Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Мигрант кыздар: пахта талаасынан көшөгөгө...


Кыргызстандын талаасында иштеген өзбекстандык кыз-келиндер. Жалал-Абад облусу.
Кыргызстандын талаасында иштеген өзбекстандык кыз-келиндер. Жалал-Абад облусу.

Кыргызстандын түштүгүндөгү талааларга Өзбекстандан өтүп келип иштеген мигрант кыз-келиндер азыр да арбын. Арасында пахта талаасынан түз эле кыргызстандыктарга келин болуп калгандары да бар.

Хафизахон Мадаминова Өзбекстандын Анжиян облусундагы Пахтабад районунун тургуну. Ал 2002-жылдан бери талаа жумуштары башталаары менен Кыргызстанга өтүп келет. Алгач күн сайын жасаган ишине 45-50 сомдон иштеп жүргөн болсо, азыр күнүнө 250-300 сом табат:

Кыргызстандын талаасында иштеген өзбекстандык аял.
Кыргызстандын талаасында иштеген өзбекстандык аял.

- Кимдин талаасында иштесек, ошолор тамак-ашыбызды берет, ошол адамдын үйүндө жашайбыз. Өзүбүз тарапта жерлерди негизинен фермерлер иштетишет. Бош отургандан көрө аялдар бул жака келип иштейбиз. Силерде аялдар да Орусияга кете берет, бизди күйөөлөрүбүз Орусия сыяктуу алыс жактарга жөнөтпөйт. Кыргызстанда иштеп жүрүп, эки кызыма сеп кылдым. Экөөсүн тең жакшынакай той кылып, турмушка узаттым…

Хафизахондун мекендеши – Хадича Наркулова болсо күн сайын Өзбекстандан каттап иштейт. Жашаган жери Кыргызстанга жакын болгондуктан күнүнө барып-келүү кыйынга турбайт.

Ал чек арадан кантип өтүп келээрин мындайча айтып берди:

- Наманган облусунун Когай айылынан келип иштейм. Өзүбүз тараптагы чек арада турган аскерлерге киши башына 30 же 50 сомдон акча берип өтөбүз. Кыргызстандын чек арачыларын бул жактагы иш берүүчүлөр көндүрүшөт. Ошентип күнүгө барып келип иштеп жүрөм. Аскерлер тааныш деле болуп калышты. Күн сайын эле акча ала беришпейт. Кыргызстанда кимдин жеринде иштесек, алар өздөрү кечке маал чек арадан узатып коюшат.

Өзбекстандык кыз-келиндер болсун, эркектер болсун, негизинен чек араны жашыруун жолдор аркылуу кесип өтүшөт. 2010-жылы чек ара бир тараптуу жабылганы менен мигранттар саны азаймак түгүл көбөйүп жатканын жергиликтүү тургундар айтышат.

Кыргызстандын талаасында иштеген өзбекстандык аял.
Кыргызстандын талаасында иштеген өзбекстандык аял.

Мындай иштин кыныгын алгандар жазда талаа жумуштары башталаары менен кыргызстандык эски тааныштары менен телефондон байланышып, анан келишет. Айрымдары чектеш аймакта кетменин көтөрүп турат. Кимге мандикер – жалданма жумуш күчү керек болсо, ошол адам өзү эле барып алып келет. Чек арадагы каттоо китепчесине алар жазылбайт, ошондуктан күнүнө канча мигрант келээри анык эмес.

Шамалдуу-Сайга жакын жайгашкан Кызыл-Туу айылынын тургуну Кадырбек Нусратов бир топ жылдан бери кошуна өлкөдөн келген аялдарды талаада иштетет. Ал жылына 10 миң сомдон ашуун акчасын аларга эмгек акы катары берээрин айтат:

- Өзүбүздүн адамдар Орусияга кетишкен. Бардык жумуштарга жетише албайбыз. Ошондуктан Өзбекстандан адам алып өтүп иштетебиз. Буларга түшкү тамакты алып келсең, талаанын ортосунда эле жеп алып, кайра ишин уланта беришет. Эгер үйүмдө жатып иштешсе, арзаныраак төлөйм. Барып келип иштешсе күнүнө 250-300 сом берем.

Кыргызстандын талаасында иштеген өзбекстандык аялдар.
Кыргызстандын талаасында иштеген өзбекстандык аялдар.

Кадырбектин айтымында, участкалык милициялар мигранттарды кээде текшерүүгө алганы эле болбосо, такай артынан түшүп деле көзөмөлдөбөйт.

Баса, Өзбекстандан иштегени өткөн кыздардын арасында Кыргызстандан бактсын таап, келин болуп калгандары да бар. Андай келиндерди Ноокен, Базар-Коргон жана Аксы райондорундагы өзбек тектүүлөр байырлаган айылдардын бардыгынан кезиктирүүгө болот.

Надира Байкозуева деле Ноокендин Момбеков айылына Намангандын Үч-Коргонунан келин болгон.

- Тагдырыбызга ушуну жазган экен. Кыздар менен Кыргызстанга пахта тергенге, жер чапканга келип жүрчү элек. Бактымды ушул жактан таап, келин болуп калдым. Жасаган мээнетимди жактырышканбы, же өзүмдү жактырыштыбы, айтор жуучу болуп барышып, алып келишкен. Азыр мына 3 перзентим бар. Бардыгы жакшы, болгону паспорт ала албай убарабыз. Бир мен эмес, 15 жыл мурун келин болуп келгендерде да паспорт жок.

Ырасмий эмес маалыматтар боюнча, Надира сыяктуу келиндер ондоп саналат. Өзбекстанда жарандыктан чыгуу дээрлик мүмкүн болбогондуктан, алар Кыргызстанда ырасмий никеге тура алышпайт. Никеси жок болгондуктан алар Кыргызстандын жараны катары саналышпайт...

XS
SM
MD
LG