Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан 363 миң кыргызстандык жарандын ушу тушта 2 миңге жете бербегени гана калды.

Жеңиш аянтына таң эрте эле келген согуштун жана ооруктун ардагерлери майдан ырларын созолонтуп жатышты. Алды кыйла эңкейип калса да, көздөрүнөн учкун чачыраган карыялар коюн-колтук алышып, бакытка бөлөнүп турду.

Согуш ардагери, Кыргыз эл баатыры жана акыны Сооронбай Жусуев карыянын жүзүнөн нур чачырайт.

- Жеңиштин 66-жылдыгын эл менен тосуп отурам. Ошондуктан мен өзүмдү барып турган бактылуу адаммын деп эсептейм.

Эстен кетпеген каран күн
Улуу Жеңиш күнүнө арналган Бишкектеги салтанат.

Ата Мекендик согуш башталган кезде Абийпа Тыныстанова 13 жашта экен, ошол каран күн кантип башталганы эмгиче эсинен чыга элек.

- Чолпон-Атадан военкоматтан киши келип, мына согуш башталды, эми эмне кыласыңар десе, атамдар, бир тугаандарым, байкуштар бирден купайкелерин колуна алып, эч нерсеге карабай, чыгып кетишти. Бардыгы согушта өлдү. Биз көргөндү силер көрбөгүлө. Орок ордук, машак тердик, апийим отодук, суу сугарып, соко айдадык, баарын кылдык.

Абийпа Тыныстанова апанын сөзүн угуп отуруп, эски кишилердин мекенчил сезими өзгөчө курч болгонуна ынанасың. Чыңгыз Айтматовдун “Саманычынын жолу” чыгармасындагы Толгонайдын образы балким миңдеген кыргыз энелеринин биринин гана тагдырыдыр.

Майданды эске салган дасторкон

Президент Роза Отунбаева, Жогорку Кенештин төрагасы Акматбек Келдибеков жана Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов кыргызстандыктарды Жениш майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү. Кыргызстандан 363 миң адам кан майданга аттанган, 150 миңден ашык жоокер ар кандай наамдагы сыйлыктарга татыган. Алардын 22си үчүнчү даражадагы “Даңк” ордени менен, ал эми 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон.
Президент Роза Отунбаева ардагерлерди куттуктоодо. Бишкек, 9-май.

Майрамда албетте, ардагерлерге салттуу дасторкон уюштурулду. Майдандык жүз грамм, гречкадан жасалган ботко даярдалган экен.

Ардагерлердин бири Садыр Мамбеткожоев согуштагы тамак-ашты эскере кетти.

- Согуш мезгилинде мынчалык тамак берсе биз семирип кетмекпиз. Мунун төрттөн бириндейин гана берчү. Бул майлуу экен. Андагы тамактардын майы жок болот эле. Бирок майы жок болсо дагы кант салып койгондой болуп, бизге ширин болуп сезилчү.

Садыр Мамбеткожоев фашизм кулатылгандан кийин да беш жыл аскерде кызмат кылган экен.

- Андан кийин Жапония менен болгон согушка катыштым. Ошентип армиянын катарында жети жыл кызмат кылып, 50-жылы араңдан зорго өзүмдүн элиме келдим.

Жаштар Жеңиштин баасын билеби?

Ардагерлерди ээрчип небере-чөбөрөлөрү жүрөт. 8-класстын окуучусу Улукбек аталардын эмгегине таазим этиш керек деп жатат.

- Бизге тынчтык жашоону алып келген Ата Мекендик согуштун ардагерлери. Ушул тынчтык жашоодо жашап жатканыбызга рахмат айтып, ошолорго терең тааазим этишибиз керек.
Улуу Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад, Бишкек, 9-май, 2011.

Анткен менен кийинки муун Ата Мекендик согуштун сабактарын эсинен чыгарып, тынчтык, бейпилдик сыяктуу дөөлөттөрдүн, мекенге болгон сүйүнүн маани-маңызын элес албай калганын да айтып жатышат.

Согуш ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров мындай деди:

- Бул майрамды түшүнбөгөн жаштар эч нерсени түшүнбөйт. Кыргызстанда тынчтык гана болуш керек. Жаштар жалаң өлкөнү, экономиканы, маданиятты өнүктүрүш үчүн эмгектениш керек. Мына ушуну түшүнгөндө гана биздин жаштарыбыз, өлкөбүз, республикабыз гүлдөйт.

Жыл өтө ардагерлер саны кескин кыскарып баратат. Быйыл алардын катары 2 миңге да жетпей калыптыр. Ар бир ардагердин дүйнө салышы менен бүтүндөй бир тагдыр, тарых кошо жок болууда.

Тасмада: Улуу Жеңиштин 66 жылдыгына арналган Бишкектеги салтанат

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG