Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

20-январда Ташкенде кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү жыйынтыкталды. Анда тараптар буга чейин такталган эки өлкөнүн чек ара тилкелерин бекитүү жараянын баштоого макулдашты.

Ташкенде өткөн кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жумушчу топторунун сүйлөшүүсү 5 күнгө созулду. Ага катышкан кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, тараптар буга чейин такталган эки өлкөнүн чек ара тилкелерин бекитүү долбоорлорун даярдай баштады:

- Сүйлөшүүлөрдө негизги маселе болуп, мурда жазылып бекитилген тилкелер боюнча келишимдер каралды. Эми участкаларды бөлүп алып, эки тарап такталган чек ара тилкелерин бекитип баштайбыз.

Курбанбай Искандаров Өзбекстан менен 2006-жылдан бери такталган тилкелерди бекитүү иши токтоп калганын, жаңы келишимге кол коюлса, эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча кызматташтыгы кыйла жанданарын белгиледи:

Кыргыз-өзбек чек арасындагы көрнөк

Кыргыз-өзбек чек арасындагы көрнөк

- Бул сүйлөшүүнүн мааниси өтө эле чоң. Себеби, келишимге кол коюлуп калса, биринчи этап менен бир канча чакырымга созулган чек ара тилкелерин толугу менен мыйзамдашып, бул аймактарда чек ара маселесине чекит коюлат. Андан соң бара-бара башка такталган чек ара бекеттерин бекитүүнү улантабыз.

Ташкендеги сүйлөшүүдө эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактар боюнча маселе талкууланган жок. Бирок ал маселелер ушул айдын соңунда Жалал-Абад шаарында өтчү жолугушууда каралышы мүмкүн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши быйыл жыл башынан бери жанданды. Ага чейин 2009-жылдан бери бул комиссиялардын иши токтоп турган. Эки өлкө үчүн курч турган чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүнүн жанданышын эки тарап тең мамиледеги алдыга карай жылыш катары баалап жатат. Андай пикирди колдогондордун бири Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов:

- Бул кабарды абдан сүйүнүү менен кабыл алдым. Биздин мамлекеттин толугу менен коопсуздукка жетиши үчүн чек араны тактоо алгачкы маселе. Кечээги Тажикстандагы окуя деле буга далил болбодубу. Ошондуктан, бул сүйлөшүүнүн чек араны тактоодо мааниси чоң деп ойлойм.

Ал эми чек арасы тактала элек Ала-Бука районундагы Ак-Там айылынын тургуну Мырзапар Мамбетов комиссия басымды тактала элек тилкелерге жасаса оң болмок деген пикирде:

- Биздин айылдын тургундары такталбаган чек ара айынан экиге бөлүнүп, тынчсыздануу менен жашап келатат. Чек араны тактоо маселесин биз сыяктуу тактала элек аймактардан баштаса жакшы болмок эле. Болбосо, Баткендегидей качан чыр чыгып кетет деп кооптонуп турабыз.

Ошол эле учурда чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов эки өлкөнүн чек арасындагы макулдашкан бөлүктөрү боюнча документтерге кол коюуда Кыргызстан утулуп калчу жагдайлар бар экенин эске салууда:

- Чек араны тактоодо мына ошол чечилген тилкелер менен чечиле элек тилкелердин бири-бири менен байланышы бар. 2006-жылы да мына ушундай сунуш чыкканда биздин кызыкчылыкты караган талаптар эске алынбаса, кол коюуга барбайбыз деп койгон элек. Бул жолу Ташкен мына ошол биз койгон талаптарды аткарууга бара турган болсо, анда албетте макулдашылган чек ара сызыгын бекитүүгө макул болуу керек. Бирок мына ошол мезгилден бери чек араны тактоо боюнча жагдайлар өзгөргөн жок.

Ошондой эле Аламанов чек араны тактоо маселесине жогорку бийлик өкүлдөрү киришмейин маселе чечилиши кыйын болорун эскертти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы толук тактала элек. Эки өлкө ортосундагы өкмөттүк келишимде көрсөтүлгөн 15 чек ара бекети бар. Бирок учурда 3 темир жол бекети ачык турса, жарандар өтчү бекеттердин дээрлик баарына Өзбекстан бир тараптуу чектөө киргизген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG