Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү жана парламент мүчөлөрү Грузия менен визасыз каттам тууралуу келишимди ишке киргизе турган акыркы документтерге 1-мартта кол коюшту.
Маалыматка ылайык, ал документтер 8-мартта Евробиримдиктин расмий журналына жарыяланып, 20 күндөн кийин күчүнө кирет. Натыйжада грузин атуулдары 28-марттан тарта Шенген зонасына кыска мөөнөткө визасыз каттай алышат.
28-февралда Евробиримдик Украинага виза жеңилдиктерин берүү маселесин да талкуулады.