Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

Сузакта 2 миң кой чечекке каршы эмдөөдөн кийин кырылып калды. Малчылардын чыгымы 10 млн сомдон ашты.

Мамлекет аларга кандай жардам көрсөтөрү азырынча белгисиз. Адистер бул окуя Кыргызстандагы ансыз да начар эпизоотикалык абалды, ветеринардык татаал шартты айгине кылгандай болду деп жатышат.

Айрымдар муну өлкөгө жасалган диверсия деп да атап жиберишти. Бирок адистер андай божомолду четке кагышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине карганда, 30-сентябрга карата өлгөн койлордун саны 2064 башка жетти. 27-сентябрга карата алардын саны 1979 болчу.

Бирок алдыңкы күндөргө караганда тоголонуп, жыгылган койлордун саны кыйла азайды. Өлгөндөрүн адистер жерге көөмп, дезинфекциядан өткөрүп жатышат.

Чечектен кийинки апаат

Бирок чечекке каршы 2,5 миңдей койго вакцина салынганын эске алсак, жакынкы күндөрү малчылар дагы бир нече жандыгынан ажырачудай. Сузак районунун Кыз-Көл, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Кызыл-Туу айылдык аймактарында жеке чарба ээлери койлорун ушул жылдын 8-сентябрынан тарта чечек оорусуна каршы алдын ала эмдөөдөн өткөрүшкөн. Бирок 14-сентябрдан тарта ал жандыктар массалык түрдө өлүмгө учурай баштаган.

Адистер 2 миң баш койду 5 миң сомдон эсептегенде эле малчылардын тарткан чыгымы бери дегенде 10 млн сомду түзгөнүн айтышууда.

Сузак районун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн тургуну Калмырза Шамурзаев карыя жарым кылымдан бери мал артында. Бирок буга чейин капилет келген мындай апаатка туш болгон эмес.

- Бул жаткандардын баары оору. Бир суткага жетпей, баратып эле жыгылып калып жатышат.

Өңүт берүүсүн толугу менен бул жерден угуңуз:



Калмурза Шамурзаев өзүнүкүн жана акыга багып жүргөн элдикин кошкондо короосунда 410 баш кою бар эле. Биздин кабарчыбыз барган кезде анын 235 кою күр өлүп, карыяны кайгыга салып турган экен. Ал койлорун эмдөөдөн 12-сентябрда өткөргөнүн айтты.

- Булар элдин малы. Насыя алып, мал кошкондор да бар. Ушулар күздө аман-эсен келсе, козуларын сатып, ал эмки койлорду өзүбүзгө алып калсак деген адамдар болчу. Баары кембагалдардыкы, байы деле жок. Жылда эле ушундай кылчубуз, ишенчүбүз да. Мал доктурга айтсак, алып келип уколдоп берем деди.

Эгер ар бир койду беш миң сом деп баалаганда, Калмырза Шамурзаевдин чыгымы 2 млн сомду чапчыйт. Маселен, Шамурзаевге Теңирберди Эшатов карыя 29 коюн акыга багып берүүгө тапшырып, кырылгандан аман калган 10 коюн алып кетүүгө келиптир. Карыя койлорун алып кетип жатып, бул кырсыкта чабандын күнөөсү жок деген ойдо.

- Калганын алып, үйүмө алып барып багайын. Бул малчыга деле жан керек да эми. Ону аман калыптыр, мейли эми.

Бийлик жардам береби?

Чабанга коюн аманат тапшырган элдин баары эле өлгөн койлорун кечип жибериши күмөн. Ал эми Калмырза Шамурзаев Сузакта малы кырылган бир эле киши эмес. Мындай тагдырга жалпысынан ондон ашык чарба ээси кабылып, чоң мүшкүлгө кабылып турган кездери. Калмырза чабандын жубайы Темиргүл Сыдыкова өкмөт жардам берсе деген үмүттө турат.

- Өкмөт элге, аны менен бирге бизге да жардам берсе болот эле. Элдин баары ушул кой менен тиричилик кылып жаткан. Насыя алгандар да, койду сатып кутулам дегендер да көп болчу. Акчалай жардам берсе, эл да ошого ыраазы болот эле. Ордун кайра толтуруп берсе, улантып кетүү элдин милдети. Ошондуктан акчалай жардам берсе деп үмүт кылып жатабыз.

Мен өзүм да иштебейм. Элдин аманат коюн жайлоодон аман-эсен алып келсек, эми мындай кокустук болуп, сайылган укол койлорду өлтүрүп жатат. Же жөлөк пул албасак... Жолдошумдун пенсиясы менен кайда барабыз? Кышка койлорду сатып, оокат-аш, 5-4 кап ун алчу элек. Үлүш болсо жок. Кийим-кечени да кой менен сатып алчу элек.


Жардам демекчи, кыргыз парламенти өткөн аптанын шаршемби күнү түштөн кийинки жыйынын койлордун өлүмүнө арнады. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтканына караганда, бул маселени иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ал күнөөкөрлөр толук жазаланат деп убада кылууда.

“Ата Журт” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков ким жоопкерчилик тартып, малчыларга өкмөт кандай жардам көрсөтөт деген суроону өкмөт мүчөлөрүнө койду.

- 15 млн. сомду аларга бүгүнкү күндө ким төлөп берет? Ошол нерсе каралып жатабы? Менин эсебим боюнча вакцинанын айынан 15 млн. сомго жакын мал кырылды. Буга ким жооп берип, ким төлөйт?

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин биринчи орун басары Самат Алиевдин парламентте айтышынча, мындай капилет учурларда чыгымды толуктап берүү мыйзамдарда каралган эмес. Андыктан фермерлерге жардам көрсөтүү жагы өкмөттүн саясий чечимине жараша болчудай.

- Ачыгын айтып коюшум керек, бизде өзү мыйзамдарда компенсация жагы көрсөтүлгөн эмес. Ушул сыяктуу учурларда төлөп берүүнү караган мыйзамдык базабыз жок. Ал эми иш жүзүндө кандай чечим кабыл алынат, бул - өкмөттүн иши.

Бирок депутат Жумабековду башкы ветеринардын жообу ынандыра алган жок. Кызуу талкуудан соң Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алып, өкмөт кою кырылган адамдарга мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамын берсин деген чечим чыгарды.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Талант Узакбаев ал жардамдарды мындайча түшүндүрдү:

- Кээ бир депутаттар компенсация болсун дешти. Биз, комитеттегилер, компенсация дебей, мамлекет жардамын көрсөтсүн деп жаздык. Ал жардамдын түрү көп. Мисалы, эгер акчасы жетсе, компенсация кылсын. Же арзандатылган насыя, же пайызы жок насыя береби, кыскасы биз өкмөткө сунуш бердик. “Жылкыңа карап ышкыр” дегендей кылдык. Мажбурлап эле аткара албаган нерсени жазып койсок, элди да алдагандай болбойлу дедик.

Бирок, белгилүү болгондой, парламент токтомунда өкмөттүн бере турган жардамынын түрү да, өлчөмү да так аныкталган эмес. Андыктан чарба ээлерине качан, кандай жардам берилери азырынча белгисиз. Өкмөт аппаратынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришкендей, малынан ажыраган жарандарга кандай жардам көрсөтүлөрү толук иликтөөдөн кийин гана билинет. Анда малчылардын өздөрүнүн жоопкерчиликсиз мамилеси да эске алынат. "Малдын өлүмүнө алар өздөрү да жооптуу, андыктан компенсация берилиши арсар" деп билдиришти.

Күмөндүү вакцина

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Самат Алиевдин парламентте маалымдашынча, Жалал-Абад шаарында жеке аптекасы бар ветеринар Талип Ташболотов сентябрь айынын башында чечекке каршы 4 миң доза вакцина алып келген. Мал доктур алардын бир даанасын 300 сомдон саткан. Аны Сузак районунун 5 айыл өкмөтүндөгү 11 фермер алат. Алар айрымдары өздөрү, башкалары жергиликтүү ветеринарларды чакырып, кой-эчкилерин эмдөөдөн өткөргөн экен.

Бир аптадан соң эле эмделген малдар тескерисинче, четинен кулай баштайт. Анын ичинен 87 кой союлуп, элге таралып кеткен. Натыйжада аны 4 миңдей адам жегенге үлгүргөн экен. Бирок текшерүүдө азырынча, ал койдун этин жегендердин арасынан сыркоологондор болгон эмес.

Өзбекстандык Зиявидин аттуу адамдан чечекке каршы вакцина сатып алган жалалабаддык ветеринар Талип Ташболотовго азыр кылмыш иши козголду. Талип Ташполотов өзү буларды айтты:

- Чечекке каршы дарыны эл дайыма сурап турган. Акырында өзүм тейлеген аймакта жашагандардын койлоруна берем деп, төрт миң доза алгам, Зиявидин деген баладан. Дарылардын үч миң үч жүзү кишиге таралып кеткен. Эмдөө сайылган койлор арасында ушинтип өлүм болуп атат. Ал дары Орусиянын Покров шаарындагы илим-изилдөө институтунан чыккан.

Азырынча ал вакцина текшерилип, курамында кандай шектүү элементтер бар экени толук аныктала элек. Антсе да алгачкы жыйынтыктар да жок эмес. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымдашынча, вакцина азыр Кыргызстандагы жергиликтүү лабораториялардан текшерилүүдө. Аны менен катар Орусияга да жөнөтүлүүдө.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин биринчи орун басары Самат Алиев:

- Вакцинанын бетинде "Орусиядан чыккан" деген жазуусу турат. Бирок кебетесине караганда бир топ күмөндүү. Ал фабрикадан чыккан эмес, жасалма.

Айтмакчы, кошуна Өзбекстанда да ушундай окуя катталып, аларда 50 миңге чейин кой кырылып калды деген маалыматтар бар. Самат Алиев Өзбекстанда колдонулган эле вакцина Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен келген деген ишенимде. Анын айтымында, өзбекстандык адистер ал вакцинаны Орусияга жөнөтүп, текшерүүгө үлгүрүшкөн.

Самат Алиев алгачкы жыйынтыктарга таянып, ал вакцинада малдын ауески оорусун чакырган, башкача айтканда жалган кутурманы пайда кылуучу кошулмалар болгон дейт.

- Өзбекстанда бизден эртерээк болуптур. Алар Москвадагы Айбанаттарды коргоочу Владимир илимий изилдөө борборуна жана Покров шаарындагы биофабрикага жөнөтүшүп, алгачкы жыйынтыктары да чыгып жатыптыр. Орусиялык кесиптештерим менен байланышып, маалыматтарды тактоого аркет кылып жатам. Москвадагы Айбанаттарды коргоочу Владимир илимий изилдөө борборунун деректиринин айтымында, чечекке каршы вакцинада эки кошулма бар болуп чыкты. Ауески, же болбосо жалган кутурма деген оору бар. Чечекке каршы ал вакцинада ушул оорунун кошулмасы бар болуп чыкты. Башкача айтканда, бир вакцинанын ичинде эки вакцинанын кошулмалары болгон.

Ал Сузактагы койлордун өлүмүнүн белгилери жалган кутурма менен ооруган малдарга окшош деп билдирди.

Өзбекстанда 50 миң кой өлдү дешет

Кыргызстандагыдай окуя катталган кошуна Өзбекстанда боо-боо түшүп, кырылган койдун саны 50 миңге жеткени кабарланууда.

Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы чабандар азыр жүздөгөн койлору вакцинадан кырылганына ким жооп бериши керектигин билгиси келип жатат. Эки өлкөдөгү соңку окуялар мамлекеттик колдоосуз өздөрү эптеп бутуна турууга аракеттенип жаткан көптөгөн чабандар үчүн олуттуу жоготууга алып келди.

Өзбекстандын борбордук бөлүгүндө жашаган фермер Набижон Журабоев баккан койлорун коркунучтуу чечек ылаңынан тезирээк сактап калыш үчүн жанташалып дары издегенде өкмөттүк ветеринардык дарыкананын вакцинасын ойлонбой эле сатып алган.

Күрөң сымал кургак ампула түрүндөгү дарыдан толтура алып, аны суюктукка аралаштыра койлоруна сайып кирген. Заматта эле бүт эмделген койлору кырылып калды.

- Журабоев мындай мүшкүлгө туш болгон жалгыз чабан эмес. Жыззах облусундагы бардык эле койчулар эмдөөдөн кийин эле койлорунан айрылып калды.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, ушул Жыззах облусунун өзүндө эле 35 миң кой чечектен эмделгенден кийин күр эле кырылып калды. Жалпы Өзбекстанда болсо өлгөн койлордун саны 50 миңге жетти.

Коңшулаш Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда Өзбекстандан мыйзамсыз алынган ушул эле сыяктуу дарыдан 2 миңге жакын кой өлдү. Эки өлкөдө тең малынан айрылгандар азыр бул үчүн ким жооп берет деп турушат.

Окуяга өзбек бийликтери эч кандай комментарий беришпеди, өкмөткө баш ийген маалымат каражаттары бул маселеге такыр эле кайрылышкан жок. Кыргыз бийликтери болсо кылмыш ишин козгошту, ал вакцинаны атайын текшерүү жайларына жиберишти.

Британиядагы Ветеринардык ассоциациядан "Азаттыкка" билдиришкендей, азырынча ал дарынын курамы кылдат текшерилмейин так маалымат айтыш кыйын. Бирок адатта мал вакцинадан эки гана учурда өлөт: проблема вакцинанын өзүндө болушу мүмкүн же аны натуура пайдалангандан болушу да ажеп эмес. Андан сырткары вакцина эскирип калган болушу мүмкүн же мөөнөтү өтүп кетпесе да, муздаткычта кармалбай, же начар сакталган болсо керек дешет.

Иши кылып азыр божомол көп. Алардын арасында коррупцияны да эч ким эсептен чыгарып салган жок. Балким бирөө жарым дарынын эң пайдалуу бөлүгүн алып, анын ордуна башка эле нерсе салып коюп мыйзамсыз сатса, ким текшермек?

Адистер эмне дейт?

Азыр эми талкууга түшкөн ошол вакцинаны көргөндөр “Азаттыкка” сүйлөп, анын бетинде дары “Орусиянын Покров шаарындагы Ветеринардык изилдөө институтунда өндүрүлгөн” деп жазылганын айтышты. Ал институт Орусиянын Айыл чарба илимий академиясына карайт.

Бирок Покровдогу ошол институттун директору Денис Колбасов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, ал дарыны бул институт чыгарбаганын айтты.

- Биз быйыл Кыргызстанга же Өзбекстанга эч кандай вакцина жиберген жокпуз. Биз Орусиянын ичине гана тараттык жана алардын сапаты боюнча эч жерден доомат түшкөн жок. Өзбекстандагы окуя жөнүндө уккандан кийин биз аны өзүбүздө текшерип көрдүк: ал дарынын сырты да биздикине окшошпойт, ичиндеги дары да бизде чыгарылчу дарыдан айырмаланып турат. Бирок ошол ичиндеги дары койлордун кырылышына себеп болдубу же башка себеби барбы, муну мен азыр айта албайм, анткени менде андай изилдөөнүн жыйынтыгы жок.

Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Таирбек Жоробеков “ветеринардык эрежелерди бузгандыгы үчүн” төрт адамга кылмыш иштери козголгонун айтты.

Бийликтердин айтымында, эмделген дагы 1600 койго ал уколдон кийин кайра башка дарылар берилип, азыр каралып жатат.

Жон Фицжералд - Британияда “Айыл чарбада дарыны жоопкерчилик менен колдонуу” деп аталган альянстын баш катчысы. Анын айтымында, Борбор Азиядагы бул жаңылык өтө өкүнтө турган нерсе, анткени дарыны жасаган же жеткиргендер бул жерде аны колдонгон фермерлер менен бирдей деңгээлде
жоопкерчиликти бөлүшөт.

- Европа биримдигинде дарыны ким жасап, ким дыйкан-фермерлерге жеткирээри такай көзөмөлгө алынып турат. Дарыны сатып жаткандар аны алып жаткан чабандарга вакцинаны кантип, качан колдонууну так түшүндүрүп, айтып же көрсөтүп берүүгө тийиш.

Ал арада эки өлкөдө тең окуя болгон аймакта карантин киргизилип, ылаң чыккан же койлору эмдөөдөн өлгөн аймактардан эт сатууга тыюу салынды. Өзбекстанда да койлору эми эле өлө баштаган фермерлер жоготууну кыскартыш үчүн этти эптеп базарда тезирээк сатып жибергенге да жетишкени айтылууда.

Козголгон кылмыш иштер

Жогоруда белгиленгендей, Кыргызстанда аталган окуя боюнча төрт кылмыш иши козголду. Жалал-Абад облустук милиция башчысынын орун басары Таирбек Жоробеков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Талип Ташболотовго жана ветеринардык, же медициналык атайын билими жок болгону менен ошол ампулаларды саткан Масалиева Махабатка, Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына жана Өзбекстандын жараны Зияидин деген кишиге кылмыш иши козголду. Азыркы убакта анын аты-жөнү толук белгилүү. Аны кармоо боюнча тийиштүү оперативдик иштер жүргүзүлүп жатат. Алдын ала тергөөдө Талип Ташболотовдун “бул дарылар Өзбекстандан келген, Өзбекстандын жараны алып келип берген” деген көрсөтмөсү бар. Дарынын сыртына күмөндүү этикеткалар жабыштырылган. Азыркы учурда милиция кызматкерлери тиешелүү посттордо күнү-түнү кызмат өтөөдө. Райондун эмдөөдөн койлор өлгөн аймактарына жана Ош-Бишкек жолуна милициянын тосмо бекеттери коюлган.

Адистердин айтымында, буга катардагы ветеринардын, же малчынын эмес, өлкөдөгү жалпы ветеринардык абалдын чабалдыгы себеп болгондой. Кыргызстанда буга чейин деле эпизоотикалык абал көңүл жылытарлык эместиги айтылып келаткан. Маселен, мындан бир ай мурда Бишкектин Ош базарында эт саткан аялдын сибир жарасы менен ооруй турганы аныкталган эле.

Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдын начарлыгын жүйө кылып, Казакстан кез-кез эт-сүт азыктарын чек арадан өткөрүүгө тыюу салып келатат. Андыктан Сузактагы окуя мал чарбасына, анын ичинде ветеринардык тармакка жаңыча мамиле кылууну талап кылып жатканын белгиленүүдө. Республикалык ветеринардык департаменттин башкы директору Жаныбек Султановдун билдиришинче, акыркы жылдары өлкөдө малдын саны өскөн.

Мал көп, мал доктур аз

Ошол эле кезде мал доктурлар жалпы малдын 30 пайызын гана караганга жетишет экен. Учурда ветеринарлар мамлекеттик жана жеке деп экиге бөлүнөт. Буга чейин мамлекеттик ветеринарлардын жалпы саны 1044 адам болсо, жыл башындагы мамлекеттик кызматтагы кыскартуулардан соң болгону 680 адам калган. Ал эми жеке менчик ветеринарлар миңден бир аз гана ашат.

Жогорку билимдүү мал доктурларды даярдаган Кыргызстанда бирден-бир окуу жай - Кыргыз улуттук агрардык университети. Мындан тышкары ветеринарларды аймактагы окуу жайлар да аз-аздан окутуп чыгарат. Агрардык университет жылына 80-90 адис чыгарса, анын баары эле ветеринар болуп кетпейт экен. Аталган окуу жайдын ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин башчысы Бекбосун Акназаров “жаш мал доктурларга колдоо жоктугунан алар, алыскы аймактарга, айыл жерлерине барбай жатат” дейт.

Улуттук илимдер академиясынын биотехнология институтунун деректири, ветеринария илимдеринин доктору, бир топ жыл башкы ветеринар болуп иштеген Асанкадыр Жунушов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, башкы ветеринарды мамлекеттеги чоң саясий кызмат деп белгиледи. Бирок ага жөн-салды мамиле кылынып келатат деп кейиди.

Жунушов “мал чарба ээлери, чабандар да мал ылаңынын коркунучтуулугун толук аңдап-түшүнбөй жатат” дейт. Андыктан алардын жоопкерчиликсиздиги да абалды татаалдаштырып жатканын, чабандар мал доктурлардан жашырып, ооруп калган малды сатып жиберүүгө ашыгышарын кошумчалады.

Койлордун күр өлүмү аныкталгандан тарта Жалал-Абад облусунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бекеттер орнотулган жана кой этин сатууга тыюу салынган. Ошондой эле атайын штаб да түзүлүп, аймактагы эпизоотикалык абалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Мындан тышкары Ош облусунда кой этин сатууга тыюу салынды.

Бирок ушул окуядан кийин малчылар менен мал доктурлар, эң башкысы бийликтеги тиешелүү мекемелер мындан чечкиндүү тыянак чыгарабы деген суроо турат жоопсуз.
  • 16x9 Image

    Заирбек Бактыбаев

    "Азаттыктын" веб-редактору, журналист. 

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG