Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, 89 жаштагы Талиб Рахимов эки буту иштебей калганына карабай, табыпчылык өнөрүн таштабай келет.

Талиб аксакал Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде неберелери менен күн кечирет.

“Токойдо калган досум түшүмө кирет”

“18 жашымда согушка аттангам. Алгач Уфа шаарына жакын Туймазы деген калаада салгылашуунун сырларын үйрөндүк. Мылтыкты кантип кармайт, курал жок учурда кантип коргонуу керектигин ошол жерде үйрөтүштү.

Андан соң Украинага кеттик. Ал жакта согуш жүрүп жаткан. Украинанын талааларында эки жыл душман менен салгылаштым. 1943-жылдын аягында бутума ок тийип, оор жаракат алдым. Бир топ убакыт госпиталда дарыланып, майнап чыкпаган соң, Мекениме кайткам. Ошондон бери экинчи топтогу майып болуп жүрөм.

Кыйынчылыктын эмне экенин ошол жакта билдим. Ага чейин жаш болгонум үчүнбү, айтор "кыйынчылык" деген сөздүн маанисин түшүнчү эмесмин. Бомбанын жарылышы нары турсун, мылтыктын да үнүн укпай чоңойгонум үчүн согуш талаасына кирген алгачкы күндөрдө аябай кыйналдым. Жардыруунун, мылтыктын үнү кулагыбызга сиңип да калды…

Жанымда кетип жаткан шеригиме ок тийсе, аны таштап коюп согушту уланта алган эмесин. Кыйынчылыкка карабай, жаракат алган же өлгөн шеригимди четке алып чыгып, керектүү жардамды берип, андан ары согушка кирип кетчүмүн.

Бир жолу аябай катуу салгылашуу болуп жаткан учурда жанымда бараткан казак жигитке ок тийип, жыгылып калды. Воронежге жакын аймак болчу. 1943-жылдын ортолору эле. Жыгылып калган шеригимди токойдогу дарактардын арасына алып кирип, жашырып коюуга аракет кылдым. Бирок душмандар жакындап калып, алар менен салгылашууга туура келди. Ошондо бутума ок жедим.

Госпиталдан чыгып, жанагы жыгылып калган казак баланы издедим. Бирок тапкан жокмун. Азырга чейин ошол шеригимди көп эстейм. Токойдо калган досум кээде түшүмө кирет…"

"Нааразы болгон эмеспиз"

"Мен пулеметчулар взводунун командири болуп да жүргөм. Согушка жараксыз болуп, Мекениме кайткандан кийин талаа жумуштарына жардам берип, согуштагылар үчүн буудай өстүрдүк.

Ал кезде эркектин баары согушта. Талаада улгайган кишилер, аялдар, балдар жана мен сыяктуу майыптар иштечү элек. Өзүбүз тойбосок да, согушта жүргөндөр кыйналбасын деп, бар күчүбүздү талаага жумшадык. Эч качан нааразы болгон эмеспиз.

Жеңишке жетиш үчүн оорукта туруп салым кошушубуз керектигин 10 жаштагы бала деле түшүнөт болчу… Бизди биримдик гана жеңишке жеткирди… Согуш бүтүп, тынччылык заман келгенден кийин айдоочулук менен алектене баштадым. Ош жана Өзгөндөгү автобазада жүк ташуучу унааларды айдадым".

"Наалыгандарды көрүп, уялам"

"Азыр коммуналдык төлөмдөргө берилчү каражатты жана башка жеңилдиктерди эсепке алганда, 15 миң сом пенсия алам. Ушунусуна шүгүр. Шаардын ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн үчүнчү кабатында эки бөлмөлүү батирде неберелерим менен жашайм.

9-май, 2012-жыл, Ош шаары

9-май, 2012-жыл, Ош шаары

Эки жыл мурун кышында тайгаланып жыгылып, эки бутум иштебей калды. Ошондон бери төшөктө жатам. Бирок эч качан наалыбайм. Пешенеге жазганы ушул экен. Жаш кезимден эле наалыганды жактырбайм. Азыр айрымдар айтып калышат – ардагерлерибиздин саны азайып баратат, аларга жетишээрлик көңүл бурулбай жатат деп. Кудайга шүгүр, көңүл бурулуп эле турат. Менден дайым кабар алышат. Жакында эле бир топ мектеп окуучулары келген. Мэриядан келип турушат.

Мен бир нерсеге таң калам. Наалыганды жакшы өздөштүрүп алыптырбыз. Нааразы болгондон пайда жок. Жакшы жашаш үчүн аракет гана кылыш керек. Негедир акыркы жылдары телевизор да көргүм келбей калды. Себеби жалаң нааразы болгондорду көрсөтүшөт. Ошол наалыгандардын ордуна өзүмдү коюп, алар үчүн уялып да кетем. Өзүңдөгү кемчилик, же аткара албай калган жумуш, жете албай калган максат үчүн башкаларды күнөөлөө илдети күчөгөнүнө капамын. Мен азыр ордуман козголо албайм, бирок ушуга да шүгүр кылып жашайм…"

"Чөптүн касиетин билгендер оорубайт"

Көп жылдан бери табыпчылык менен алектенем. Ата-бабаларым табып болгон. Ошолордун жолун улап келем. Чөптөрдөн дары даярдайм. Негизинен ички ооруларды айыктыруу менен алектенем. Мурда дары чөптөрдү өзүм эле терип келчүмүн. Азыр эми неберелерим жардамдашат. Алар терип келишет, мен дары жасайм.

Биздин жаратылышыбыз дары чөптөргө аябай эле бай. Аларды пайдалана билүү керек. Эгер аны баары пайдалана, чөптүн касиетин билишсе, эч ким оорубайт болчу. Мага Бишкектен да кишилер келип турушат. Кудайдын кудурети жана ата-бабамдан алган билимим менен дарылайм. Азырынча келген оорулуулардын ичинен нааразы маанайда кеткени боло элек…

Өзүм Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Жалакудук деген райондо туулгам. Согушка ошол жактан аттангам. 1950-жылдары жумушка байланыштуу Кыргызстанга өтүп, туруктуу жашап калдым. 11 балам бар. 7 уул, 4 кыз. Алардын баары үйлүү-жайлуу болушкан.

Кара-Сууда чоң үйүм бар. Бирок ал жакта жашабайм. Ден соолугума байланыштуу өкмөттүн эки бөлмөлүү кабаттуу үйүн тандагам. Бул үй кышында аябай суук. Себеби жылуулук берилбейт. Анын да айласын таап, үйдү газ менен жылытуучу меш сатып алдым. Өкмөткө жүгүмдү арткым келбеди. Жашоодо эмнеге жетишкен болсом, баарын өз күчүм менен жасадым…”
XS
SM
MD
LG