Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

“Вечерний Бишкектин” чатагы ырбады


4-майда Бишкек шаардык соту басылманын акцияларды камактан бошотуу боюнча доо арызын четке какты. Гезиттин мурдагы кожоюндарынын бири Александр Рябушкиндин 15 миллион долларлык доосу боюнча сот да уланып жатат.

«Вечерний Бишкек» интернет порталынын редактору Дина Маслованын «Азаттыкка» билдиришинче, 4-майда шаардык соттун чечими менен «Вечерний Бишкек» басылмасынын 100 пайыз жана ага караштуу «Рубикон» рекламалык фирмасынын 50 пайыз акциясы камакта калды.

Бул басылмадан 15 миллион долларга жакын доо талап кылган гезиттин мурдагы кожоюндарынын бири Александр Рябушкиндин арызы боюнча жүрүп жаткан Биринчи Май райондук сотундагы териштирүү кайрадан уланат дегенди билдирет.

- Бишкек шаардык соту биздин басылма Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча берген доо арызды канааттандырган жок. Бул деген «Вечерний Бишкек» басылмасынын 100 пайыз жана ага караштуу «Рубикон» рекламалык фирмасынын 50 пайыз акциясы камакта калганын билдирет. Эми шаардык сот өз чечимин Биринчи Май райондук сотуна бериши керек. Биринчи Май райондук сотунда Александр Рябушкиндин 2000-жылдан бери компенсация талап кылуу боюнча арызы каралып жаткан эле. Эми ал сот процесси уланат.

Басылманын жамааты шаардык соттун чечиминен бир күн мурда коомчулукка кезектеги кайрылуусун жолдоп, гезит айланасындагы абалды “жетээр чегине жетип калды” деп баалаган эле. “Вечерний Бишкектин” жүйөсүндө, акыркы кезде аларга каршы маалыматтык кампания башталып, ал бийликтеги таасирлүү адамдардын көзөмөлүндө жүрүп жатат. Чындыгында эле акыркы күндөрү мамлекеттик телеканалдар аркылуу басылма айланасында бир тараптуу сюжеттер көрсөткөнү айтылган эле.

“Күч колдонуу менен бизге карата жасалган басымды биз керт башыбызга гана эмес, бүткүл өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч катары кабыл алабыз. Биз бүгүн чечкиндүүлүк менен Рябушкин жана анын жан-жөкөрлөрү “Вечерний Бишкек” жана “Рубикондун” кеңселерине келип кире албай турганын билдиребиз. Басылма жамааты буга жол бербейт” деп айтылат кайрылууда.

Ал эми Бишкек шаардык сотунун чечими менен “Рубикон” рекламалык компаниясынын 50 пайыз акциясынын кожоюну деп табылган Александр Рябушкин буларга токтолду.

Александр Рябушкин
Александр Рябушкин

- Негизи прокуратура сотко бул акцияларды эчак эле камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. Ошондуктан, “Вечерний Бишкектин” азыркы жетекчилиги аны камактан чыгаруу өтүнүчүн жолдоп, ишти жөн гана создуктурууну каалап жатат. Анткени, биз соттун чечиминин негизинде акциялар боюнча ишти баштоону каалап жатканбыз. Ал эми басылманын жамаатындагы айрым адамдар ар кыл дооматтарды коюу менен, мага таандык мыйзамдуу акцияларды кайтарып бербөөнүн айласын көрүп жатат. Мен акырына чейин аракет кылам. Анткени бул нерсе мен үчүн абдан маанилүү.

“Вечерний Бишкектин” айланасындагы чыр былтыр күзүндө башталган. Басылманын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган.

Александр Рябушкин ошондой эле сотко дагы бир арыз менен кайрылган. Ал арызында Рябушкин "он беш жылга жакын мыйзамдуу үлүшүмдү бербей келген" деп “Вечерний Бишкектин” кожоюну Александр Кимден 15 миллион доллар доо талап кылууда. Учурда бул арыз дагы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

Мындан соң басылма президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, басылманы рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.

Бирок Фарид Ниязов бул ишке эч тиешеси жок экенин айтса, Илмиянов курулай каралоо жүрүп жатканын билдирип, бул кайрылуудан соң өз арызы менен кызматынан кеткен.

Эркин Мамбеталиев
Эркин Мамбеталиев

Эркин Мамбеталиев болсо кадыр-баркыма шек келтирди деп, “Вечерний Бишкекти” сотко бергени айтылууда. Бул маалыматты Мамбеталиевдин өзүнөн тактоого мүмкүн болгон жок.

Бирок «Вечерний Бишкек» интернет порталынын редактору Дина Маслованын айтымында, мындай арыз Мамбеталиевдин атынан Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөн:

- Биздин кайрылуубуздан бир жума өткөн соң 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна Эркин Мамбеталиевден арыз келип түшкөн экен. Анда биздин басылма анын кадыр-баркына шек келтиргени айтылган экен. Бул ишти аталган сот карап, бирок биздин гезиттин жайгашкан жери боюнча Свердлов райондук соту караш керек деп, ал жакка жибериптир.

Эксперттер болсо чатак ырбап, чиеленишип кеткенин айтышууда. Медиа эксперт Акмат Алагушовдун пикиринде, бул маселени абдан тыкыр иликтеп, укуктук баа берүү зарыл болуп турат:

- Албетте, “Вечерний Бишкек” өлкөнүн медиа айдыңындагы альтернативдүү маалымат берген ири оюнчулардын бири. Учурда анын айланасындагы ишке саясат да аралашып кетти окшойт. Ошондуктан, муну жакшылап иликтеп, юридикалык кандай баа берилгенин күтүш керек. Алдыда Жогорку Сот бар, анын жыйынтыгын күтүү керек болуп турат.

Президент Алмазбек Атамбаев “Вечерний Бишкектин” кайрылууларында айтылгандарды текшерип чыгууну тапшырган. Өткөн апта аягында Башкы прокуратура териштирүү жүргүзүп, жогоруда айтылган айыптоолор негизсиз деген бүтүм чыгарганы белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG