Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Майданда жана абакта өткөн жаштык


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө жашаган 95 жаштагы Таштан Ташболотов карыя карель-фин согушуна катышкан.

Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда генерал Власовдун армиясынын катарында болгон. Көп өтпөй немистерге туткунга түшкөн. Андан чыккандан кийин аскер трибуналынын өкүмү менен он жылга түрмөгө кесилип, 1953-жылы мунапыс алган. Мекенинен сырт жакта он төрт жыл жүргөндө жакындарына анын өлгөнү тууралуу үч жолу кара кагаз келген.

Таштан Ташболотов карыя 1939-жылы мектепти аяктар замат аскерге алыныптыр. Казакстандын Кызыл-Ордо калаасында даярдыктан өткөн соң, башка куралдаштары менен бирге Балтика боюндагы чек арага салынып, фин согушуна катышат. Үч жылдык аскердик мөөнөтүн бүтүп, мына-мына үйгө кайтам деп турганда, гитлердик Германия кол салып, майданда кала берген экен:

- 1939-жылы 17-сентябрда айылдан аскерге кеткем. Москвада кырк күн тургандан кийин декабрда Финляндия менен уруш башталып кетти. Кыш мезгили, суук 60 градуска чейин жетет. Станковой пулеметчу болгом. Анан Латвияда, Литванын Вильнюсунда, Польшанын Радом деген шаарында, чек араларда кызмат кылып жүрдүм. Үч жыл кызмат өтөп бүтүп, кийим-кечемди даярдап, үйгө кетем деп турганда, 1941-жылы 22-июнда согуш башталып калды. Ошондон кийин туткунга түштүм.

Андрей Власов
Андрей Власов
Карыя ошол күндөрдү көзүнө жаш ала эстеп, эчкире ыйлап да турду. 1941- жылдын августунда генерал Власовдун армиясынын 172-полку да курчоодо калат. Генерал Власовдун өз ыктыяры менен фашисттерге өтүп кетип, армиясындагы 20 миң жоокер душманга аргасыз туткун болгону тарыхтан белгилүү. Туткунда жүргөндө Таштан аксакал да ач-жылаңач болуп, кыйла азапты тарткан экен:

- Ошол Власов деген командачы генералыбыз бизди сатып ийип, өзү ал жакка өтүп кетти. Биз солдаттар эмне кылаарыбызды билбей, кайда бурулсак да немисче буйрукту угуп турдук. Мылтыктын учу менен сайышып, иттерине талатып, кыйнап, аябай азап тарттырышты. Кийин колонияга айдады. Картошка дегенден жүз тоннаны төгүп салышты, туз бар, нан жок. Ач-жылаңач калдык. Немистин колунда туткунда он бир ай жүрдүм.

Ошентип советтик жоокерлер душмандардан кыйла убакыттан кийин качып чыгат. Жолдо баратып советтик армиянын колуна түшөт. Качкындар душманга атайылап багынбаса да, "чыккынчы" атка конот. Ушундай айып менен аскер трибуналынын өкүмү аркылуу түрмөгө кесилгендердин арасында Таштан аба да болот:

- Качып чыгып, Ростовго, андан Ставрополго, кийин Краснодарга келгенибизде он бир солдат кайра колго түштүк. Бизди Москвага алып барып суракка алышты, “буларды атыш керек” дешти. Мени он жылга кесишти, Горький облусунда жети жыл отурдум. Согуш бүткөн, биз саперлордун ротасында жүрдүк. Кайсы жерде көпүрө бузулган болсо, ошол жерди оңдойбуз...

Ошентип ал 14 жыл бою эл-жеринен четте жүрөт. Бул аралыкта анын өлгөндүгү тууралуу кара кагазды үч жолу алган ата-энеси күдөрүн үзгөн экен. Таштан аксакалдын айтымында, жакындары анын арбагына куран түшүрүп, айт-жылдыгын өткөрүп, ал эми тынбай ыйлай берген энеси азиз болуптур. 1953-жылы август айында чыккан мунапыс менен түрмөдөн бошотулуптур:

- 1953-жылы март айында Сталин өлгөн. Ошондо мен амнистияга кошулуп калыптырмын. Ошентип орус жеринде ары-бери он беш жыл жүрүптүрмүн, согушта жети жыл болупмун. Ал маалда почточу үйгө “өлгөн, туткунга кеткен” деген кара кагаздарды алып келе бериптир. Үйдөгүлөр менин кайда экенимди сурап, кайра жазып турушуптур. Ошентип өлбөй келдим, 1953-жылдын август айында.

Карыя майданда эки жолу жарадар болгон. Азыр 85 жаштагы байбичеси менен убактылуу үйдө жашайт. Алардан бир көчөлөш небереси кабар алып турат. Аксакал 8 уул-кызынан 45 небере, 55 чөбүрө көргөн. "Улуу Ата Мекендик согуш" деген ордени жана 15ке жакын медалы бар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG