Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Ош: ардагерлердин көйгөйлөрү талкууланды


Ош облусунун жети районунан чогулган согуш ардагерлери Жеңиш салтанатын президенттин түштүк резиденциясында белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу, аларды унаа жана турак-жай менен камсыздоо маселелери көтөрүлдү.

Ноокаттык согуш ардагери Абдиваит Тажибаев анын майдандаштары ушул тапта олуттуу көйгөйлөрдөн куру эместигин, маселелерди жайгаруу үчүн өлкө стабилдүүүлүккө жана ынтымакка өтө муктаждыгын белгиледи.

- Өкмөт ошондо гана ардагерлерге колунан келген жардамын аябайт деп ишенем. Албетте азыр бийликке чындап эле кыйын болуп атат. Ошентсе да биздин пенсиябызды жок дегенде 15 миң сомдон кемитпеш керек. Мына Орусияны көрүп атасыздар. Согуш ардагерлеринин пенсиясын 2,5 эсе көтөрдү эле, ай сайын 27 миң рублден ашык пенсия алып жатышат.

Буга улай Орусия Ата мекендик согуштун катышуучуларын быйыл 100 пайыз турак-жай менен камсыз этүүнү ниет кылууда. Бизде, көрүп атасыңар, үйгө муктаждык али чечилчүдөй эмес. Бекер транспорт жөнүндө кеп кылбай эле койсом.

Атактуу панфиловчу, согуштун эң катаал майданында салгылашкан Мухтар Нургазиев отургандардын баарын жашытты:

- Талаанын бети, токойдун ичи жаш балдардын, кырчындай жоокерлердин, келин-кесектердин жана кемпир-чалдардын өлүктөрүнө толгону эмдигиче эсимден кетпейт. Аларды 20-30дан топтоп, казылган чуңкурларга айласыздан көмүп, өзүнчө дөңсөөгө айлантып жаттык...

Мухтар Нургазиев бийлик ар дайым эл пикири менен сөзсүз эсептешип туруусу өтө зарылдыгын баса белгиледи:

- Жаңы бийликке бир жылча асылбай, иштетип көрбөйлүбү. Ошондо гана булардын дарамети даана билинет. Ага жеткирбей эле андай-мындай дей берсек эч ким иштебейт. Баарыбыз адам баласы эмеспизби, нерв чыдабай калат. Капа болушат да, жумушун таштап басып кетип калышат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коюшум парз: жаңы келген бийлик башы сергек, жүрөгү жана колу таза болсун! Эгерде ушундайлар биригип эмгектенишсе, өлкөбүз тезирээк нукка түшүп, батыраак өнүгөт.

Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков 1945-жылдын 9-майындагы жеңиш өтө чоң кыйынчылыктар менен кайткандыгын белгиледи:

- Бул алааматта Советтер Союзунан 27 миллион адам курман болду. Дүйнө жүзү боюнча 50 миллиондон ашуун киши окко учту. Ошонун ичинен Ош облусунан 85 миң адам өз эрки менен жоого каршы аттанып, анын жыйырма беш миңден ашууну Ата Журтуна кайтпай калды. Эгерде ушул Жеңиш болбогондо, Советтер Союзунун тагдыры таптакыр башка нукка бурулмак. Мына, биз, Кыргызстан канчалык талашып-тартышсак дагы мамлекет катары өзүнчө түтүн булатып келатабыз. Дал ушуга согуш ардагерлеринин кошкон салымы абдан чоң деп эсептейм.

Губернатор Сооронбай Жээнбеков сөз арасында борбордук жана жергиликтүү бийликтер согуш ардагерлерине камкордукту мындан ары ого бетер күчөтөөрүн кошумчалады.

Кепти улаган өкмөт төрагасынын орун басары Ибрагим Жунусов ардагерлердин бүгүн кабыргасынан коюп жаткан талаптары жалпы жонунан жөндүү экендигин белгилеп, өкмөт бул маселелерди чукул арада жайгараарын убада кылды.

- Ошол кандуу согушка аттанган кыргызстандыктардын 130 миңи үйүнө кайткан жок. Ушул тапта өлкөбүздүн булуң-бурчунда үч миңге жетпеген ардагерлерибиз калды. Дал ошол согуштун кандай кыргын жана апаат экенин билбегендер былтыр Ошто июнь коогалаңын уюштурушту. Ошол кыргынды да токтотконго ушул ардагерлер өтө чоң салым кошушту.

Балким, эсиңиздерде бардыр, былтыр Жеңиштин 65 жылдыгына карата согуш ардагерлеринин ар бирине 5 000 сомдон таркатканбыз. Быйыл өкмөт аны он миң сомго чыгардык.

Буга улай чоң шаарларда турак-жай маселеси туруктуу чечилип жатат. Маселен, Бишкек шаарында 65 согуш ардагерин батир менен камсыз эттик. Ошто да бирин-экин маселе чечилип жатат.

Мындан ары өлкөбүздө тынчтык болуп турса, республикабыз илгерилөө жолунан тайбаса, жакынкы жылдарда согуш ардагерлерин барктап, баарынын толук кадырына жетебиз го деп үмүттөнөм
.
XS
SM
MD
LG