Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

“Өзбекстандын виза чечими жакшы жышаан”


Самарканд шаары
Самарканд шаары

Өзбекстан 27 мамлекетке виза режимин жойду. Бул тууралуу жарлыкка жаңы шайланган президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Чөлкөмдө жайгашкан мамлекеттердин өкмөттөрү ушул жаатта тез арада макулдашууларды, чогуу ишке ашырчу идеяларды сүйлөшүүгө тийиш. Мындай пикирин “Азаттык” радиосуна курган маегинде ишкерлердин ЖИА бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акматбек билдирди.

“Азаттык”: Өзбекстандын 27 өлкөгө виза режимин жоюп жатышы – Кыргызстандагы туризм багытына кандай таасир тийгизет?

Руслан Акматбек: Кыргызстан дагы, Өзбекстан дагы, Борбор Азияга келчү чет элдиктерге жагымдуу мамлекеттер болуп саналат. Саякатчыларды кызыктырган көп жерлер бар. Мисалы, Өзбекстанда Бухара менен Самарканд сыяктуу тарыхый шаарлар өзүнө тартса, Кыргызстандын кооз жаратылышы көңүлдү бурат. Кыргызстан ачык өлкө болгону үчүн да келишет. Бизден ары коңшуларыбызга өтүшөт. Чет элдиктер Борбор Азияны жалпы бир аймак катары карашат, жалпы бир маданият катары баалашат. Өзбекстанда виза режими жеңилдеп жатышы – туристтердин агылуусуна шарт түзөт. Ал мүмкүнчүлүктү пайдаланып, коноктор үчүн шарттарды жакшыртышыбыз керек.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда туристтик байланыш начар. Аны жакшыртуу үчүн макулдашууларды ишке ашырып, маселени оң жакка чечүүгө ыңгайлуу учур болуп жаткандай. Бул жаатта азыр эмнеге көңүл буруу керек?

Руслан Акматбек: Азыр сүйлөшүү жүргүзүүгө өтө ыңгайлуу учур болуп турат. Бул маселе Кыргызстан менен Өзбекстанга гана таандык болбошу керек. Бүтүндөй Борбор Азия өкмөттөрү чогуу аракет кылганы абзел. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан өкмөттөрү ымаланы жандантууга кызыкдарлыгын көрсөтүшсүн. Ачыктыкты, экономикалык-соода байланышын бекемдесек, чөлкөмдөгү бүт мамлекеттер утат. Бир өлкөнүн эмес, аймактын өнүгүүсүнө баш оорутуу зарыл болуп турат. Мисалы, Фергана өрөөнүнүн концепциясы иштелип чыкса, кандай сонун. Ош, Анжиян жана Хожент шаарларында туризмди өнүктүрүү потенциалы бар. Бишкек-Алматы-Ташкентти байланыштырган концепция пайда бермек. Коңшулар коркпой эле бул маселеде кадам ташташы керек.

“Азаттык”: Өзбекстан тыштан келген туристтерге шарттарды жеңилдетип жаткан бир эле учурда Ташкент сыртка чыкчу өз жарандарына либералдуу кадамдарга барышы мүмкүнбү? Сыртка чыгуу визасы да татаал эмеспи бул мамлекетте.

Руслан Акматбек: Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен бир гана Өзбекстан өз жарандарынын сыртка чыгуусуна уруксат берүү ыкмасын колдонгон жалгыз эле мамлекет болсо керек. 6-декабрда 27 мамлекетке виза режимин жоюу боюнча кабар чыккандан соң бул маселе да чечилет деген үмүт пайда болду. Өзбекстандык бизнес коомчулук менен сүйлөшсөк, алар жакын арада сыртка чыгуу визасын жоюу боюнча аракет болоруна ишенип турушканын билдиришти.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Бишкекте 8-декабрда Инвестициялык форум өтөт. Ага Борбор Азиядан бир топ ишкерлер чакырылган. Өзбекстандан да келишти. Алар менен мамлекеттер аралык кызматташууда бизнес жаатында, инвестицияда кандай тоскоолдуктар бар экенин жана аны жоюу жолдорун талкуулайбыз. Анын негизинде проблемалардан чыгуу жаатында сунуштар кабыл алынат.

Маалымат: Өзбекстан 27 мамлекетке виза режимин жоёт. Жаңы шайланган президент Шавкат Мирзиёев 6-декабрда тийиштүү жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Австралия, Австрия, Британия, Германия, Италия, Канада, Люксембург, Голландия, Түштүк Корея, Сингапур, Финляндия, Швейцария жана Жапония жарандары Өзбекстанда 30 күн визасыз жүрө алат.

АКШ, Белгия, Франция, Польша, Венгрия, Португалия, Чехия, Индонезия, Кытай, Малайзия, Вьетнам жана Израилдин 55 жаштан жогору жарандары 30 күн визасыз жүрө алат. 27 өлкөнүн жарандары Өзбекстанга кирерде болгону 50 доллар төлөөгө тийиш. Жардык келерки жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG