Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Дүйнөнү кыдырган түгөйлөр Кыргызстанда


Кыргызстанда визасыз каттамдын ишке киришине жакында бир жыл толот. Кыргызстанда 44 өлкөнүн жарандарына визасыз жүрүүгө уруксат берген мыйзам күчүнө киргенден бери эмне өзгөрдү?

“Азаттык” дүйнө жүзүн велосипед тээп кыдырып жүргөн жана Кыргызстанга келген түгөй менен биздин өлкөдөгү туризмдин келечеги тууралуу маектешти.

Австриялык Астрид Фишер жана германиялык Герд Мюллер бир жыл мурун жер жүзүн велосипедде кыдыруу үчүн Германиядан чыгышкан.

Астрид: Биз сапарыбызды Австриядан баштаганбыз. Хорватия, Албания, Түркия, Грузия, Азербайжанды велосипедде кыдырдык.

Каспий деңизин кемеде сүзүп өтүп, кайра сапарыбызды Казакстанда уланттык. Казакстандан Өзбекстанга барып, ошентип Кыргызстанга келип калдык.

Кыргызстандан Кытайга барганбыз, бирок ооруп калып, кышты Бишкекте өткөрөлү деп чечтик.

Герд: Эми Кыргызстандан сапарыбызды уланталы деп жатабыз. Мындан ары Кытай, Лаос, Камбоджа, Вьетнам жана башка өлкөлөрдү кыдырмакчыбыз.

Астрид жана Герд Кыргызстанды Ош-Сары-Таш-Иркештам каттамы аркылуу кыдырышкан. Ошто болушуп, андан соң Бишкекке келишкен.

Герд: Кыргызстанда эң эсте калган жай – бул Ысык-Көл болду. Ушунчалык кооз жер экен! Биринчи жолу атка миндик. Немистер отурукташкан Ротфронт айылына барып келдик.

Астрид: Мен орус тилин үч айда үйрөнүп, бул жердеги мектептерде немис тили боюнча сабактарды өткөргөнгө жардамдаштым.

Австриялыктар каржылаган "SOS-Киндердорф" балдар айылына бардык, ал жакта Назми деген төрт жашар кызга өкүл ата жана өкүл эне болдук. Мындан ары Назминин жашоосунан кабар алып, жардам берип турабыз.

Визасыз каттам Бишкекти Борбор Азиянын транзиттик түйүнүнө айлантууда.

Герд: Велосипед менен саякаттаганда ар дайым виза көйгөйү чыгат. Биз сапарга чыкканда Кыргызстанга визаны акча төлөп алышыбыз керек болчу. Өзбекстанга визаны Стамбулдан даярдадык. Германиядан Казакстан жана Азербайжанга визаларды жасаттык. Саякатчылардын арасында Кыргызстан өтө белгилүү, себеби ушул жерден Кытайга виза жасоо ыңгайлуу.

Астрид: Биз үчүн Кыргызстанга виза керек болбой калганы өтө ыңгайлуу болду. Ооруп калганда Кытайдан ошондуктан Бишкекке кайттык. Мисалы, башка туристтер деле Борбор Азияга келгиси келсе, дароо визаны талап кылбаган Кыргызстанды тандайт.

Кыргызстанда шарт барбы?

Астрид: Кыргызстан туризмди өнүктүрө алат. Ушунчалык кооз жайларды эч жерде жолуктурбадык! Бирок бул массалык туризм болбойт. Орточо туристти алсак, алар суунун жээгине же дагы башка жайларга барышат. Бирок ошол эле учурда жаңы бир нерселерди көргүсү келген туристтер өтө көп. Кыргызстан ошолорду кызыктыра алат.

Астрид жана Герд азыр Кашгарда жүрүшөт. Герд мурда каржылык ири компанияда иштечү, бирок бир күнү баарынан чарчап, дүйнөнү көрүүнү чечкен.

Астрид болсо жогорку окуу жайды бүтөөрү менен саякатка чыккан. Экөө тең эч кандай деле өзгөчө даярдыктан өтүшкөн эмес. Ар бир шаардын картасы жанында, акча өтө деле көп сарпталбайт. Кээде бир үй-бүлөдө, кээде өздөрү алып жүргөн чатырда түнөшөт.

Астрид жана Герддин эч кандай буюмдары же Германияда аларды күтүп турган үйү жок – баары жанында.

Кыргызстандын өзүндө да велоспорт жанданып баратканы байкалат. Өткөн жылдын август айында Бишкектен Ысык-Көлгө дейре “Ысык-Көл Гран-при 2012» велотуру өтүп, ага мурдагы президент Роза Отунбаева да катышкан. Анын уюштуруучулары быйыл да бүт өлкө боюнча ушундай велотур өткөрүүнү пландаштырып жатышат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG