Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Чек арадагы атышуунун чоо-жайы такталууда


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргыз-өзбек чек арасынын Ала-Бука аймагындагы Булак-Башы чек ара бекетинде атышуу факты боюнча Кыргызстандын Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөөгө киришти. Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, окуя болгон жерде кырдаал турукташты.

УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын билдиришинче, учурда окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек арачылары барып, жаңжалдын чыгуу себептерин иликтеп жатышат:

- Азыркы учурда Ала-Бука чек ара отрядынын карамагындагы Булак-Башы айылында кырдаал туруктуу. Ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү атышуунун себептерин тактап жатышат. Кыргыз тарапты Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын башчысы Рыскелди Мусаев жетектөөдө.

Расмий версия боюнча атышуу эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аймакта кыргыз жарандары менен өзбек чек арачыларынын араздашуусунан чыккан. Анда өзбекстандык чек арачылар Көк-Таш – Булак-Башы айылдарын туташтырган унаа жолду оңдоп жаткан жергиликтүү тургундардан талаштуу аймактардан чыгып кетүүнү талап кылышат. Ортодогу кайым айтышуу тирешке айланып, өзбек чек арачылары биринчи ок атышкан. Буга кыргызстандык чек арачылар ок менен жооп кайтарышкан.

Натыйжада кыргызстандык бир чек арачы набыт болуп, дагы бир тургун жараат алды.

Ала-Бука райондук акимчилигинин аппарат жетекчиси Гүлжан Асанованын айтымында, набыт болгон жана жараат алган жарандардын кимдиги такталды:

- Каза болгон жаран чек ара аскерлигинде келишимдин негизде кызмат өтөп жүргөн 20 жаштагы аскер Кадырбек Абдрасул уулу экен. Анын сөөгү кечээ кечинде туулган айылына жөнөтүлдү. Мындан тышкары Көк-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну, 31 жаштагы Кубан Адыловго өпкөсүнө ок тийип жарадар болду. Ал Ала-Бука аймактык ооруканасына жаткырылып, ага операция жасалды. Учурдагы абалы дурус.

Маалыматтар ар башка чыгууда

Ошол эле кезде өзбекстандык айрым маалымат агенттиктери бир өзбек чек арачы набыт болуп, дагы бири жараат алганын жазып чыгышты. 12.uz аттуу агенттик Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий версиясын төгүндөп, кыргыз чек арачылары биринчи болуп ок чыгарган деген маалыматты таратты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, өзбек маалымат каражаттары жөнсүз маалыматтарды таратууда:

- Өзбекстандын чек арачылары ок атууну баштаган. Андан соӊ ага кыргызстандык чек арачылар жооп катары ок кайтарууга мажбур болушкан. Ал өзбек тараптан аскерлер каза болду же жокпу, аны расмий түрдө бизге маалымат келип түшкөн соӊ гана айта алабыз.

Анткен менен атышка күбө болгондордун билдиргендери эки тараптын айткандарынан айырмалуу чыгууда. Окуя болгон жерде башынан аягына чейин жүрүп, набыт болгон жана жараат алган жигиттерди ооруканага алып келген Жалгыз-Өрүк айылынын башчысы Тагайбек Базарбаев атышуу кандай болгонун мындайча айтып берди:

- Биз Көк-Таш – Булак-Башы айылдарын туташтырган жолду оӊдоого аракет кылып жатсак өзбек чек арачылар келип, бизди кууй баштады. Анан ортодо тирешип калдык. Аӊгыча эле өзбекстандык 15тей аскердин командири асманга ок чыгарды. Ал чыгарар менен артынан аскерлер асманга ок чыгарды. Жолдун боюнда арык жана бак бар эле, ага жашынып алып бизди көздөй аткылай баштады. Биз качып жөнөдүк. Кыргызстандык аскерлер да чек ара бекеттеги вагонду көздөй качып жөнөдү. Ошол учурда ок бир аскерге тийди. Биздин аскерлер ок чыгарышпай, жүгөрүнү аралай жашынышты.

Базарбаевдин айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаш аймактагы жолду оӊдоого болбой турганын ага чейин кыргыз жана өзбек чек арачылары эскертишкен. Бирок эки айылды туташтырган жалгыз жолду ошол айылда кен иштеткен “Казакмыс” компаниясы оӊдоп берүүгө макул болгон соӊ жергиликтүү эл кандай болсо да аны оӊдотуп алууга жан-алы калбай аракет кылышкан.

Чек ара бекетиндеги ок атышуу факты боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ишти аскер прокурорунун орун басары башында турган атайын топ иликтейт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG