Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Кыргыз-өзбек чегинде алма бак талашка түштү


Кыргыз чек арачылары жергиликтүүлөр менен кошо талашка түшкөн жердин картасын кароодо. Ош, 19-август, 2013-жыл

Кыргыз чек арачылары жергиликтүүлөр менен кошо талашка түшкөн жердин картасын кароодо. Ош, 19-август, 2013-жыл

Кара-Суунун Керме-Тоо айылы менен Өзбекстан чектешкен жердеги 10 гектардай алма бак талашка түштү. Бак чек аранын Кыргызстан жагында жайгашканына карабай, коңшу өлкөнүн аскерлери күндөн күнгө бери жылып келатат.

Өзбекстандын чек арачылары жерге ээлик кылган жергиликтүүлөрдү жана жакын арада үлүшү барларды да бул жерге киргизбей жатат. Бирок кыргыз тарап жер мурдатан эле кыргызстандыктарга тийиштүү болуп келгенин айтууда.


"Үлүш жерибизге да бара албай калдык"


Жашы 80ге таяп калган аксакал Мырзали Мусабаев чек ара тилкелериндеги жерлердин тарыхын беш колундай билет. Анын айтымында, Керме-Тоо айылындагы 10 гектар жерди ээлеген алма бак мурдатан эле Кыргызстанга тиешелүү болчу. Өзбекстандын жараны убактылуу иштетип келип, эми минтип биротоло өтүп кеткени калган экен:

Мырзали Мусабаев

Мырзали Мусабаев

- Өзбекстандык Тобокел деген киши ушул жерде жашап турчу эле. 4-5 малы менен, кичине бак тигип жер иштетип келчү эле. Кийин анан тополоң болуп Өзбекстан ээлеп алды дегенден кийин, жерди кайра алганбыз. Бул жер азыр Кыргызстандыкы. Бирок ошо Тобокел деген аксакалдын айынан жерди коңшу өлкөгө алдырып койгону калдык. Бул бакты кошуп, бул жагы бир канча жерди ээлеп алып жатышат. Мурда бул жерге чейин келбейт эле, эми аскерлери автоматтарын көтөрүп алышып биздикилерди кууп, ит кылып атышат. Бактардын ичинде сойлоп жүрүшөт. Мен айттым: качан мыйзамдуу чечилип, атайын бир кагаз болмоюнча бул жерге келбегиле деп. Бирок алар менин сөзүмдү уруп да ойношпой атат.

Өзбекстандык аскерлер алма бакты ээлегени аз келгенсип, анын айланасындагы үлүш жерлерге да кыргызстандыктарды бастырбай убара кылууда:

- Бул бактын тегереги бүт эле биздин үлүш жерлер. Келген-кеткен балдарды өзбек аскерлери уруп атат, согуп атат, маскарлап атат, ары алып кетүүдө. Кыскасы, каалаганын кылууда. Мал өтсө да алып кетет, балээ болду. Кээде келин-кыздарга да асылып жатышат. Анан эми биздин жаштардан да бир күн катуу кол кайрып коюшса, тополоң болуп кетиши мүмкүн. Бизге андай жаңжалдын эч бир кереги жок.-дейт Керме-Тоо айылынын жашоочусу Мырзали Мусабаев.
Айыл тургуну Файзулла

Айыл тургуну Файзулла

Коңшу өлкөнүн куралчан чек арачылары көбүнчө күндүзү бактын ичинде жатып алышат. Түнкүсүн Кыргызстандын аймагына 500 метрге чейин кирип келип, кайтарууга алат дешет жергиликтүүлөр.

​- Ошол бактын ары жагында чек ара тилкесин тоскон зым бар. 2006-жылы тосуп, алдын чуңкур кылып казып коюшкан. Нейтралдуу делген жер деле ошо Өзбекстандын чек арасында калып калган. Азыр эми ошого да алымсынбай 500 метр бул жакка, Кыргызстандын жерине чек араны жылдырганы жатышат. “Кой, кой” деген сайын биздин жерди кадимкидей басып келатышат. Аталардын айтымында, мындан оо, 2-3 чакырым Өзбекстандын ичкериде биздин жерлер болгон. Чоңдордун кайдыгерлигинен улам ушундай иштер болуп атат. Кыргызстандын эле жерине кирип алып тиги өзбек аскерлери кожоюн болуп атышат. Түнү кирип биздин жерлердин үстүндөгү суунун башына жатып алышып, биз жакка суу коё бербей, каалагандарын кылып атышат. -дейт дагы бир керметоолук тургун Файзулла.


Талаш жердин тагдыры чечилеби?


Керме-Тоо кыштагы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл округуна карайт. Айыл округда кыргыз-өзбек аралаш 20 миңдей адам бар. Айыл округ башчысы Шарабидин Капаров болсо бул маселени жергиликтүү деңгээлде чече албай келгенин айтат:

Алма бак 10 гектарга жакын жерди ээлейт

Алма бак 10 гектарга жакын жерди ээлейт

​- Бул жерлерди илгертен ушу керметоолук тургундар иштетип келген. Азыр биз муну кагаз жүзүндө тактап, баарын мыйзамдаштырып алгандан кийин гана бир нерсе дей алабыз. Азыр бул жерде бирөөгө ижарага да бере албайбыз, башка да кыла албай атабыз. Буга чейин бир ай ичинде эл эки жолу чогулуп, ызы-чуу болду. Ушу үчүнчү жолу чогулушубуз.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн атайы өкүлү Курбанбай Искандаров Керме-Тоодогу талаш болуп жаткан жер Өзбекстандын делегациясы менен боло турган сентябрдагы жолугушууда бир жаңсыл боло тургандыгын айтууда:

- Азыр Өзбекстан менен сүйлөшүү процесси жүрүп атат. Аны аягына чыга элекпиз. Делимитация процессинде ар бир жерди тактаганда, ар бир жерди протокол менен бекитип, такташабыз. Бирок ал дагы соңку документ катары саналбайт. Ал документ юридикалык күчкө ээ болушу үчүн дагы бир топ процедуралардан өтүшү керек. Кээ бир жерлерди кайрадан кароого туура келип атат. Ушул сыяктуу участоктор да коңшу өлкө менен дагы көп. Бирок баарын, ошонун ичинде ушул жерди да чечебиз.

​2006-жылы Өзбекстан алма бактан бери өтүп тирөөчтөрдү орнотуп чыккан. Кыргызстандыктар тирөөчтөрдү жулуп ыргытып жиберип, анда да аз жерден чатак чыгып кете жаздаган. Ошондон кийин чек ара тилкеси кайрадан мурдагы ордуна жылдырылган эле. Бирок Өзбекстан минтип кайрадан бери көздөй жылып келатканын жергиликтүүлөр эскертишүүдө.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда чек арадан дагы 370 километр жер тактала элек. Алардын бардыгы чыр чыккан жерлерге туура келүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG