Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Өзбекстандан чыгарылган келиндер эми эмне кылат?


Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндердин айрымдары балдарын кошо ала келген. Баткен, Миң-Чынар айылы.
Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндердин айрымдары балдарын кошо ала келген. Баткен, Миң-Чынар айылы.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандан депортацияланган келиндер боюнча жолдогон нотага жооп ала элек.

Ал арада депортацияланган келиндердин айрымдары ар кандай амалдар менен Өзбекстанга өткөнү кабарланууда.

Өзбекстан быйыл жыл башында "жарандыгы жок" деген себеп менен бул өлкөгө турмушка чыккан кыргызстандык келиндерди чыгарып жиберген эле. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мындай келиндердин саны 30 чакты экенин билдирүүдө.

Эки өлкөгө бөлүнүп калган үй-бүлөлөр

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Теңге айылынын тургуну Түрсүн Чоюнованын бир тууган сиңдиси Насибели Асранкулова Өзбекстандан апрель айында депортацияланган. Эки кызы кошуна өлкөдө калган Насибели 10 жылдан кийин “жарандыгың жок” деген жүйө менен өлкөдөн чыгарылыптыр. Учурда ал телефон тартпаган башка айылда болгондугуна байланыштуу кырдаал тууралуу эжесин кепке тарттык:

- Энебиздин көзү өткөндөн кийин ошол жакка турмушка чыгып калган. Бирок турмушка чыккандыгы тууралуу күбөлүк ала албай калышкан экен. Эки кызы бар, жолдошу да каза болуп калган. Азыр эми мен аракет кылдым, бирок паспорт алыш кыйын экен. Мурда документтери жок болгондуктан абадан эле жазып бере албайт экен. Балдары ал жакта, өзү бул жакта жүрөт эми.

- Кыздары менен сүйлөшүп атабы?

- Жок, ага мүмкүнчүлүк жок. Өзбекстанда сиңдими сиз барып турбасаңыз болбойт, бул жерде да текшерүү болуп атат, өзүңүзгө кыйын болуп калбасын деп жөнөтүп коюптур.

Ушул эле айларда Насибелиге окшоп кошуна өлкөдөн бүлө күтүп, очор-бачар болуп калган алабукалык 9 келин депортацияланган. Алардын көпчүлүгүнүн балдары Өзбекстанда калыптыр.

Жалал-Абад облусунун Көк-Сере айыл округунун паспорттук жана аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору Бактыгүл Атабекованын айтымында, депортацияланган келиндердин көпчүлүгү Кыргызстандан каттоодон чыгып кетишкен. Бирок Өзбекстандын аймагында алар түрдүү себептерге байланыштуу каттоого турган эмес. Алардын айрымдары мурдагы Совет мезгили учурундагы паспорттор менен жүрүшкөн.

- Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын жарандарына турмушка чыгышкан экен. Алар ушул мезгилге чейин ошол өлкөнүн паспортун алышкан эмес. Айрымдары 17, айрымдары 22 жыл жашашкан. Алардын балдары калган, өздөрү эле келишкен. Паспортторуна мөөр басып чыгарышкан.

Кечиккен нотага жооп да кечигүүдө

Мындан мурдарак “Азаттык” Баткендин Өзбекстанга чектеш Миң-Чынар айылынын бир канча кызы да өткөн кылымдын соңунда кошуна өлкөдө жашаган кыргыздарга келин болуп, жыл башында “жарандыгың жок” деген дооматтар менен Өзбекстан аймагынан чыгарылганын баяндаган эле. Тышкы иштер министрлиги ушундай эле жүйө менен депортацияланган келиндердин саны 30дай экенин билдирүүдө. Ушуга байланыштуу Кыргызстан ТИМи жөнөткөн нотага Өзбекстан азырынча жооп бере элек.

Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин консулдук кызмат департаментинин мекендештер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Имангазиев билдирди.

- Биз 16-майда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жөнөткөнбүз. Себептерин сурап жана мүмкүн болсо депортация болгон жарандарды үйлөрүнө кайтаруу боюнча сураганбыз. Азыр жооп күтүп атабыз.

Имангазиевдин айтымында, кыргыз тарап ажырап калган үй-бүлөлөрдү бириктирүү маселесин өзбек тарап менен биргеликте чечүүнү көздөп жатат.

Ал арада депортацияланган алабукалык келиндердин айрымдары ар кандай амалдар менен Өзбекстанга убактылуу кайтканы айтылууда. Бул тууралуу Бактыгүл Атабекова мындай деди:

- Алардын ичинен бирөөнүн алты айлык баласы бар экен. Ал апасы жанында жок болгондуктан катуу ооруп калып, күйөөсү келип чек арадан өткөрүп алып кетиптир. Дагы бир келиндин кайнене, кайнатасы баспайт экен. Ошолорду карайт деп Өзбекстандан төрт өкүл келип алып кетишиптир. Ошентип күйөөлөрү, туугандары айрым келиндерди алып кетип атышат, бирок убактылуу.

2010-жылдын июнь айындагы улут аралык жаңжалдан соң Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек арасын бир тараптуу жаап, паспорттук катаал режимди киргизген. Ушул режимге карапайым калк, кээ бир үй-бүлөлөр тушугуп жаткан шекилдүү.


Тасмада: Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндер. (Тасма быйыл март айында тартылган.)


Өзбекстандан чыгарылган кыргызстандык келиндер
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

XS
SM
MD
LG