Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Кыргыз-өзбек алакасы: алыскы туугандан...


Бишкекте өткөн Өзбекстандын маданият күндөрүнөн тартылган сүрөт.

Бишкекте өткөн Өзбекстандын маданият күндөрүнөн тартылган сүрөт.

29-мартта Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн азыркы президенти Ислам Каримов шайлоочулардын 90 пайыздан ашык добушун алып, кайрадан президент болуп шайланды.

Өзбекстандагы шайлоонун жыйынтыктарына эмне үчүн эки ажырымдуу мамиле болууда? Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилесинин салкындап, жылыбай жатышына эмне себеп, кызматташтыкты жакшыртууга кандай өбөлгөлөр бар? “Арай көз чарай” талкуусунун катышуучулары: Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана Ош мамлекеттик университетинин доценти, серепчи Абдыжапар Аккулов.

“Азаттык”: Аликбек мырза, Өзбекстанда өткөн шайлоонун жыйынтыктарын КМШ, Шанхай кызматташтык уюму баштаган бир топ уюмдар өлкөнүн мыйзамдарына, демократиялык баалуулуктарга ылайык өттү дешсе, Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюму баштаган Батыштагы бир нече эл аралык уюмдар, тескерисинче, демократиялык стандарттарга ылайык эмес, көз боёмочулук, мыйзам бузуулар менен өттү деп баасын берүүдө. Бир окуяга эки башка мамиле, эки башка баа берилүүнүн түпкү себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Аликбек Жекшенкулов: Эң негизги себеби Батыш менен Чыгыш демократияны эки башка түшүнөт, эки башка кабыл алышат. Америкадагы демократиянын да өз проблемасы бар, аларда эл түздөн-түз президентин шайлабайт, алардын жолу ошондой... Демократия деген – бул саясий маданият.

“Азаттык”: Эмне чыгыш демократиясы жана батыш демократиясы деп бөлүшүбүз керекпи?

Аликбек Жекшенкулов: Бөлүш керек. Бизде деле чыгыш маданияты, батыш маданияты деген түшүнүк бар, экөө эки башка, айырмасы чоң. Демек демократиянын да ошондой айырмачылыгы бар...

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, Өзбекстанда шайлоочулар эмне үчүн Каримов үчүн добуш беришүүдө деп сурашса, расмий өкүлдөр көпчүлүк эл Каримов стабилдүүлүктүн кепилдиги болгону үчүн добуш беришти деп айтышууда. Мындай коомдук пикир канчалык деңгээлде реалдуу чындыкты чагылдырат?

Жапар Аккулов: Кандай болгон күндө да бул Өзбекстан элинин тандоосу, шайлоо тынч өттү. Ал тандоо Ислам Каримов экендигин таанышыбыз керек. Демократия түшүнүгү дүйнөнүн аймактарында кандай мааниге ээ экендигин терең талдашыбыз керек. Бийлик алмашпаган жерде бийлик биротоло токтоп калгандай сезилип жатканы да бар. Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуулугу, стабилдүүлүгү дегенде Ислам Каримовдун ролу өтө зор экендигинде күмөн жок, аны дүйнө таанышы, моюнга алышы керек. Шайлоо Ислам Каримовдун орду бекем экендигин дагы бир жолу көрсөттү.

“Азаттык”: Аликбек мырза, Өзбекстан Борбор Азиядагы кубаттуу, таасирдүү мамлекеттердин бири, Кыргызстан үчүн кошуналык карым-катышы бөтөнчө маанилүү экендиги талашсыз. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ушул убакка чейин ар кандай деңгээлдеги жалпы 86 документке кол коюлган экен, ТИМдин маалыматы боюнча алардын 61и иштебей турат, анын себебин эмнеден көрөсүз?

Аликбек Жекшенкулов: Мынча документ иштебей жатат эмес, ким аны иштетпей жатат, ким ага жоопкер болушу керек деп маселе коюшубуз керек. Маселенин баары биз тараптан.

Кыргызстандын президенти Өзбекстанда акыркы жолу 2006-жылы болгон. Өзбекстандын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келбегенине 10 жылдан ашты. Алардын жолун түздөй турган, аткара турган дипломаттар керек, бизде кандай элчилер дайындалып жатат, өзүңөр билесиңер. Каалганы ачып, сууну сээп, жолду шыпырып тура турган булар дипломаттар болушу керек эле. Эң негизиси мамлекет жетекчилерибиз да ийкемдүү болуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кадамдарды жасашы керек болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG