Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Чек арадагы атышуу: карама-каршы дооматтар


Аксы жана Ала-Бука райондорундагы Өзбекстан менен чектеш жерлерге коюлган жазуулар.
Аксы жана Ала-Бука райондорундагы Өзбекстан менен чектеш жерлерге коюлган жазуулар.

Ала-Бука районундагы “Көк-Серек” чек ара тозотунда болгон атышуу боюнча кыргыз-өзбек тарап эки башка маалыматты таратууда.

Ок атышуу 18-январда Ала-Бука районунун Ажек айылында катталган. “Көк-Серек” чек ара тозотунун аскерлери Өзбекстандын үч жараны кыргыз тарапта аңчылык кылып жүргөнүн байкап калышкан. Аларга токтоп, куралын таштоого эскертүү берилген. Бирок чек араны кесип өткөндөр ага кулак салбастан, кайра кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Соңку жагдай боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Үсөн Полотов буларды айтты:

- Өзбек жарандары биздин чек арачылардын эскертүүлөрүнө баш ийбей биринчи болуп ок чыгарган. Натыйжада, бир аңчы жараат алып, калган экөө өздөрү тарапка качып кирип кеткен. Жараат алган өзбек жаранына биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Качып кеткен эки мергенчи өзбек чек арачылары тарабынан ошол аймакта кармалды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жарадар болгон өзбек жараны курал-жарагы менен өзбек тарапка өткөрүлүп берилди.

Чек арадагы окуяны тараптар өз алдынча иликтөөнү макулдашты. Чек араны бузуп кирүү фактысы боюнча кандай чаралар көрүлөөрү эми иштер териштирилип бүткөндөн кийин аныкталат. Бул тууралуу Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдокеев маалымдады:

- Чек арадагы окуяны азыр тергеп жатабыз. Материалдарды топтоп, Аскер прокуратурасына жөнөтөбүз. Алар коңшу өлкөгө эл аралык мыйзамдар боюнча билдирүү жиберет. Көпчүлүк учурда айрым бир саясий себептерден улам биз иликтеп, тергеген иштерге алар тараптан чара көрүлбөй калат. Бирок өткөн жумада эле өзбекстандык жарандар айдап кеткен койлорду бир жумадан кийин алып чыгып беришкен.

Өзбек тарап эмне дейт?

Ал ортодо Өзбекстан 18-январда кыргыз-өзбек чек арасында катталган атышуу боюнча өз маалыматын таратып, кыргыз аскерлерин күнөөлөп жатканы маалым болду.

Коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын баяндамасында, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбей турганы айтылат жана атышуу кыргыз чек арачыларынан күнөөсүнөн улам болгону белгиленген. Кыргыз аскерлери чек араны кесип өтүп, өзбек аңчыларына ок чыгарганы жазылган.

Бирок Кыргызстандын чек ара кызматы Ала-Букадагы чек ара чатагы боюнча Өзбекстандын айыптоосу негизсиз экенин айтууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" билдирди:

- Ал аймакта чек ара тилкеси такталган. Өзбекстандык аңчылар чек ара тилкесинен 500 метрден ашуун ичкери мыйзамсыз кирип кетишкен. Кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө моюн сунбай ок чыгарышкан. Кийин өзбек чек арачыларына Кыргызстандын аймагына түшкөн гильзалар, аңчылардын издери көрсөтүлүп, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы далилденген, - деди Бөрүбаева.

Чек ара такталбаса, көйгөй азайбайт

Адистердин айтымында, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү бул аймактарда арбын катталат. Буга чек ара бекеттеринин жабык турушу да себепкер. Өзбекстан чек арасын 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан улам бир тараптуу жапкан. Бул аймактагы эки элдин мурдагыдай ээн-эркин алака жүргүзүүсүнө тоскоол болууда. Жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин эле жүргүзгөнү болбосо, мындай маселелерди чече албайт.

- Бул жерде ортодогу бекеттерди жаап коюп, эки элди туңгуюкка кептешти. Анан эмне кылуу керек, айла жок чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жатышат. Бул маселени мамлекет башчылары бир столго отуруп чечпесе, жагдай калыбына келиши кыйын. Жергиликтүү бийлик бул багытта алсыз болууда, - деди өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын Коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов.

Ала-Бука району Өзбекстандын Касансай жана Чуст райондору менен 201 чакырым аралыкта чектешет. Сегиз айыл өкмөтү чек араны бойлой жайгашып турат. Азыркы кезде чек арадагы 12 участок такталбай турат. Район акиминин биринчи орун басары Бектур Сагынбаев биринчи кезекте чек араны тактоо зарыл экенин айтты:

- Көпчүлүк чек ара тилкелери ачык жайгашкан. Делимитация, демаркация иштери жыйынтыктуу жүрбөй жатат. Чек ара маселеси канча эрте чечилсе, ушундай окуялар да азыраак болмок. Бул эми мамлекеттик деңгээлде чечиле турган иш болуп калды. Мисалы, алардын жергиликтүү бийлиги биз менен сүйлөшүүгө келбейт. Ошол себептүү биз өз тургундарыбызга түшүндүрүү иштерин гана жүргүзөбүз. Райондогу сегиз айыл өкмөт чек арада жайгашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 320 чакырымы тактала элек.

XS
SM
MD
LG