Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Кыргыз-өзбек чек арасында дагы чыр чыкты


Кыргыз-өзбек чек арасын көпчүлүк жерлерде Өзбекстан тарабынан атайын казылган ушундай аң бөлүп турат.
Кыргыз-өзбек чек арасын көпчүлүк жерлерде Өзбекстан тарабынан атайын казылган ушундай аң бөлүп турат.

Аксынын Торук айылында чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек чек арачысын курал-жарагы менен кармап алышты.

16-августта Жалал-Абаддын Аксы районунун Торук айылында чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек жоокери кармалды. Жергиликтүү тургундар өзбек чек арачысы чек арадан өтүп бараткан кыргызстандык аялды кууп келип, өзү кармалып калганын айтууда. 17-августта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстандын чек арачысы кайра бошотулганы кабарланды.

Бул чек ара жаңжалы тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева кыскача буларды билдирди:

- Аталган жоокер Кыргызстандын аймагына 100 метрге чейин кирип кеткен. Алдын-ала көрүлгөн иш-чаралардын негизинде ал Өзбекстанга кайтарылып берилди. Өзбек чек арачысынын мамлекеттик чек аранын эрежесин бузуп өтүп кетүүсүнүн себеби такталууда.

Торук айылындагы үйлөр менен чек аранын ортосундагы аралык 10-15 метр. Эки өлкөнү ортодо казылган тереңдиги 3 метрлик аң гана бөлүп турат.

Торук айылдык кеңешинин депутаты Замир Айтмаматов бул окуя кандайча болгонун "Азаттыкка" айтып берди. Ал Өзбекстандагы үйүнөн кабар алып келатып, өзбек чек арачысынын куугунуна кабылган Торуктун тургуну Бактыкан Мамырованын өзү менен сүйлөшкөн экен:

-Чек арадан өтүп калганда Өзбекстандын чек арачылары “токто, эле токто” деп кыйкырып калат. Анан бул аял коркконунан качып, чек арадан 15 метрдей бери жактагы Үч-Коргон – Кербен жолуна жеткенде Өзбекстандын жоокери жетип келет. Ал жулкулдатып, колунан тартып сүдүрөп баштаганда жолдогу жүргүнчүлөр көрүп калыптыр. Алар аялга жардам бермекчи болгондо тополоң чыгып, Кыргызстандын чек арачыларын чакыртышкан.

Ошентип кыргыз тарапка кирип келген өзбек жоокерин кыргыз чек арачылары кармап кетишкен. Замир Айтмаматовдун айтымында, чек арачы куралчан болгон. Нес болуп калган аял “менин айымдан согуш чыгып кетет экен” деп абдан коркуп калган.

Торук айылында учурда Өзбекстандын кошуна айылынан көчүп келген теги кыргыз 106 үй-бүлө бар. Алар же Өзбекстандагы үйүн сата албай, же таштап койо албай орто жолдо убара тартууда:

- Жарым үйү аякта, жарым үйү биякта болгон Өзбекстандан келген кыргыздарга мамлекеттен жакшы колдоо болбой жатат. Алар чек арадан ары-бери өтүп турууга аргасыз. Алардын мындай каттоосу мыйзамсыз деп эсептелгендиктен, көбүнчө колго түшүп, айып пул төлөп чыгышат, - дейт Замир Айтмаматов.

Кыргыз-өзбек чек арасынын бул бөлүгүндө да тактала элек тилкелер арбын. Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов да мындай окуялар тез-тез кайталанышын чек аранын тактала электигинен, тосулбаганынан көрөт:

- Эми турмушта ушундай окуялар да болот экен. Бирок соңку окуя эч кимге эч кандай зыян келтирген жок. Ошондуктан биз Өзбекстандын жоокерин өткөрүп бердик. Кокус биздин жоокерлер өтүп кетсе, алар да бизге өткөрүп берет.

Канткен менен Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен бул аймагында чек арага байланышкан чатактар көп чыгат. Мындан бир жумадай мурда эле (8-августта) Аксы - Ала-Бука жолунун боюндагы Босого-Таш аттуу жерде эки өлкө жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Абдурашит Керимбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, бул күнү чөп чабыкка өтүп бараткан кыргыз жарандарын чек арада турган 30 чакты өзбек жараны адегенде таш бараңга алган. Кийин аларга атчан адамдар кошулуп, кыргыз жарандарын куушкан. Аларга таш ыргытуу менен жооп кайтарган кыргыз жарандарына да атчандар келип кошулган. Чатак райондук тартип сакчылары, Кербен айылынын аксакалдары жана Кербен чек ара бекетинин жоокерлеринин күчү менен жөнгө салынган. Бактыга жараша эки тараптан тең эч ким жабыркаган эмес.

Аксы милициясынын башчысынын айтымында, Өзбекстандын кошуна Чуст районунун өкүлдөрү мурда убада беришкени менен бул чатактын чоо-жайын териштирүүгө келген эмес.

Мындан туура бир ай мурда, 17-июлда болсо Ала-Букада да кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, ок атышуу менен коштолгон.

Мындай чыр-чатактарга негизинен чек аралардын ушул күнгө дейре такталбаганы себеп болоору айтылып келет. Узундугу 1378 чакырымга барабар кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери болсо талаштуу жерлерге келгени такалып турат.

Дал ушул күндөрү кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия кезектеги жыйынын Өзбекстандын Наманган шаарында өткөрүп жатканы кабарланды. Бирок буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн ырайына караганда, чек араны тактоо иштери жакын арада аягына чыкчудай эмес.

XS
SM
MD
LG