Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Өзбекстан Төлөкан Исмаилованы киргизбей койду


Өзбекстан кыргызстандык укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы киргизбей койду. Бул өлкө Исмаилованы укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө байланыштуу кирүүгө тыюу салынган адамдардын “кара тизмесине” киргизген.

Өзбекстан өз аймагына киргизүүдөн баш тарткан "Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова Алматыга бүгүн түштөн кийин учуп барды.

Укук коргоочу менен Ташкендин аба майданында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлү Канатбек Шаршенбек жолугушуп, маселенин чоо-жайын териштирүүгө аракет кылды. Дипломат Исмаилованын Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде болгондугун “Азаттыкка” тастыктады:

- Өзбекстанда өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынган адамдардын атайын тизмеси бар. Төлөкан Исмаилова мына ушул тизмеге кирип калды. Ошого байланыштуу өлкөгө киргизүүдөн баш тартышып, аба майданда күтүүгө туура келди. Аны эч ким кармаган жок. Бүгүн болсо Бишкекке каттам жок болгондуктан Алматыга учуп кетти.

Укук коргоо уюмунун Бишкек кеңсесинен алынган маалыматка караганда, Исмаилова кечке жуук Бишкекти көздөй жол тартты. Ал Өзбекстанга кечээ кечке маал франциялык 4 өнөктөшү менен бирге укук коргоочулук ишине байланыштуу кеткен. Ташкендин аба майданында өзбек чек арачылары франциялыктарды өткөрүп, Исмаилованын киргизүүдөн баш тартышкан. Аба майдандын босогосунда Исмаилова коңшу өлкөнүн "кара тизмесинде” болгону үчүн өлкөгө кире албай калганын электрондук почта аркылуу кызы Лира Исмаиловага кабарлоого жетишкен.

- Ташкенге саат 7де жолугушуу өткөрүү үчүн жөнөп кеткен. Түнкү саат 11лерде почтамды текшерсем эле кат келди. Ошол кат аркылуу Өзбекстанга кирбей калганын билдик. Апамдын жазганына караганда, ага чек арачылардын бири "кара тизмеде болгонуң үчүн кармалдың" деп айтыптыр.

Исмаилованын жакындары жана укук коргоочулар бул маалыматтын негизинде Тышкы иштер министрлигине, бир катар эл аралык уюмдарга кайрылды. Кайрылуулардын негизинде Кыргызстандын Ташкендеги элчилигинин өкүлдөрү аба майданына барып, аны өлкөдөн чыгаруу аракетин көрүшкөн. Лира Исмаилованын айтымында, Төлөкан Исмаилова акыркы эки жылдан бери Ташкенге жана бул шаар аркылуу башка өлкөлөргө каттай элек болчу.

“Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын төрайымы Азиза Абдирасулова Исмаилованын Өзбекстандын кара тизмеге киришин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатат.

- Төлөкан Исмаилова жөн эле адам эмес. Ал эл аралык деңгээлде аты чыккан укук коргоочу. Аны өзбек бийликтери кесиптик ишмердүүлүгүнөн улам кара тизмеге киргизди. Мен ушул эле версия айта алам. Маселен, эки жыл мурун деле Өзбекстанга кирүүгө аракет кылып, мен да кире алган эмесмин.

Ал эми өзбекстандык укук коргоочу, Каримовдун режиминин куугунтугунан улам учурда Парижде жашап жүргөн Мутабар Тажибаеванын айтымында, Өзбекстанда укук коргоочуларды өлкөгө киргизбей коюуну көндүм көрүнүш катары кабыл алууга болот:

- Мындай көрүнүштөр Өзбекстан үчүн көндүм эле болуп бүткөн. Өлкөгө укук коргоочуларды киргизбей же өлкөдөгүлөрдү сабап, куугунтуктаган учурлар абдан бат-бат эле болуп турат. Бул абдан эле уят нерсе. Бирок өзбек бийликтери мындан уялышпайт. Төлөкан Исмаилованын өлкөгө киргизилбеши Каримовдун режими өлкөдөгү эле укук коргоочулар эмес, коңшу өлкөлөрдүн укук коргоочулары үчүн канчалык коркунуч туудураарын далилдеди.

Таанымал укук коргоочу Төлөкан Исмаилова “Бир дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылын жетектейт. Буга чейин бул бейөкмөт уюм “Жарандар коррупцияга каршы” укуктук борбор деп аталчу. Укук коргоочу ошондой эле Евразияда фундаменталдык эркиндиктерди коргоо коалициясынын активисти.

XS
SM
MD
LG