Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстан менен Өзбекстан эгемен өлкө катары дипломатиялык мамилелерди расмий орнотконуна 20 жыл болду.

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусуна чек аралаш, дини, тили окшош кошуна эки өлкөнүн алака-катышындагы артыкчылыктар, өзгөчөлүктөр жана өксүктөр коюлду.

Талкууга Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин биринчи катчысы Айбек Шамиров, Ош шаардык кеңешинин депутаты, Бабур атындагы өзбек театрынын директору Бахтияр Токтоматов жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Иманберди Жалилов катышты.

“Азаттык”: Кошуна Кыргызстан менен Өзбекстандын эгемен өлкө катары дипломатиялык алакаларды орнотконуна 20 жыл болгону менен, эки тарап тең тили, үрп-адаты, тарыхы жакын бул элдердин дипломатиялык, соода, диний, маданий алакалары кылымдарга созулууда деп айтып келатат. Алды менен Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн маалыматын уксак. Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы бүгүнкү алака-катыштын жагдайы кандай?

Айбек Шамиров: Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломатиялык мамилелери 1993-жылы 13-февралда орногон. Биз Өзбекстан Республикасын жакын, достук мамиледеги өлкө катары баалайбыз. Өзбекстан менен кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Ушул жыйырма жыл ичинде эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишим-укуктук базабыз 142 келишимден турат. Алардын эң негизгилеринин бири – Түбөлүк достук келишимине эки мамлекет башчылары 1996-жылы кол коюшкан.

Ал эми соода-экономикалык мамилени алсак, 2012-жылы 260 миллион доллар өлчөмүндө соода жүрдү. Салыштырсак 2010-жылы 135 миллион болгон, 2011-жылы 201 миллион доллар болгон. Өзүңүз көргөндөй соода байланышы өнүгүп жатат. Биз тарыхты эске алсак, эң көп соода жүгүртүү бизде 2008-жылы болгон экен. 392 миллион долларга соода жүгүртүлүптүр.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Иманберди Жалилов: Биз талкуулап жаткан тема өтө назик жана чечүүнү талап кылуучу жагдайлары бар темалардын бири. Анткени кыргыз-өзбек мамилелери бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн улам кийинки карым-катыштарын белгилөөчү укуктук негиздеги алакалардын көрүнүшү.

Советтерге чейин Түркистан аттуу мамлекеттин, андан кийин СССР деген мамлекеттин өкүлү болуп турдук. Эгемендиктин шарапаты менен эки жакка бөлүнүп кеттик. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү айткандай, азыр өсүштө жылыш бар. Бирок бул Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы өсүшкө туура келбей турган нерсе. Бул деген мурдагы президенттерибиздин убагында, айрыкча 2005-жылга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер чаржайыт жолго түшүп кеткен.

Ортобузда он миңдеген үй-бүлөлөр бар, туугандык эмес, жөн эле карым-катыштык мамилелер бар. Булар сөзсүз бизнес деңгээлине чыгат. Анан калса биздин жерибиз да, суубуз да бир. Тилибиз да, дилибиз да, динибиз да бир. Ошентсе да башка өлкөлөр менен салыштырганда өсүү динамикасы абдан төмөн. Бул эмнени билдирет?

Түпкүрүндө өз ара түшүнбөстүк, туура пикирде болбоочулук жатат. Биз 1996-жылы түбөлүк достук келишимине кол койдук. Буга чейин эки мамлекет ортосунда алты чоң келишим бар болчу. Чек араларды тааныган жана урматтаган деген Алматыдагы, Москвадагы, Ташкендеги келишимдер бар КМШ алкагында кол коюлган. Бирок мунун бардыгы тең формалдуу бойдон кала берди. Ошондуктан Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда бүгүн соода-экономикалык алакалар 200 миллион доллар деген жок деген көрүнүш. Бул чексизге өсүш керек эле.

Бахтияр Токтоматов: Биз театрыбыз эки элдин ортосуна достук көпүрө деп дайыма сыймыктанабыз. Өзбекстанда кыргыз драматургиясын, Кыргызстанда өзбек драматургиясын коюп, көпүрө болуп келатабыз. Мына, 1993-94-жылдары “Курманжан датка” спектаклин, 1995-96-жылдары “Маликанын көз жашы”, андан кийин “Манастын уулу Семетей” спектаклдери, Фергана өрөөнүндө, Ташкенде коюлуп, айрыкча кыргыз тарыхынын көрсөтүлүшү аябай эки элдин мамилесине түрткү болду деп ойлойм.

Кийинки учурларда жазуучулар, чыгармачыл топтордун Өзбекстандан бизге келиши, биздин ал жакка барышыбыз кыйын болуп атат. 2005-жылдан бери бир да жолу гастрол сапарын уюштура албадык. Муну дипломатиялык жолдор менен чечсе болоттур.

Биз кичинекей бир театрбыз. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги терең сүйлөшсө жакшы болот эле. Кыргызстанда өзбек калкы көп жашайт, Өзбекстанда кыргыз калкы көп жашайт, бирок кийинки беш-алты жылда маданий алакаларыбызда эч кандай жылыш жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG