Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Өкмөт Өзбекстан өкчөгөн мүлктү өткөрүп алууда


Баткендин аймагындагы Өзбекстандын газ ишканасы.

Баткендин аймагындагы Өзбекстандын газ ишканасы.

Кыргыз өкмөтү Совет заманынан бери Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектти толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алды. Маселе Кыргызстан эгемендик алган 25 жылдан бери чечилбей келе жаткан.

Учурда чек арага жакын жайгашкан төрт объектти жана Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты биротоло өткөрүп алуу боюнча иш жүрүп жатат. Өзбекстан пайдаланып жаткан жайларды өткөрүп алуу маселеси Кыргызстан эгемендик алган 25 жылдан бери чечилбей келе жаткан эле.

Өкмөттүн өктөмдүгүбү?

Совет доорунан бери Өзбекстан пайдаланып келген, бирок Кыргызстанга тиешелүү 12 объект толугу менен Кыргызстандын ээлигине өткөнүн “Азаттыкка” 3-майда кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Буга чейин кыргыз өкмөтү Өзбекстан пайдаланып келген 16 объектти жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты мамлекеттин менчигине өткөрүп алуу боюнча буйрук чыгарган эле. Бул иштер ошол буйруктун негизинде жасалып отурат.

Ал тизмеде Ала-Букадагы "Орто-Токой" суу сактагычы, Аксыдагы Чоң Наманган каналы (12,9 км), "Чуст" каналы (14,5 км), Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км), Баткендеги Сох-Шаймерден каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” ишканасы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери, Оштогу Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал жана Кара-Суудагы Савай каналы сыяктуу жайлар бар.

Курбанбай Искандаров

Курбанбай Искандаров

Чек ара маселелери боюнча өкүл Курбанбай Искандаров бул жайлардын баары Кыргызстанга тиешелүү экени аныктыгын жана өзбек тарап учурунда убактылуу пайдаланууга гана алганын буга чейин айткан эле:

- Бул жерлердин баарын өзбек тарап учурунда убактылуу колдоно туралы деп сурап алган. Кыргыздын жери болгон үчүн суранган да, болбосо кат менен кайрылып сурап отурмак беле? Бизде бүт документтер бар.

Кыргызстанга өтчү объекттердин катарында Ала-Букадагы суу сактагыч да бар. Кыргыз тарап Орто-Токой, өзбек тарап Касансай деп атаган суу сактагыч боюнча да талаш туудурган сөздөр жок эмес.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелри боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров Орто-Токой Кыргызстанга тиешелүү экени жогорку деңгээлде такталганын айтат:

- Орто-Токойду пайдалануу боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда келишим жок. Союз учурунда бизден жер сурап, союздук бюджетке курулган. 1992-жылкы келишимдин негизинде автоматтык түрдө Кыргызстанга өтүшү керек эле. Ал келишимге кошуна өлкөнүн президенти кол коюп, мыйзам чыгаруу бийлиги бекитип берген.

Бирок азырынча Орто-Токой маселеси кантип чечилип жатканы боюнча маалымат жок. Андагы сууну Өзбекстан пайдаланып, өзбек жумушчулары иштешет. Суу сактагычты азыр да өзбек аскерлери кайтарып турганы айтылууда.

Эч болбосо, кеч болсун

Кыргызстанга өткөн объекттердин бир тобу чек арадагы Баткен облусунда жайгашкан. Баткендин мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов бул жайлар алда качан эле Кыргызстанга өтүшү керектигин эске салып, бирок эч болсо да кеч болсун дегендей өкмөттүн бул кадамын кош колдоп кубаттайт.

- 1992-жылдагы Минск келишиминин негизинде Өзбекстан дароо эле өз аймагындагы Кыргызстанга тиешелүү мүлктөрдү өткөрүп алган. Биз эле кандайдыр бир түшүнүксүз себептерден улам ушул убакка чейин албай келдик. Биздин жетекчилердин боштугунан болдубу, же кенебестиги болдубу, иши кылса албай келгенибиз факт. Эгемен өлкө болгон соң ортодогу келишимдерге, мыйзамдарга таяп туруп эчак эле алышыбыз керек болчу. Эми Ташкент жакка кылчактап, алар эмне дейт деп отура берген да болбойт. Алар кандай караса ошондой карасын, антип кылчактай берсек кайра беришибиз керек болот. Ансыз деле бул кошуна тарап бизди ар кандай жолдор менен кысып келди. Маселен Баткенде жолубузду жаап, суубузду тосуп, атүгүл электр энергиябызды да бербей койгон учурлар болгон. Биз айланма жолдорду салып, мындай көз карандылыктан кутулган соң эми Сох жана Шаймерден анклавдарына байланыштуу өздөрү биздин көзүбүздү карап калышты. Эми калган маселелерди дипломатиялык жолдор менен акырындап чече беришибиз керек. Бирок сөзүбүз өтүмдүү болуш үчүн биринчи кезекте экономикабыз, армиябыз күчтүү болушу шарт.

Учурда кыргыз өкмөтү дагы төрт объект менен Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты биротоло өткөрүп алуу боюнча ишти улантып жатат. Буга чейин кыргыз бийлиги Өзбекстан иштетип жаткан объекттерди кайтарып алуу боюнча анда-санда кеп козгоп койгону болбосо, мындай чечкиндүү жана батыл кадамдарды жасай элек болчу.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG