Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Жүздөн ашкан карыларга материалдык жардам берилди


Архивден алынган сүрөт. 16-май, 2014-жыл,
Архивден алынган сүрөт. 16-май, 2014-жыл,

Карылар күнүнө байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин чечими менен 100 жаштан ашкан карыларга бир жолку материалдык жардам берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчынын буйругу менен жүз жылдан ашык жашаган 238 карынын ар бирине 10 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам берүү үчүн 2 млн 380 миң сом бөлүндү. Бүгүн президенттик аппараттын өкүлдөрү карыларга акча жана азык-түлүк тапшырышты.

Статистикага ылайык, ушул тапта өлкөдө 425 миӊден ашуун улгайган адам жашайт. (NT)

XS
SM
MD
LG