Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:06

Расмий Бишкек 13-сентябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине кызуу даярдык көрүүдө.

Анын алкагында Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун да келери күтүлүп жатат. Ушундан улам саммит алкагындагы жолугушууларда эки өлкөнүн мамилеси талкууланышы мүмкүн деп болжогондор бар. 2010-жылкы апрель ыңкылабынан бери эки өлкө ортосунда президенттердин деңгээлиндеги визит алмашуу боло элек.

Жума күнү Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Аскар Бешимов менен Элдор Арипов жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгы жана Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жолугушуусуна Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун катышуусу жөнүндөгү маселени талкуулашты.

Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыковдун билдиргенине караганда, Бишкек саммитине Өзбекстандын жогорку деңгээлде катышары күтүлүүдө.

- Өзбек тарап алдыдагы саммитке жогорку деңгээлде катышарын билдирген. Андыктан жогорку деңгээлде келери күтүлүүдө. Эң жогорку дегенде бул - президенттер.

Самиттеги жалпы иш-чаралардан тышкары Ислам Каримов менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев кандай шартта жана деңгээлде жолугушары азырынча маалымдала элек. Талдоочулар чек ара, жол катнашы сыяктуу маселелердеги эки өлкөнүн мамилесин жүйө кармап, алака тиешелүү деңгээлде жүрбөй келатканын белгилешүүдө.

Бирок Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Анварбек Мокеев мындай бир беткей пикирлерге макул эмес. Ал президенттердин деңгээлиндеги эки тараптуу жогорку сапарлар болбогону менен, эки өлкөнүн мамилеси туруктуу жүрүп жатат деген ойдо.

Анварбек Мокеев эки өлкө өз позицияларын коргоп, бир пикирге келе албай жаткан маселелер убактылуу гана деп ишенет. Ошондой эле Кыргызстанда 2010-жылдын апрель айынан кийин болгон кандуу окуяларда Өзбекстан даанышман саясат жүргүздү дейт дипломат.

- Кыргыз-өзбек бир тууган эл. Суубуз, чек арабыз, маданиятыбыз, тилибиз, динибиз да бир. Талаша турган эч нерсе жок. Сөзсүз түрдө тил табышыбыз керек. Аны Ислам Абдуганиевич Каримов акылдуу, даанышман саясатчы катары жакшы билет. Алар көп эле нерселерге колдоо көрсөтүп келатат. Мисалы, мен элчи болуп турганда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну колдоп берели дешкен. Бул да абдан чоң нерсе.

Анткен менен Анварбек Мокеев Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Өзбекстан менен Кыргызстандын эки тараптуу маселелери талкууланбашы мүмкүн экенин да кошумчалады. Анын пикиринде, Бишкек саммитинде негизги көңүл анын иш-планындагы программаларга бурулат.

- Ислам Абдуганиевич бул жерде саммит үчүн келип жатат. Балким президенттер жолугуп, көйгөйлүү маселерди козгошуп, “айрым маселелер эксперттик деңгээлде бышып-жетилип калыптыр, балким аларды саясий деңгээлде чечүүгө жакындатабызбы” деген шарттарды козгоп калышы мүмкүн.

Бул Ислам Каримовдун апрель окуясынан кийин Бишкекке жасаган алгачкы сапары. Бирок эки өлкөнүн президенттери аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кездешип жүрүшкөн. Президент Алмазбек Атамбаев 28-августта “Азаттыкка” курган маегинде эки өлкө дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана электигин айта кеткен болчу:

- Албетте Өзбекстан менен мамилебиз тийиштүү деңгээлге чыга элек. Аны мен мойнума алам. Мен бир канча ирет Ислам Абдуганиевич менен жолуккам, Москвадан да, Бээжинден да. Кайсы жерден көрүп калсам, жолугушканга аракет кылам. Азыр да келем деди. Келгенде дагы бир ирет сүйлөшөбүз.

Кыргызстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү өткөн жылы 259 млн. долларды түздү. Бул 2011-жылга караганда 30 млн долларга жогору. Ал эми эки өлкөнү байланыштырган чек ара бекеттеринде чектөөлөр экономикалык алаканы солгундатып жатат дейт талдоочулар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чечилбеген маселелердин дагы бири - чек ара. Аны тактоо, делимитациялоо жана демаркациялоо иштери создугуп келүүдө. Бул жааттагы өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өткөн жылы жанданганы менен азырынча таасын жылыштар байкалбайт. Үстүбүздөгү жылы эле эки өлкө ортосундагы чек арага байланыштуу бир катар олуттуу чыр-чатактар орун алганы белгилүү.

13-сентябрда ШКУнун саммитине тогуз өлкөнүн мамлекет башчылары келет. Уюмга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Орусия мүчө. Алардын мамлекет башчыларынан тышкары уюмга байкоочу мамлекеттерден Ирандын, Ооганстандын жана Монголиянын президенттери да келери күтүлүп жатат. Байкоочу мамлекеттерден Пакистан менен Индиядан министрлердин деңгээлиндеги өкүлдөр келери кабарланууда. Ошондой ШКУ менен кызматташкан башка мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан да делегаттар келмекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG