Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Москвада Немцовду эскерүү жүрүшү болду


Москвада Борис Немцовду эскерүү маршы өттү. Ыктыярчылар тобунун маалыматына караганда, акцияга 15 миңдей киши катышты. Айрымдары жүрүштөн кийин оппозициячы атып өлтүрүлгөн баш калаа борборундагы көпүрөгө барышты.

Жүрүштүн алдында белгисиз бирөө ПАРНАС партиясынын лидери Михаил Касьяновго боек төгүп жиберди. Андан тышкары «Тилектештик» кыймылынын төрагасы Константин Ершов кармалды. Жүрүштүн уюштуруучулары акцияга чейин бир нече плакат жана Украинанын желектери алынганын маалымдашты.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда киши колдуу болуп өлгөн. Бул иш боюнча сот уланууда. Маркумду эскерүү иш-чаралары Орусиянын бир катар шаарларында өттү.

XS
SM
MD
LG