Чек арачылар

Биз президент, премьер-министр берген тапшырманы аткарып бүттүк. Өз сунушубузду берсек, Өзбекстан тарап жолугушууда карап көрүп, “жок, биз кабыл алалбайбыз, биз 701 километрге макулбуз, калган участокту кайрадан карап чыгалы” деген маселени коюп атат.

Алар ушундай стратегиялык мааниге ээ участокторду келишимге киргизбей коюуга аракет кылып жатат. Эгерде биз да киргизбей койсок кийин "мамлекеттин жетекчилери кол койгон келишим менен бекиттик, калгандарын кайрадан баштайбыз" деген жүйөнү келтириши мүмкүн. Ошондуктан биз буга макул болбой, 10 жылдан бери бул маселенин үстүнөн иштеп келатабыз. "1054 километрдин баарын бекитебиз, 300 километрдин тегерегинде жер калат, ошону тактаганга даярбыз" деп айтып жатабыз.

Биз бул маселеде катуу турабыз, бир кулач жерди да бербейбиз. Биз суу, же жер маселелери болобу, кошуна мамлекеттер менен бардык деңгээлдерде сүйлөшүүлөргө даярбыз. Кыргызстан эч качан өзүнүн бир кулач жерин да бербейт, кошуналардын да жерин тартып албай турганын дайыма айтып келебиз.

Кыргыз тараптын сунушу бар

"Азаттык": Ошондо силер кайсы картага негизделип атасыңар?

Искандаров: Сүйлөшүү башталганда эле ошол убакытта туура эмес башталып калган экен. Себеби укуктук негиз, юридикалык документ деген бар. Эки тарап негиз катары колдонуп, сүйлөшүп, бир документке токтолбой, эки тарап эки документти сунуштап, ошолордун дал келген участоктору боюнча гана жазууну баштап киришкен.

1041 гектар жердин ичинен Өзбекстан 628 гектарын гана компенсация кылып берген, калган 413 гектарды бүгүнкү күнгө чейин компенсациялай элек.

Бүгүнкү күндө ошол дал келген участоктор түгөнүп, чечиле турган, стратегиялык мааниге ээ участок калып калган. Эми биз ошол укуктук негиздерди тактай албай жатабыз. Өзбекстан да, Кыргызстан да өз позициясында турат.

Биз башка сунуш берип жатабыз. Эки документ боюнча мунаса таба албай жаткандан кийин Кыргызстан жаңы документти сунуштап жатат.

Бул документ 1991-жылы Союз тараганда “КМШны түзүү жөнүндө” деген келишимге кол коюлган. Ошол документтерге президенттер кол коюп, мыйзам чыгаруучулар бекитип, бул документтин юридикалык күчү бар. Биз ошону негиз катары кабыл алалы деп жатабыз.

Союз убагындагы колхоздордун, райондордун, облустардын деңгээлинде алмашып калган бир аз участок бар. Ал жерлерге да адамдар отурукташып калган жолдор бар. Ошол жолдорду өз ара сүйлөшүү жолу менен, мунаса таап, бир жерди экинчисине алмашып, бул маселени чечели деп Өзбекстан тарапка сунуштап жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG