Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Өлгөндөрдү мазактаган Дооталиева суракка алынат


Медакадемия.
Медакадемия.

“Манас” аэропортуна жакын жердеги авиакырсыкта набыт кеткендерди мазактап, Фейсбукка билдирүү жазган аял Бишкектеги Медициналык академиянын кызматкери Таттыгүл Дооталиева экени аныкталды. Окуу жайдын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдиргендей, коомдогу нааразылыктардан улам ректор чакырып, түшүндүрмө алды.

-Дооталиева ыйлап жатат. Жетекчилик ага тийиштүү жаза колдонот,- деди Пазылов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү териштирилерин маалымдаган. Анын жазган пикириндеги аймактар аралык жана улуттар аралык кастыкты козутуу мүнөзүн аныктоо атайын экспертизада такталат.

16-январдагы апааттан соң Фейсбуктагы Таттыгүл Дооталиева аттуу колдонуучу мерт кеткендер өлкөнүн түштүк аймагынан болорун айтып, “өздөрүнөн көрсүн” деген өңүттө пикир калтырган.

Апаат кырк чамалуу адамдын өмүрүн кыйды. (SE)

XS
SM
MD
LG