Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелерине Сох-Чарбак чатагынын таасири “Азаттыкта” “арай көз чарай” талкууланды.

Талкуу 5-7-январь аралыгында болгон Сох чатагынан тараптар кандай сабак алышты, чек ара маселелерин чечүү аракеттери эмне үчүн солгун, эки мамлекет бийликтери эмне себептен алдыга кадам жасай албай жатышат, кошуналардын баш оорусуна айланган Сох, Барак сыяктуу анклавдардын тагдырын кантип чечсе болот деген өңдүү маселелердин айланасында жүрдү.

Талкууга Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов, мурдагы коопсуздук кызматкери, Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков, “Нойгут-Ак -Бата” коомдук бирикмесинин өкүлү Абдыкасым Амираев катышты.

“Азаттык”: Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-февралдагы экинчи айлампасынан кийин Кыргызстанга мыйзамсыз кирди деп кармалган үч өзбекстандык жаран мекенине өткөрүлүп берилди, чарбактыктарга моралдык чыгымдар толук төлөнүп берилбей калды деген маалыматтар айтылууда. Мындай маалыматтарды ырастайсызбы?

Токон Мамытов: Моралдык чыгымдар боюнча сүйлөшүүлөр мен ишке киргенге чейин жүргөн экен, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүптүр. Мага кийин 23-январдагы сүйлөшүүлөрдө сынган машиналар үчүн өзбек тараптан республика жарандары 56 миң доллардай төлөп беришти деген эле маалымат жеткирилди.

Ал эми өткөрүлүп берилген жарандар боюнча. Алар да бизге беришти да. Аны да айта кетсеңиз болмок. Мисалы, биздин бир жаран алты ую менен чек араны бузуп, Өзбекстанга өтүп кетип, кармалып калган. Аны мал-салы менен кайтарышты.

Дагы бир жаран чек арадан өтүп, Өзбекстандын бир айылында бирөөлөргө жолугам деп барып, кармалып калган. Аны да беришти. Албетте алардын жарандары да бизге адашып келиптирбиз деп түшүндүргөнүнөн тартип коргоо органдары да аларды кайтарып беришти. Алар биздин талабыбызга жараша жарандарыбызды бат, чечимсиз эле өткөрүп беришти. Биздеги өзбекстандык жарандар боюнча кылмыш иши бар болчу. Ошондуктан облуста карап, сот чечими аркылуу өткөрүп бердик.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Сох-Чарбак чатагын жөнгө салуу боюнча тараптардын аракеттери элди канааттандырып жатабы?

Абдыкасым Амираев: Анча-мынчасы канааттандырып жатат. Баарын төгүндөй берген деле болбойт. Бирок эл каалагандай болбой атат. Себеби мамлекеттин негизи эл, анан чек ара. Ошол аймакты бекемдөө үчүн буга чейин элди караш керек болчу. Мына эгемен мамлекетпиз дейбиз. Жыйырма жылдан бери чек араны тактай албай келатабыз. Бул – бийликтин алсыздыгы.

Артур Медетбеков: Биринчиден, эгемендик алгандан бери чек ара каралбай калганы – ачык сөз. 2000-жылдын февралынан баштап делимитациялоо, демаркациялоо маселесине көңүл бурула баштады. Биринчи комиссия эч кандай жыйынтык чыгарбай, Өзбекстан менен 1370 чакырым аймакта чек аралаш болсок анын 320 чакырымдайы талаштуу болуп, делимитация, демаркация боло элек, башкача айтканда чектеп, картага мыйзамдуу түрдө киргизүү керек. Тилекке каршы азыркы бийлик, өкмөт 2010-жылдан кийин же өзүнө жакшы келе элекпи, же ошол убакта иштеген өкмөт жетекчилеринин начардыгынанбы же жергиликтүү бийликтин начардыгынанбы, айтор алсыз бийликтен жанагыдай жаман жагдайга келип калдык.

Экинчиден, Сох проблемасы бүгүн эле чыккан жок. Эки жыл мурда да катталган. Андан тышкары Өзбекстан менен чек ара болгон жерлерде акыркы эки-үч жылда атышуулар болуп кеткен. Ошонун ичинде биздин жарандар да каза болгон, Өзбекстандын кээ бир жарандары да жарадар болгон. Мунун бардыгына эки мамлекеттин президенттери маани берип, комиссия катуу иштесе жыйынтык чыгып, Сох проблемасы козголбойт эле. Азыркы күндө Сох проблемасы жеке эле Сохто эмес, башка анклавдарда болот же болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал жердин эли кооптуу жагдайда жашап атышат. Абалдары кыйын.

Токон Мамытов: Албетте Сох маселеси тереңирээк. Социалдык-экономикалык тармакта жетишпеген, чечилбеген маселелер бар: маданият, билим, медицина, миграция, демография, жумушсуздук сыяктуу көп тараптуу себептер. Бул бир эле себеп деп айтууга болбойт. Бирок бул жерде айтылгандай, проблеманын негизги себебинин бири Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасынын такталбагандыгынан чыгып атат.

Суу талаш, жайыт талаш, отун талаш, жер талаш, туура эмес өтүп кеттиң, паспортуңда мөөр жок, мөөнөтү өтүп кетиптир деген сыяктуулардын бардыгы тең ушул проблемага камтылган. Ошон үчүн элдин айтканында жүйө бар.

Делимитация, демаркация жараяны тезирээк аяктаса жакшы болот эле. Бирок бир нерсени тактап коюш керек: Кыргызстандын өкмөтү канча теминсек да, канча чуркасак да, эгер тиги тараптан түшүнүү болуп, "келгиле, эми чечели" деп, ийри отуруп, түз чечпесе, биз жалгыз чече албайбыз. Өкмөт эртең деле чогулуп барганга даяр. Бирок тиги тарап да түшүнүп, аракеттениши керек. Тилекке каршы бүгүнкү карым-катыш сүйлөшүүлөр чек ара аскерлери аркылуу эле болуп атат. Ошондуктан мен Кыргыз өкмөтүнүн Курманбай Искандаров баштаган делимитация, демаркация комиссиясынан тышкары дагы өкмөттөр аралык комиссия ишин жандандырса бир топ маселелер чечилет эле деген ойдомун.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG