Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Кыргыз-өзбек чегиндеги соңку көрүнүштөр, чек ара бекеттеринин кайрадан жабылышы эки өлкө өкмөттүк деңгээлде чечүүчү маселелер топтолуп калганын дагы бир ирет ачык көрсөттү. Бирок өкмөт аралык сүйлөшүүлөр же комиссиялардын жыйыны бери дегенде үч жылдан ашуун убакыттан бери өтө элек.

Ал эми президенттер ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү алты жылдан ашуун мезгилден бери боло элек. Мунун негизги себептери эмнеде? Кыргызстан - Өзбекстан алакасы жакшыргыдай потенциал барбы же жокпу?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, өзбекстандык саясат таануучу, Лондон университетинин Чыгышты жана Африканы изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Алишер Илхомов, саясат таануучу Санжар Тажыматов катышты.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинде чыңалуу сакталып турат. Эки өлкө жарандарынын чек ара бекеттеринен ары-бери өтүүсү буга чейин акыркы ирет 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү этнос аралык жаңжалдан кийин бир кыйындап, кайра узакта барып калыбына келген. Бирок Сохтогу жаңжалдан кийин кырдаал кайра мурдагы кейпине кайтып барды. Өзбекстан тарап жөн эле эмес, темир жол бекеттерин да жапты. Жергиликтүү бийликтер, чек ара кызматтары анча-мынча жолугушууларды өткөргөнү менен маселе чечилбей жатат. Топтолуп калган маселелер жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү талап кылып тургандай. Бирок эки президенттин жолугушуусу 2006-жылдын октябрынан, өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму 2009-жылдын декабрынан бери боло элек. Эмне үчүн?

Аликбек Жекшенкулов: Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы мамиле эки өлкө эгемендик алгандан бери эле олку солку болуп келатат. 1996-жылы “Түбөлүк достук жөнүндө” келишимди макулдашканбыз. Саясий-экономикалык жана чек ара маселесин чечүү аракети жасалган. Бирок кийин эки президенттин мамилеси салкындап, карым-катнаш жакшы болгон жок.

Силер айткан 2006-жылкы жолугушуу (президент Курманбек Бакиев менен) абдан жакшы маанайда өткөн. Чек ара маселесин чечсек баары жакшы болот деген сөздөр айтылган. Жөнөкөйүнөн татаалга өтүп, чек араны чечебиз деген келишимге жакындаганбыз. Бирок кайра эле ишке ашпай калды. Менимче, көп нерсе Ташкенттен эмес, Бишкектен кетти. Анткени ошол кезде биздин ички саясат ирип, коррупция баш алып, үй-бүлөлүк башкаруу күчөгөнүн Ташкент көрдү жана мамилесин өзгөрттү.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда өкмөттөр же мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр ойдогудай жүрбөй жатканына Кыргызстандагы кырдаал эле күнөөлүүбү же Ташкент тараптан да каалоо, саясий эрк жокпу?

Алишер Илхомов: Азыр биздин региондогу жагдайды “кансыз согушка” жакын абал катары сүрөттөсө да болот. Кандайдыр бир кара ниеттик, керек болсо кастык сезилип турат. Мурда деле Батыш менен Чыгыштын ортосундагы “кансыз согуш” маалында ортодо дипломатиялык мамилелер, экономикалык кызматташтык тууралуу документтер бар эле, бирок иш жүзүндө тирешүү күчөп турган. Ошондой эле абалды азыр биздин чөлкөмдө көрүп турабыз. Дал ушундай абал азыркыдай чыр-чатактарга аралашкан элдин аң-сезимине, бири-бирине болгон мамилесине таасир этип жатат. Психологиянын тилинде айтканда, эки тарапта тең кандайдыр бир ички өксүктөр, кемчиликтер, проблемалар бар. Өзбекстанда баары бир кишинин колунда.

Облус, район акимдери, кандай болбосун жетекчи - мамлекет башчысы эмне дейт деп оозун карап отурушат. Өлкөдөгү башкы жетекчинин маанайы кандай, оюнда эмнелер бар, ал эмне деп айтат дегенге байланыштуу чечилет бардык маселелер. Ошондуктан жер-жерлердеги аким-губернаторлор, башка жетекчилер азыркыдай чыр-чатактарды чечүүдө саясий эркин көрсөтүп, жоопкерчилик алалбайт. Кыргызстанда кырдаал теңирден тескери. Кыргызстанда борбордук бийлик облустардагы кырдаалды жетиштүү көзөмөлдөй албайт, айрыкча бул айтканым түштүк облустарга тийиштүү.

2010-жылдагы июн окуяларынан кийин Кыргызстандын түштүгүндө өзүнчө эле бир автономиялуу режим орноп калгандай сезилет. Ал жердеги жагдайга борбордук бийлик оюндагыдай кийлигише албаганы көрүнүп турат. Башкача айтканда, борбордук бийлик алсыз болууда. Эки тараптагы ушундай проблемалар ортодогу көйгөйлөрдү чечүүгө тоскоолдук болууда. Ошондон улам ортодо шашылыш чечүүнү талап кылган маселелер узакка созулуп, элди кыйнап коюп атат.

Санжар Тажыматов: Менимче, Кыргызстан менен Өзбекстан эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндө алаканы туура багытта алып кеткидей потенциал бар. Эгер божомол кыла турган болсок, аймактык коопсуздук маселелерин Борбор Азия мамлекеттери үчүнчү жактын катышуусуз өздөрү чечсе, бул маселени жөнгө сала алат. Ал эми үчүнчү жактын катышуусу, башкача айтканда ири державалардын кийлигишүүсү чыр-чатактын дагы ырбап кетишине алып келет. Андыктан аймактык коопсуздук маселелерин чечүүдө Борбор Азия мамлекеттери өздөрүнүн эркин көрсөтүп, өздөрү чечиш керек.

Менде президенттер жакын арада жолугуша алат деген ишеним бар. Чыр-чатактарды чечүүнүн биринчи кадамы ошол жактан башталышы керек. Ошол жерде кийинки кадамдар иштелип чыгышы абзел. Бизде башка жол жок. Эгер тигил же бул арбитрди аралаштырсак, туура эмес жагына чечилет. Сөзсүз түрдө жогорку деңгээлдеги жолугушуу зарыл.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG