Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Өкмөт: электр энергия тарифи өзгөрбөйт


Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы отун-энергетика комлексин жөнгө салуу агентигинин жетекчисинин кеңешчиси Канат Миршарипов Каракол шаарында эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Ал электр энергиясынын тарифтик саясатын калкка түшүндүрүп берди. Коомчулукта "энергетикага болгон баа өсөт" деген маалыматты четке какты.

Анын айтымында, азыр 2014-2017-жылдарга кабыл алынган электр жана тарифтик саясат менен иш жүрүп жатат. Быйыл август айында тарифтик саясатты өзгөртүү боюнча сунуш киргизилген, бирок азыркы экономикалык абалдан улам ал ишке ашырылган жок.

Электр энергиясына болгон баа кымбаттайт деген нааразылыктарга байланыштуу өкмөт башчынын тапшырмасы менен аталган агенттик жер-жерлерде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (AsM)

XS
SM
MD
LG